పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - కిర్గిజ్ అనువాదం - అల్ ఖుర్ఆన్ అల్ కరీమ్ సంక్షిప్త వ్యాఖ్యానం

పేజీ నెంబరు: 87:77 close

external-link copy
60 : 4

أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ يَزۡعُمُونَ أَنَّهُمۡ ءَامَنُواْ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ وَمَآ أُنزِلَ مِن قَبۡلِكَ يُرِيدُونَ أَن يَتَحَاكَمُوٓاْ إِلَى ٱلطَّٰغُوتِ وَقَدۡ أُمِرُوٓاْ أَن يَكۡفُرُواْ بِهِۦۖ وَيُرِيدُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَن يُضِلَّهُمۡ ضَلَٰلَۢا بَعِيدٗا

Оо, элчи, сага жана сенден мурдагы пайгамбарларга түшкөн нерсеге ишендик деп жалган айтышкан яхудилердин эки жүздүүлөрүн көрдүңбү? Алар иштеринде Аллахтын шарияты эмес, адамдар каалаган нерсе менен өкүм кылууну каалашат. А чыны, алар мындайдан баш тартууга буйрулган эле. Шайтан аларды эч туура эолго түшө албай тургандай кылып чындыктан алыстатууну каалайт. info
التفاسير:

external-link copy
61 : 4

وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ تَعَالَوۡاْ إِلَىٰ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ وَإِلَى ٱلرَّسُولِ رَأَيۡتَ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ يَصُدُّونَ عَنكَ صُدُودٗا

Бул эки жүздүүлөргө, келгиле, Аллах Таала китебинде түшүргөн өкүмдөргө жана Аллахтын элчисине кайталы, силердин талашыңарга туура өкүм чыгарып берсин деп айтылса, алардын сенден толук баш тартып, башка өкүм чыгаруучуга кеткенин көрөсүң info
التفاسير:

external-link copy
62 : 4

فَكَيۡفَ إِذَآ أَصَٰبَتۡهُم مُّصِيبَةُۢ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡ ثُمَّ جَآءُوكَ يَحۡلِفُونَ بِٱللَّهِ إِنۡ أَرَدۡنَآ إِلَّآ إِحۡسَٰنٗا وَتَوۡفِيقًا

Жасаган күнөөлөрүнүн себебинен экү жүздүүлөрдүн башына балээ келсе, абалдары кандай болот? Эй, элчи, кийин алар сага келип, сенден башкадан өкүм суроо менен жакшылыкты жана талашуучуларды бириктирүүнү каалаганбыз деп, үзүр-себебин айтып ант ичишет (беришет) Алар ушунтип жалган айтышат, чыны, жакшылык Аллах Таала пенделерине шарият кылган өкүмдөрдө info
التفاسير:

external-link copy
63 : 4

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ يَعۡلَمُ ٱللَّهُ مَا فِي قُلُوبِهِمۡ فَأَعۡرِضۡ عَنۡهُمۡ وَعِظۡهُمۡ وَقُل لَّهُمۡ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ قَوۡلَۢا بَلِيغٗا

Аллах Таала алардын жүрөгүндөгү эки жүздүүлүгүн жана жаман ниеттерин билет. эй, элчи, аларды ташта, алардан жүз бур, аларга Аллахтын өкүмүн кызыктырып, эскертип, жан-дүйнөсүн сиңе тургандай жеткиликтүү кылып айт info
التفاسير:

external-link copy
64 : 4

وَمَآ أَرۡسَلۡنَا مِن رَّسُولٍ إِلَّا لِيُطَاعَ بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَلَوۡ أَنَّهُمۡ إِذ ظَّلَمُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ جَآءُوكَ فَٱسۡتَغۡفَرُواْ ٱللَّهَ وَٱسۡتَغۡفَرَ لَهُمُ ٱلرَّسُولُ لَوَجَدُواْ ٱللَّهَ تَوَّابٗا رَّحِيمٗا

Ар бир жөнөтүлгөн пайгамбарды Аллахтын каалоосу жана тагдыры менен Аллахка баш ие турган кылып жөнөттүк. Эгер тиги эки жүздүүлөр күнөөлөрү менен жанына зыян келтиргенден кийин сага келип, кылгандарына өкүнүп, тообо кылышканда жана аларга кечирим тилөөнү суранышканда, анда алар Аллах Таала аларга ырайым кылып, тооболорун кабыл кылганын көрүшмөк. info
التفاسير:

external-link copy
65 : 4

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤۡمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيۡنَهُمۡ ثُمَّ لَا يَجِدُواْ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ حَرَجٗا مِّمَّا قَضَيۡتَ وَيُسَلِّمُواْ تَسۡلِيمٗا

Иштин жайы тиги эки жүздүүлөр ойлогондой эмес. Аллах Таала бул жерде Өзүнүн улуулугуна ант берип, алар бардык талаштуу иштеринде пайгамбардын көзү тирүүсүндө аны өкүм чыгаруучу кылмайынча, көзү өтүп кеткенден кийин анын шариятын өкүм чыгаруучу кылмайынча жана пайгамбардын өкүмүнө ыраазы болмоюнча, жүрөктөрүндө ага карата эч бир жек көрүү, шек-күмөн калтырбай, ичи-сырты менен толук ишенип өздөрүн тапшырмайынча, аларды чыныгы ыймандуу болушпайт. info
التفاسير:
ఈ పేజీలోని వచనాల ద్వారా లభించే ప్రయోజనాలు:
• الاحتكام إلى غير شرع الله والرضا به مناقض للإيمان بالله تعالى، ولا يكون الإيمان التام إلا بالاحتكام إلى الشرع، مع رضا القلب والتسليم الظاهر والباطن بما يحكم به الشرع.
Аллахтын шариятынан башка өкүм чыгаруу жана ага ыраазы болуу Аллахка болгон ыймандын кемчилиги. Качан гана шариятты өкүмдар кылып, ага жүрөгү менен ыраазы болуп, шарият өкүм кылган нерсеге ичи-тышы менен баш ийип өзүн тапшырганда адам дын ыйманы толук болот. info

• من أبرز صفات المنافقين عدم الرضا بشرع الله، وتقديم حكم الطواغيت على حكم الله تعالى.
Эки жүздүүлөрдүн эң жаман сыпаты Аллахтын шариятына ыраазы болбогондугу жана шайтанга азгырылгандардын өкүмүн Аллахтын өкүмүнөн алдын койгондугу info

• النَّدْب إلى الإعراض عن أهل الجهل والضلالات، مع المبالغة في نصحهم وتخويفهم من الله تعالى.
Насыят айтуу, Аллахтан коркууну эскертүү ар кылуу илимсиздерди жана адашуучуларды ээрчүүдөн баш тарттыруу зарыл. info