పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - కిర్గిజ్ అనువాదం - అల్ ఖుర్ఆన్ అల్ కరీమ్ సంక్షిప్త వ్యాఖ్యానం

పేజీ నెంబరు:close

external-link copy
177 : 2

۞ لَّيۡسَ ٱلۡبِرَّ أَن تُوَلُّواْ وُجُوهَكُمۡ قِبَلَ ٱلۡمَشۡرِقِ وَٱلۡمَغۡرِبِ وَلَٰكِنَّ ٱلۡبِرَّ مَنۡ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ وَٱلۡكِتَٰبِ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ وَءَاتَى ٱلۡمَالَ عَلَىٰ حُبِّهِۦ ذَوِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينَ وَٱبۡنَ ٱلسَّبِيلِ وَٱلسَّآئِلِينَ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَأَقَامَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَى ٱلزَّكَوٰةَ وَٱلۡمُوفُونَ بِعَهۡدِهِمۡ إِذَا عَٰهَدُواْۖ وَٱلصَّٰبِرِينَ فِي ٱلۡبَأۡسَآءِ وَٱلضَّرَّآءِ وَحِينَ ٱلۡبَأۡسِۗ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ صَدَقُواْۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُتَّقُونَ

Аллах ыраазы болгон жакшылык – жүзүңөрдү жөн гана чыгышка же батышка буруп жана ал тууралуу талашып-тартышуу эмес, чыныгы жакшылыктын баары – Аллахты жалгыз кудай деп ыйман келтирген, кыямат күнүнө, бардык периштелерге, түшүрүлгөн бардык китептерге, бардык пайгамбарларга аларды бөлүп-жарбастан ыйман келтирген, мал-мүлктү жакшы көрүп, өзү каалап турса да аны жакын туугандарына, балагатка жетпей атасын жоготкондорго, муктаждарга, мекенинен жана үй-бүлөсүнөн алыста жүрүп, муктаждыктан улам адамдардан жардам сурашка аргасыз болгон бейтааныш жолоочуларга сарптаган, мал-мүлкүн кулдарды кулчулуктан жана туткундан бошотууга жумшаган, намазды Аллах буйругандай толук деңгээлде окуган, парз зекетти берген, ортодо келишкен келишимди аткарган, жакырчылыкка, кыйынчылыкка жана ооруга сабыр кылган, согуш күч алганда качып кетпеген адамдарда. Мына ушундай сыпаттарга ээ болгон адамдар – ыйманында жана иш-аракеттеринде Аллахка чынчыл болгондор жана алар Аллах буйруган нерселерди аткарып, Анын тыйгандарын таштаган такыбалар. info
التفاسير:

external-link copy
178 : 2

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُتِبَ عَلَيۡكُمُ ٱلۡقِصَاصُ فِي ٱلۡقَتۡلَىۖ ٱلۡحُرُّ بِٱلۡحُرِّ وَٱلۡعَبۡدُ بِٱلۡعَبۡدِ وَٱلۡأُنثَىٰ بِٱلۡأُنثَىٰۚ فَمَنۡ عُفِيَ لَهُۥ مِنۡ أَخِيهِ شَيۡءٞ فَٱتِّبَاعُۢ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَأَدَآءٌ إِلَيۡهِ بِإِحۡسَٰنٖۗ ذَٰلِكَ تَخۡفِيفٞ مِّن رَّبِّكُمۡ وَرَحۡمَةٞۗ فَمَنِ ٱعۡتَدَىٰ بَعۡدَ ذَٰلِكَ فَلَهُۥ عَذَابٌ أَلِيمٞ

Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Башкаларды атайылап жана душмандык кылып өлтүргөн адамдардын маселесинде киши өлтүргөн адамды кылмышына жараша жазалоо милдети силерге жүктөлдү. Эркин адам үчүн эркин адам, кул үчүн кул, ургаачы үчүн ургаачы өлтүрүлөт. Эгер өлгөн киши өлөрүнөн мурун кечирсе, же өлгөн адамдын туугандары кун төлөтүүгө (кун – киши өлтүрүүчү кечирим алгандыгы үчүн төлөп берүүчү белгилүү өлчөмдөгү акы) макул болуп кечирсе, анда кечирген тарап өлтүрүүчүнү кекетпестен жана ага зыян бербестен, жакшылык жолдо андан кунду талап кылсын. Өлтүргөн киши да кунду кечиктирбестен жана созбостон, жакшылык жолдо төлөп берсин. Бул кечирим жана кун төлөө – Раббиңердин силерге кылган жеңилдиги жана бул үммөткө болгон ырайымы. Ал эми ким өлтүргөн адамды кечирип, кун төлөткөндөн кийин ага кол салса, анда ага Аллах тараптан кыйноочу азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
179 : 2

وَلَكُمۡ فِي ٱلۡقِصَاصِ حَيَوٰةٞ يَٰٓأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ

Аллах силерге шарият кылган өч алууда силер үчүн жашоо бар, анткени ал кан төгүүнү жана араңардагы душмандыкты токтотот. Муну Аллах тааланын шариятына ээрчип, Анын буйругун аткаруу менен Андан корккон акыл ээлери түшүнүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
180 : 2

كُتِبَ عَلَيۡكُمۡ إِذَا حَضَرَ أَحَدَكُمُ ٱلۡمَوۡتُ إِن تَرَكَ خَيۡرًا ٱلۡوَصِيَّةُ لِلۡوَٰلِدَيۡنِ وَٱلۡأَقۡرَبِينَ بِٱلۡمَعۡرُوفِۖ حَقًّا عَلَى ٱلۡمُتَّقِينَ

Араңардан кимдир бирөөгө өлүмдүн белгилери жана себептери келсе жана артында көп байлык калтырса, анда ата-энесине жана жакын туугандарына шарият чектегендей мурас мүлктүн үчтөн биринен ашпаган өлчөмүн керээз кылуу парз кылынды. Мындай кылуу Аллахтан корккондор үчүн анык милдет. Бул өкүм мурас аяттары түшкөнгө чейин болгон. Мурас аяттары түшкөндө мураскорлордун кимисине канча үлүш берилери анык айтылган. info
التفاسير:

external-link copy
181 : 2

فَمَنۢ بَدَّلَهُۥ بَعۡدَ مَا سَمِعَهُۥ فَإِنَّمَآ إِثۡمُهُۥ عَلَى ٱلَّذِينَ يُبَدِّلُونَهُۥٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٞ

Ким керээзди билгенден кийин аны көбөйтүп же азайтып же бербей коюу менен өзгөртсө, ал өзгөрткөндүн күнөөсү керээз калтырган адамда эмес, аны өзгөрткөндөрдө болот. Чындыгында Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү, алардын абалынын эч бирин өткөрүп жибербейт. info
التفاسير:
ఈ పేజీలోని వచనాల ద్వారా లభించే ప్రయోజనాలు:
• البِرُّ الذي يحبه الله يكون بتحقيق الإيمان والعمل الصالح، وأما التمسك بالمظاهر فقط فلا يكفي عنده تعالى.
Аллах сүйгөн жакшылык ыйман келтирүү жана жакшылык иштерди аткаруу менен ишке ашат, ал эми үстүртөн гана кармануу Аллахтын алдында жетишсиз болуп эсептелет. info

• من أعظم ما يحفظ الأنفس، ويمنع من التعدي والظلم؛ تطبيق مبدأ القصاص الذي شرعه الله في النفس وما دونها.
Адамдардын жанын сактаган жана душмандыктан, зулумдуктан коргогон эң улуу иштердин бири – адамдын жаны жана андан төмөнкү нерселерге карата Аллах шарият кылган өч алуу принциптерин иш жүзүндө колдонуу. info

• عِظَمُ شأن الوصية، ولا سيما لمن كان عنده شيء يُوصي به، وإثمُ من غيَّر في وصية الميت وبدَّل ما فيها.
Керээздин маанилүүлүгү, айрыкча колунда керээз калтыра тургандай нерсеси бар адамдар үчүн, ошондой эле өлгөн адамдын керээзин өзгөртүү жана андагы нерселерди бурмалоонун күнөө экендиги тууралуу айтылды. info