[1] “Каафуур” дегени бейиштеги шарапка анын муздактыгын, жыттуулугун жана өткүрлүгүн ашырыш үчүн аралаштырыла турган өтө тунук булак. (Куртубий)
[1] Кааласа, атайын арыкчалар менен «жетелеп» бейиш бактарынын ичине алып кирип, кааласа бал, сүт жана туп-тунук суулар аккан дарыялардын жээгиндеги сөрүлөрдө жамбаштап жатып ичишет. Эгер каалашса алтындан, жакуттан жасалган сарайлардын алдына агызып барышат.
Кийинки аятта мына ушундай бейиш жыргалына кимдер арзый турганы айтылат.
[1] “Назир” бул, бир пенденин “Мен паландай ниетиме жеткеним үчүн Аллах таалага арнап түкүндөй ибадат кылып беремин” деп, өзүнө-өзү милдет жүктөшүнө айтылат. Иши оңунан келген кээ бир мусулмандар өзү каалаганча орозо кармап же намаз окуп берүүнү, же болбосо булардан башка ибадаттарды назир кылышат. Кайсы пенде Аллах таалага арнап кандайдыр назир кылса, аны албетте аткарышы – парыз.
[1] Чыныгы мусулмандар жетимдердин малын баса калып жебейт. Кайра аларга өз жанынан каражат кылып, өзү сүйгөн тамактардан жедирет. Ошондой эле, чыныгы мусулмандар согуш мезгилинде туткундарга катаал мамиле жасабайт.
[1] Жибек кийимдерди бул дүйнөдө кийүү мусулман эркектер үчүн арам. Бул текеберленип кетпесин дегендик. Ал эми, ден-соолукка байланыштуу кандайдыр бир себеп менен (маселен, котур сыяктуу жараат чыкканда) жибек кийим кийсе, буга тоскоол жок. Анткени, исламда "зарылдыктар тыюу салууларды жокко чыгарат" деген эреже бар.
[1] Бул аят бейиштеги аба-ырайы жөнүндө маалымат берет. Ал жерде өтө катуу ысык да, кычыраган суук да жок. Жан эргиткен орточо аба ырайы гана болот.
[1] Бул дүйнөдө дин-ыйманын байлык-мүлккө алмаштырбаган момундарды ал жерде Аллах таала мүлктүн түрүнө көмүп салат. Ал мүлктүн кээ бир түрлөрү жогоруда баяндалды. Кээ бирлеринин баяны кийинки аяттарда.
[1] Бул дүйнөдө Аллахтын мыйзамын кармап жашоо үчүн анча деле көп аракеттер талап кылынбайт. Булкунган напсини тыйып, ар кадамда чабуулга өтчү шайтан азгырыктарына сергек болсо эле, Шариятты кармап жашоо өтө жеңил. Адамдар убактылуу дүйнө үчүн жасаган аракеттеринин ондон бирин да Дин үчүн жумшашпайт. Көпчүлүк динчил адамдар деле “Бир аз байлык чогултуп, үй-жай курап алайын, андан кийин динге аракет кыламын” деген ой менен жашап жатышат. Алар буга үлгүрөбү?! Аллах таала болсо Куранда оболу ыйманды оңдогула андан кийин баары оңолот, асман-жерден береке эшиктери ачылат деген мааниде насаат айтат. (“Аьраф”-96) Наадан пенде дагы эле өз билгенинен калбайт.
[1] Раббинин эки түрдүү өкүмү бар: 1) Тагдырдагы өкүм. 2) Диний өкүм. Раббисинин тагдырга тиешелүү өкүмү боюнча пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын аялы, абасы, баласы жана кызы өзүнөн мурда кайтыш болгон. Буга сабырдан башка даба жок. Диний өкүмгө сабыр кылуу маселен, жихаддардын, дааваттардын оорчулуктарына, түнкү жана эрте мененки намазга туруунун оорчулугуна, Рамазан орозосунун ачкачылыгына ж.б.у.с. ибадаттардын түйшүгүнө сабыр кылуу менен болот.
[1] Каапырларды да Аллах жараткан. Алар деле Адам-Атанын урпактары. Аллах таала аларга өмүр тартуулады. Бакубат жашоого себеп боло турган акыл-эс менен күч-кубаттан да кем кылбады. Бирок, алар Аллах берген акыл-эс менен күч-кудуретти кайра Аллах тааланын жолуна каршы иштетишти. Бул жеткен кыянатчылык эле.
[2] Тарых бою Аллах таала кыянатчыл коомдордон канчасын кыйратты... Алар мекендеген жайлар башка коомдорго мурас калды. Бирок, каапырлар тарыхтан үлгү албай келе жатышат.