[1] Дин ишине тоскоол болбогон жана адамды азгырбаган шартта дүйнөнү сүйүү күнөө эмес. Күнөө – бул дүйнөнү акыреттен көбүрөөк сүйүү жана дүйнөгө азгырылып, акыретти унутуп коюу. Каапырлардын дүйнөнү сүйүүсү ушундай.
[1] Ооба. Жан алкымга тыгылып, балтырлар тыбырап калганда эң ашынган каапырлар дагы дем салуучуну издеп калышат. Бирок, эми кеч болгон! Жан оорубаган, күч-кубаттан тайбаган мезгилдерде “Кудай” деш керек эле. Алар өлүм алдында дем салуучу издегени менен, сак-саламат мезгилде “Напсиңе азгырылба, пайгамбар алып келген жолго жүр, намаз оку” десең, моюн сунбай, каапырчылыкты тандашкан.
[1] Инсаниятты жаратуудан Аллах тааланын максаты эмне эле? Бул суроого Аллах таала: “Мен (бардык) жин(дер) жана инсан(дар)ды Өзүмө гана ибадат кылуулары үчүн жараттым” - деп жооп берет. (“Заарият”-56)