పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - కిర్గిజ్ అనువాదం - షంసుద్దీన్ హకిమోవ్

పేజీ నెంబరు:close

external-link copy
88 : 7

۞ قَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ لَنُخۡرِجَنَّكَ يَٰشُعَيۡبُ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَكَ مِن قَرۡيَتِنَآ أَوۡ لَتَعُودُنَّ فِي مِلَّتِنَاۚ قَالَ أَوَلَوۡ كُنَّا كَٰرِهِينَ

Шуайбдын коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар айтышты: “О, Шуайб! Биз сени жана сени менен бирге болгон ыймандууларды шаарыбыздан (кууп) чыгарабыз же биздин динибизге кайтасыңар!” (Анда) Шуайб айтты: “Эгер биз (силердин таш-кудайларга сыйынууга чакырган диниңерди) жаман көрсөк делеби?! info
التفاسير:

external-link copy
89 : 7

قَدِ ٱفۡتَرَيۡنَا عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا إِنۡ عُدۡنَا فِي مِلَّتِكُم بَعۡدَ إِذۡ نَجَّىٰنَا ٱللَّهُ مِنۡهَاۚ وَمَا يَكُونُ لَنَآ أَن نَّعُودَ فِيهَآ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّنَاۚ وَسِعَ رَبُّنَا كُلَّ شَيۡءٍ عِلۡمًاۚ عَلَى ٱللَّهِ تَوَكَّلۡنَاۚ رَبَّنَا ٱفۡتَحۡ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَ قَوۡمِنَا بِٱلۡحَقِّ وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلۡفَٰتِحِينَ

Эгер биз, Аллах андан куткаргандан кийин, дагы эле силердин (жалган) диниңерге кайтчу болсок, Аллахка (“Анын шериги бар” деген) жалганды ойлоп тапкан болобуз го! (Жок!) Силердин диниңерге кайтуу бизге эч мүмкүн эмес! Бир гана Раббибиз – Аллах кааласа (ар нерсе мүмкүн). Анткени, Раббибиздин илими бардык нерсени камтып алган. Биз Аллахка таяндык! О, Раббибиз! Биз менен (каапыр) коомубуздун арасын акыйкаттык менен ачып (өкүм кылып) кой! Сен эң жакшы өкүм кылуучусуң!” info
التفاسير:

external-link copy
90 : 7

وَقَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ لَئِنِ ٱتَّبَعۡتُمۡ شُعَيۡبًا إِنَّكُمۡ إِذٗا لَّخَٰسِرُونَ

Шуайбдын коомундагы каапыр адамдар (байлар, уруу башчылары) айтышты: “Эгерде силер Шуайбды ээрчисеңер, анда анык зыян көрүүчүлөрдөн болуп каласыңар!”[1] info

[1] Өкүмзор (зомбу-зордукчул) адамдардын пикиринде ким алардан башкача ойлонсо “зыян тартуучу” болушат. Бирок, өздөрү жөнүндө ойлонушпайт. Качан баштарына чыныгы зыян – Аллахтын балээси келгенде гана көздөрү ачылат.

التفاسير:

external-link copy
91 : 7

فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلرَّجۡفَةُ فَأَصۡبَحُواْ فِي دَارِهِمۡ جَٰثِمِينَ

Аларга катуу жер титирөө болуп, баскан-турган жерлеринде жер менен жексен болушту! info
التفاسير:

external-link copy
92 : 7

ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ شُعَيۡبٗا كَأَن لَّمۡ يَغۡنَوۡاْ فِيهَاۚ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ شُعَيۡبٗا كَانُواْ هُمُ ٱلۡخَٰسِرِينَ

Шуайбды “жалганчы” дегендер ал жерде жашабагандай (тып-тыйпыл) болуп калышты! Шуайбдын сөзүн жалганга чыгаргандар өздөрү зыян тартуучу болду! info
التفاسير:

external-link copy
93 : 7

فَتَوَلَّىٰ عَنۡهُمۡ وَقَالَ يَٰقَوۡمِ لَقَدۡ أَبۡلَغۡتُكُمۡ رِسَٰلَٰتِ رَبِّي وَنَصَحۡتُ لَكُمۡۖ فَكَيۡفَ ءَاسَىٰ عَلَىٰ قَوۡمٖ كَٰفِرِينَ

(Кырылып бүткөн соң) Шуайб аларга далысын салып: “О, коомум! Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткирдим жана насааттар кылдым (болбой койдуңар). Эми (силерге окшогон) каапыр коомго кантип кайгырмак элем” – деди. info
التفاسير:

external-link copy
94 : 7

وَمَآ أَرۡسَلۡنَا فِي قَرۡيَةٖ مِّن نَّبِيٍّ إِلَّآ أَخَذۡنَآ أَهۡلَهَا بِٱلۡبَأۡسَآءِ وَٱلضَّرَّآءِ لَعَلَّهُمۡ يَضَّرَّعُونَ

Биз кайсы бир айыл-калаага пайгамбар жиберсек, анын элдерин тообо кылаар деп, муктаждык, оору-сыркоо менен эскертебиз. info
التفاسير:

external-link copy
95 : 7

ثُمَّ بَدَّلۡنَا مَكَانَ ٱلسَّيِّئَةِ ٱلۡحَسَنَةَ حَتَّىٰ عَفَواْ وَّقَالُواْ قَدۡ مَسَّ ءَابَآءَنَا ٱلضَّرَّآءُ وَٱلسَّرَّآءُ فَأَخَذۡنَٰهُم بَغۡتَةٗ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ

Кийин Биз жамандыкты жакшылык менен алмаштырдык. Алар (өздөрү, дүйнө-мүлктөрү) көбөйүп: “Ата-бабаларыбызды деле (ушул сыяктуу) каатчылык, оору-сыркоолор каптаган (бул – адаттагыдай эле, ар бир заманда алмашып туруучу нерселер)” - дешти. Анан Биз аларды эч нерсени сезбей (бейкапар) турган абалдарында капыстан (азап менен) кармадык! info
التفاسير: