[1] Аллахтын жардамынан бири - мушриктер “Ухуд” согушунан жеңүүчү болуп кайтаарда “Ушул бойдон кайтып кете беребизби? Ыңгайы келип турганда Мухаммадды Мадинага чейин кууп барып, акырына чейин талкалап келбейлиби?” деп масилет курушат. Бирок, Аллах дароо алардын жүрөктөрүнө коркуу салып, пикирлеринен кандай кайтканын өздөрү дагы билбей калышат. Кийинки аят ошол окуя жөнүндө.
[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам “Ухуд” тоосунун үстүнө тандалган жаачы-мергенчилерди коюп “ушул жерден жылбайсыңар” деп буйрук берген болчу. Согуш башталып, адегенде эле мусулмандар душман тобун бузуп, аларды чачырата кууп жөнөгөндө, тоонун үстүндөгү жаачылардын бир тобу “душман качты, жүргүлө биз дагы олжолуу болуп калалы” дешет. Башка бирөөлөрү “пайгамбар жылбагыла деген” - деп, талашып, акыры олжого кызыккандар басымдуулук кылып түшүп кетишет. Ал эми, ушуну гана күтүп турган буктурмадагы мушрик атчандары, тоону айланып өтүп, мусулмандарга артынан кол салышат. Ошентип, мусулмандардын алга караган жүздөрү артка бурулуп, жеңилип калышат.
[1] Бул аятта айтылган “(чоңураак) кайгы” мусулмандар арасында “пайгамбар өлтүрүлүптүр” деген суук кабардын тарап кетиши. Мусулмандар үчүн, жеңилүү, олжодон куржалак калуу сыяктуу кайгылар бул суук кабардын алдында эч капа болбой турган нерсеге айланып калды.