அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு

external-link copy
26 : 41

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَا تَسۡمَعُواْ لِهَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانِ وَٱلۡغَوۡاْ فِيهِ لَعَلَّكُمۡ تَغۡلِبُونَ

Качан каапырлар далилге далил менен жооп берүүгө алдары келбей калганда бири-бирине насаат кылып: «Силерге Мухаммад окуп жаткан бул Куранды укпагыла! Андагы айтылгандарга ээрчибегиле! Ал окуп баштаганда эле кыйкырып, ызы-чуу салып баштагыла! Балким ушундай кылуу менен аны жеңесиңер. Ошондо ал силерге окубай калат, даават да кылбай калат, анан андан кутулуп эс аласыңар» – дешти. info
التفاسير:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• سوء الظن بالله صفة من صفات الكفار.
Аллах тууралуу жаман ойлоо – каапырлардын сыпаттарынан. info

• الكفر والمعاصي سبب تسليط الشياطين على الإنسان.
Каапырлык жана күнөө кылуу – жин-шайтандардын адамга ээлик кылуусуна себеп болот. info

• تمنّي الأتباع أن ينال متبوعوهم أشدّ العذاب يوم القيامة.
Кыямат күнү ээрчиген адамдар өз башчыларына катуу азап берилишин каалашат. info