அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு

external-link copy
6 : 21

مَآ ءَامَنَتۡ قَبۡلَهُم مِّن قَرۡيَةٍ أَهۡلَكۡنَٰهَآۖ أَفَهُمۡ يُؤۡمِنُونَ

Бул сурап жаткандардан алдын өткөн бир дагы шаардын элдери ушундай аят-белгилерди алып келүүнү сурашканда аларга сураганындай алып келингенде да ыйман келтирген эмес. Алар тескерисинче аны жалганга чыгарышкан, ошондо Биз аларды кыйраттык. Эми ушулар ыйман келтиришмек беле?! info
التفاسير:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• قُرْب القيامة مما يستوجب الاستعداد لها.
Кыяматтын жакындоосу билингенден кийин – ага даярдык көрүүнү талап кылат. info

• انشغال القلوب باللهو يصرفها عن الحق.
Жүрөктөрдүн оюн-тамаша, курулай нерселер менен алек болушу – аны акыйкаттан тайдырат. info

• إحاطة علم الله بما يصدر من عباده من قول أو فعل.
Пенделердин ар бир айткан сөзү, ар бир кылган иши Аллахтын илиминен, бардык нерсени билүүсүнөн чыгып кетпейт. info

• اختلاف المشركين في الموقف من النبي صلى الله عليه وسلم يدل على تخبطهم واضطرابهم.
Пайгамбардын абалы тууралуу мушриктердин талашып тартышуусу – алардын дүрбөлөңгө түшүп, эмне кыларын билбей, тунгуюкка кептелгендигинен кабар берет. info

• أن الله مع رسله والمؤمنين بالتأييد والعون على الأعداء.
Душмандарга каршы колдоо көрсөтүп, жардам берүүдө Аллах Өзүнүн пайгамбарлары жана ыймандуулар менен бирге болот. info

• القرآن شرف وعز لمن آمن به وعمل به.
Куран – ага ишенген жана аны аткарган адам үчүн кадыр-барк жана сыймык. info