அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு

பக்க எண்:close

external-link copy
164 : 2

إِنَّ فِي خَلۡقِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱخۡتِلَٰفِ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ وَٱلۡفُلۡكِ ٱلَّتِي تَجۡرِي فِي ٱلۡبَحۡرِ بِمَا يَنفَعُ ٱلنَّاسَ وَمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مِن مَّآءٖ فَأَحۡيَا بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَا وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٖ وَتَصۡرِيفِ ٱلرِّيَٰحِ وَٱلسَّحَابِ ٱلۡمُسَخَّرِ بَيۡنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ

Чындыгында асмандар менен жердин жана алардагы кереметтүү макулуктардын жаралышында, күн менен түндүн алмашуусунда, тамак-аш, кийим-кече, соода-сатык сыяктуу жана башка адамдар муктаж болгон пайдалуу нерселерди ташып, деңиз сууларында сүзүп жүргөн кемелерде, эгиндер менен жайыттарды өстүрүп, жерди тирилтүү үчүн Аллах асмандан түшүргөн жамгыр суусунда, ал жерде тирүү жандыктарды таркатуусунда, шамалдардын бир тараптан экинчи тарапка өзгөрүүсүндө, асман менен жердин ортосунда моюн сунуучу булуттарда, мына ушулардын баарысында далилдерге акыл жүгүртүп түшүнгөндөр үчүн Аллахтын жалгыздыгына ачык-айкын аят-белгилер бар. info
التفاسير:

external-link copy
165 : 2

وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَتَّخِذُ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَندَادٗا يُحِبُّونَهُمۡ كَحُبِّ ٱللَّهِۖ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَشَدُّ حُبّٗا لِّلَّهِۗ وَلَوۡ يَرَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ إِذۡ يَرَوۡنَ ٱلۡعَذَابَ أَنَّ ٱلۡقُوَّةَ لِلَّهِ جَمِيعٗا وَأَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعَذَابِ

Ушундай ачык-айкын аят-белгилерге карабастан, адамдардын арасында Аллахтан башка кудайларды тутунган, аларды Аллах таалага теңеп, Аллахты сүйгөндөй сүйгөн адамдар бар. Ал эми ыйман келтиргендердин Аллахка болгон сүйүүсү алардын кудайларына болгон сүйүүсүнөн күчтүүрөөк. Анткени алар Аллахка эч кимди шерик кылышпайт, жыргалчылыкта да, кыйынчылыкта да Аллахты жакшы көрүшөт. Ал эми тигилер кудайларын жыргалчылык учурда гана жакшы көрүшөт, ал эми кыйынчылыкта Аллахка гана дуба кылышат. Эгерде ширк жана күнөө кылган залымдар акыретте азапка күбө болушканын көрүшкөндө, бүткүл күч-кубатка Аллах гана ээ экенин жана баш ийбестик кылгандарга Анын азабы катаал экенин билишмек. Эгерде алар муну көрүшкөндө, Ага эч кимди шерик кылышмак эмес. info
التفاسير:

external-link copy
166 : 2

إِذۡ تَبَرَّأَ ٱلَّذِينَ ٱتُّبِعُواْ مِنَ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُواْ وَرَأَوُاْ ٱلۡعَذَابَ وَتَقَطَّعَتۡ بِهِمُ ٱلۡأَسۡبَابُ

Мына ошондо ээрчиткен башчылар кыяматтагы коркунучтарды жана кыйынчылыктарды көргөндө аларды ээрчиген алсыздардан баш тартышат. Анткени алар үчүн кутулууга эч кандай себеп да, чара да калбайт. info
التفاسير:

external-link copy
167 : 2

وَقَالَ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُواْ لَوۡ أَنَّ لَنَا كَرَّةٗ فَنَتَبَرَّأَ مِنۡهُمۡ كَمَا تَبَرَّءُواْ مِنَّاۗ كَذَٰلِكَ يُرِيهِمُ ٱللَّهُ أَعۡمَٰلَهُمۡ حَسَرَٰتٍ عَلَيۡهِمۡۖ وَمَا هُم بِخَٰرِجِينَ مِنَ ٱلنَّارِ

Алсыздар жана ээрчигендер: «Аттиң, биз үчүн дүйнөгө бир жолу кайтуу мүмкүн болгондо, башчыларыбыз бизден баш тарткан сыяктуу биз дагы алардан баш тартмакпыз» – дешет. Аллах аларга акыретте катуу азапты көрсөткөндөй, башчыларын жалганда ээрчүүнүн акыбети өкүнүчтөр жана кайгы-капалар экенин көрсөтөт. Алар тозоктон эч качан чыгышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
168 : 2

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ كُلُواْ مِمَّا فِي ٱلۡأَرۡضِ حَلَٰلٗا طَيِّبٗا وَلَا تَتَّبِعُواْ خُطُوَٰتِ ٱلشَّيۡطَٰنِۚ إِنَّهُۥ لَكُمۡ عَدُوّٞ مُّبِينٌ

Оо, адамдар! Жер бетиндеги жаныбарлардан, жер-жемиштерден жана бак-дарактардан адал жолдо табылганын, өзү ыплас эмес таза болгондорун жегиле жана адаштыруучу шайтандын жолдоруна түшпөгүлө. Чындыгында ал силерге ачык түрдө кастык кылган душман. Акыл-эстүү адам үчүн ага зыян келтирген жана адаштырууга аракет кылган душманын ээрчүү жакшы эмес. info
التفاسير:

external-link copy
169 : 2

إِنَّمَا يَأۡمُرُكُم بِٱلسُّوٓءِ وَٱلۡفَحۡشَآءِ وَأَن تَقُولُواْ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ

Чындыгында ал силерди жамандык иштерге жана чоң күнөөлөргө буйруйт, ошондой эле ишенимдерде жана шариятта Аллахтан же Анын элчилеринен келген илимден кабарсыз абалда силерди Аллахка карата жалган сүйлөөгө буйруйт. info
التفاسير:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• المؤمنون بالله حقًّا هم أعظم الخلق محبة لله؛ لأنهم يطيعونه على كل حال في السراء والضراء، ولا يشركون معه أحدًا.
Аллахка чындап ыйман келтиргендер – алар адамдардын ичинен Аллахты өтө жакшы көргөндөр. Анткени алар жыргалчылыкта да, кыйынчылыкта да, бардык абалдарда Аллахка баш ийишет, Ага эч кимди шерик кылышпайт. info

• في يوم القيامة تنقطع كل الروابط، ويَبْرَأُ كل خليل من خليله، ولا يبقى إلا ما كان خالصًا لله تعالى.
Кыямат күнү бардык байланыштар үзүлөт, дос досунан баш тартат, Аллах таала үчүн болгондору гана калат. info

• التحذير من كيد الشيطان لتنوع أساليبه وخفائها وقربها من مشتهيات النفس.
Шайтандын ыкмаларынын түрдүүлүгү, жашыруундугу жана напси каалоолоруна жакындыгы себептүү анын айла-амалдарынан эскертүү. info