அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு

Нахл

சூராவின் இலக்குகளில் சில:
التذكير بالنعم الدالة على المنعم سبحانه وتعالى.
Жакшылык берүүчүнү көрсөтүүчү жакшылыктарды эскертүү. info

external-link copy
1 : 16

أَتَىٰٓ أَمۡرُ ٱللَّهِ فَلَا تَسۡتَعۡجِلُوهُۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ

Эй, каапырлар! Аллах өкүм кылган силердин азабыңар да жакындап калды. Андыктан силер аны убактысынан мурун шаштырбагыла! Аллах мушриктердин Ага кылган шериктеринен Аруу жана Бийик. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 16

يُنَزِّلُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ بِٱلرُّوحِ مِنۡ أَمۡرِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦٓ أَنۡ أَنذِرُوٓاْ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱتَّقُونِ

Аллах Өз элчилеринин кимисине кааласа, анда Өзүнүн өкүм-буйруктары менен: «Эй, элчилер! Адамдарды Аллахка ширк кылуудан коркуткула! Менден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Оо, адамдар! Андыктан менин буйруктарымды аткарып, тыйгандарымдан алыстап Менден корккула!» – деген кабар менен периштелерди түшүрөт. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 16

خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّۚ تَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ

Аллах асмандар менен жерди мурда болбогондой көрүнүштө акыйкат менен жаратты. Аларды жөн эле жаратып койгон жок. Аларды Өзүнүн улуктугуна далил кылыш үчүн жаратты. Ал алардын кошкон шериктеринен аруу. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 16

خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِن نُّطۡفَةٖ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٞ مُّبِينٞ

Ал инсанды алсыз бел суудан жаратты. Анын дене-түзүлүшү улам өөрчүп өстү. Кийин эле ал акыйкатты жок кылыш үчүн жалганга таянып, ачык эле талашып тартышкан адам болуп чыга келди. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 16

وَٱلۡأَنۡعَٰمَ خَلَقَهَاۖ لَكُمۡ فِيهَا دِفۡءٞ وَمَنَٰفِعُ وَمِنۡهَا تَأۡكُلُونَ

Оо, адамдар! Ошондой эле Ал силердин пайдаңар үчүн төө, уй, кой сыяктуу үй жаныбарларын жаратты. Ал эми бул пайдалардан – алардын жүндөрү жылуулук үчүн пайдаланылат. Ошондой эле алардын сүтүндө, терисинде жана аларды минүүдө башка дагы пайдалар бар жана алардан жейсиңер. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 16

وَلَكُمۡ فِيهَا جَمَالٌ حِينَ تُرِيحُونَ وَحِينَ تَسۡرَحُونَ

Ошондой эле алар кечинде жайыттан кайтып келишкенде жана таң эрте жайытка чыгышканда да силер үчүн кооздуктар бар. info
التفاسير:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• عناية الله ورعايته بصَوْن النبي صلى الله عليه وسلم وحمايته من أذى المشركين.
Аллахтын пайгамбарды мушриктердин зыяндарынан коргоосу жана Ага көрсөткөн камкордугу. info

• التسبيح والتحميد والصلاة علاج الهموم والأحزان، وطريق الخروج من الأزمات والمآزق والكروب.
Аллахты аруулоо, Ага мактоо айтуу жана пайгамбарга дуба жолдоо – кайгы-капачылыктан арылуунун дабасы жана кыйынчылыктардан кутулуунун жолу. info

• المسلم مطالب على سبيل الفرضية بالعبادة التي هي الصلاة على الدوام حتى يأتيه الموت، ما لم يغلب الغشيان أو فقد الذاكرة على عقله.
Мусулман адамга өлүм келгенге чейин намаз ибадатын калтырбай аткаруу милдеттүү түрдө парз кылынган. Бир гана эси ооп калып же акыл-эсин жоготуп койгон учурда гана кечиримдүү. info

• سمى الله الوحي روحًا؛ لأنه تحيا به النفوس.
Аллах асмандан түшкөн кабарды рух деп атады. Анткени ал адамдардын жан дүйнөсүн тирилтет. info

• مَلَّكَنا الله تعالى الأنعام والدواب وذَلَّلها لنا، وأباح لنا تسخيرها والانتفاع بها؛ رحمة منه تعالى بنا.
Аллах таала Өзү ырайым кылып бизди үй жаныбарларына жана айбанаттарга ээлик кылды жана аларды бизге баш ийдирди. Ошондой эле аларды пайдаланууга жана колдонууга уруксат берди. info