அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு

பக்க எண்:close

external-link copy
43 : 10

وَمِنۡهُم مَّن يَنظُرُ إِلَيۡكَۚ أَفَأَنتَ تَهۡدِي ٱلۡعُمۡيَ وَلَوۡ كَانُواْ لَا يُبۡصِرُونَ

Оо, пайгамбар! Мушриктердин арасынан сени көзү менен көрүп бирок көкүрөгү менен көрбөгөндөр бар. Сен көрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылгандарды кантип көрдүрө алмак элең? Албетте, ал сенин колуңдан келбейт. Мына ошондой эле көрөгөчтүүлүктөн айрылгандарды да туура жолго салуу сенин колуңдан келбейт. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 10

إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَظۡلِمُ ٱلنَّاسَ شَيۡـٔٗا وَلَٰكِنَّ ٱلنَّاسَ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ

Чындыгында, Аллах пенделерине зулумдук кылуудан аруу болду. Андыктан Аллах аларга кыпындай да зулумдук кылбайт. Бирок алар кыйроого алып бара турган иштерди кылышып өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышат. Бул алардын жалгандан, текеберликтен жана көк беттүүлүктөн кайтпагандары себептүү болду. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 10

وَيَوۡمَ يَحۡشُرُهُمۡ كَأَن لَّمۡ يَلۡبَثُوٓاْ إِلَّا سَاعَةٗ مِّنَ ٱلنَّهَارِ يَتَعَارَفُونَ بَيۡنَهُمۡۚ قَدۡ خَسِرَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِلِقَآءِ ٱللَّهِ وَمَا كَانُواْ مُهۡتَدِينَ

Кыямат күнү Аллах адамдарды суракка алуу үчүн чогултат. Алар дүйнө жашоосунда жана кабырда күндүздүн бир аз убактысынчалык гана убакыттай андан ашыкча болбогондой болушат. Алар ал жерде бири-бирин таанышат. Кийин алар кыяматтын коркунучунун катуулугунан бири-бирин тааныбай да калышат. Ошондо Кыямат күнү Раббисине жолугууну жалганга чыгарып жатышкандар зыянга учурашат. Алар зыяндан кутулгудай бул дүйнөдө кыямат күнүнө ыйман келтиришкен эмес. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 10

وَإِمَّا نُرِيَنَّكَ بَعۡضَ ٱلَّذِي نَعِدُهُمۡ أَوۡ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِلَيۡنَا مَرۡجِعُهُمۡ ثُمَّ ٱللَّهُ شَهِيدٌ عَلَىٰ مَا يَفۡعَلُونَ

Оо, пайгамбар! Биз сага убада кылган азаптардын кээ бирин сен өлгөнгө чейин сага көрсөтүүбүз мүмкүн. Же ага чейин сенин жаныңды алышыбыз мүмкүн. Бул эки абалда тең алар Кыямат күнү бизге кайтышат. Кийин Аллах алардын кылып жүргөн иштерин дыккат карап чыгат. Аллахка алардын иш-аракеттеринен эч нерсе жашырылбайт. Аларды Аллах иш-аракеттери үчүн жазалайт. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 10

وَلِكُلِّ أُمَّةٖ رَّسُولٞۖ فَإِذَا جَآءَ رَسُولُهُمۡ قُضِيَ بَيۡنَهُم بِٱلۡقِسۡطِ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ

Мурунку ар бир элдин жиберилген элчиси бар. Ал элчи аларга жеткирүүгө буйрулган тапшырманы жеткирип, алар аны жалганга чыгарышкан кезде ал элдер менен ал элчинин ортосунда адилеттүү өкүм чыгарылып Аллах ал элчини Өз жакшылыгы менен куткарып жана аларды адилеттүүлүгү менен кыйраткан. Алар кылган иш-аракеттеринин жазасын алууда аларга эч кандай зулум кылынбайт. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 10

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Ал каапырлар көк беттенип жана өздөрүнө ишенип мындай деп айтышат: “Силер чакырып жаткан нерседе чынчыл болсоңор, анда силер бизге убада кылып жаткан азаптын убактысы качан?”. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 10

قُل لَّآ أَمۡلِكُ لِنَفۡسِي ضَرّٗا وَلَا نَفۡعًا إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۗ لِكُلِّ أُمَّةٍ أَجَلٌۚ إِذَا جَآءَ أَجَلُهُمۡ فَلَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ سَاعَةٗ وَلَا يَسۡتَقۡدِمُونَ

Оо, пайгамбар! Аларга мындай деп айткын: “Мен өз жаныма зыян да бере албаймын жана зыянды өз жанымдан кетире да кылбаймын. Ошондой эле өзүмө пайда да бере албаймын. Анан кантип башкаларга пайда же зыян бере алмак элем? Аллахтын каалаганы гана болот. Анан мен кантип Аллах жашырган илимди билмек элем? Аллах кыйратууну убада кылган ар бир элдин кыйроосуна белгилүү мөөнөт бар. Аны Аллах Өзү гана билет. Эгер алардын кыйроо убактысы келген болсо, анда ал убакыттан эч кандай убакыт кечикпейт да жана ал убакыттан алдын да болуп кетпейт. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 10

قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِنۡ أَتَىٰكُمۡ عَذَابُهُۥ بَيَٰتًا أَوۡ نَهَارٗا مَّاذَا يَسۡتَعۡجِلُ مِنۡهُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ

Оо, пайгамбар! Ал азапка шашылгандарга мындай деп айткын: “Айткылачы, эгер Аллахтын азабы түнүбү же күндүзүбү кайсы бир убакта келген болсо, абалыңар кандай болот. Бул азаптын эмнесине шашып жатасыңар?!”. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 10

أَثُمَّ إِذَا مَا وَقَعَ ءَامَنتُم بِهِۦٓۚ ءَآلۡـَٰٔنَ وَقَدۡ كُنتُم بِهِۦ تَسۡتَعۡجِلُونَ

Мурун ыйман келтирбей андан кийин ыйманы пайда бербей турган убакта, силерге убада кылынган азап келгенден кийин ыйман келтирип жатасыңарбы? Эми ыйман келтирип жатасыңарбы, силер жалганга чыгаруу менен азаптын келүүсүн шаштырып жаттыңар элего?! info
التفاسير:

external-link copy
52 : 10

ثُمَّ قِيلَ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ ذُوقُواْ عَذَابَ ٱلۡخُلۡدِ هَلۡ تُجۡزَوۡنَ إِلَّا بِمَا كُنتُمۡ تَكۡسِبُونَ

Аларды азапка салгандан кийин жана азаптан чыгарууну суранышкандан кийин аларга мындай деп айтылат: “Акыретте түбөлүктүү азапты таткыла! Силер кылып жүргөн каапырлык жана күнөөлөрдүн жазасын гана аласыңар!”. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 10

۞ وَيَسۡتَنۢبِـُٔونَكَ أَحَقٌّ هُوَۖ قُلۡ إِي وَرَبِّيٓ إِنَّهُۥ لَحَقّٞۖ وَمَآ أَنتُم بِمُعۡجِزِينَ

Оо, пайгамбар! Мушриктер сенден: «Ушул бизге убада кылынган азап чындыкпы?» – деп сурашат. Аларга: «Ооба! Аллахка ант болсун! Албетте ал азап чындык! Силер андан качып кутула албайсыңар” – деп айткын. info
التفاسير:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• الإنسان هو الذي يورد نفسه موارد الهلاك، فالله مُنَزَّه عن الظلم.
Адам баласы өзүн-өзү кыйроо иштерине түртөт. Аллах зулум кылуудан аруу. info

• مهمة الرسول هي التبليغ للمرسل إليهم، والله يتولى حسابهم وعقابهم بحكمته، فقد يعجله في حياة الرسول أو يؤخره بعد وفاته.
Элчинин милдети – жөнөтүлгөн элине динди жеткирүү. Ал эми аларды сурак кылуу, акыбетине жараша жазалоо даанышман Аллахтын колунда. Аларды (мушриктерди) кээде пайгамбардын көзү тирүүсүндө азаптайт, кээде кийинкиге калтырат. info

• النفع والضر بيد الله عز وجل، فلا أحد من الخلق يملك لنفسه أو لغيره ضرًّا ولا نفعًا.
Пайда жана зыян берүү Аллах тааланын колунда. Андан башка жаратылгандардын эч кимиси өзүнө да башка бирөөгө да зыян-пайда бере албайт. info

• لا ينفع الإيمان صاحبه عند معاينة الموت.
Ажал алдында ыйман келтирүү адамга пайда бербейт. info