அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு - சம்ஸுத் தீன் ஹகீமோவ்

பக்க எண்:close

external-link copy
36 : 69

وَلَا طَعَامٌ إِلَّا مِنۡ غِسۡلِينٖ

Тамак-аш да болбойт. Бир гана «гислийн» (деген «тамак»)[1] болот. info

[1]«Гислийн» - бул тозокто күйгөн кылмышкерлердин денесинен агып чыккан ириңден даярдалган «тамак». Ал өтө кайнак, эң ачуу жана адам чыдагыс сасык болот.

التفاسير:

external-link copy
37 : 69

لَّا يَأۡكُلُهُۥٓ إِلَّا ٱلۡخَٰطِـُٔونَ

Аны күнөөлүү адамдар гана жейт. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 69

فَلَآ أُقۡسِمُ بِمَا تُبۡصِرُونَ

Мен силер көргөн нерселер менен ант ичип..., info
التفاسير:

external-link copy
39 : 69

وَمَا لَا تُبۡصِرُونَ

Жана силерге көрүнбөгөн (бардык) нерселер менен ант ичип (айтамын): info
التفاسير:

external-link copy
40 : 69

إِنَّهُۥ لَقَوۡلُ رَسُولٖ كَرِيمٖ

«Ал (Куран) Улук пайгамбардын (Аллах үйрөткөн) Сөзү! info
التفاسير:

external-link copy
41 : 69

وَمَا هُوَ بِقَوۡلِ شَاعِرٖۚ قَلِيلٗا مَّا تُؤۡمِنُونَ

Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар! info
التفاسير:

external-link copy
42 : 69

وَلَا بِقَوۡلِ كَاهِنٖۚ قَلِيلٗا مَّا تَذَكَّرُونَ

Ал бакшы-көзү ачыктын да сөзү эмес![1] (Аллахты) өтө аз эскерип жатасыңар! info

[1] Кээ бир каапырлар “Мухаммад жиндер менен байланыш түзгөн бакшы. Ага кабарларды жиндер жеткирип турат” дешкен. Бул аят ошолорго жооп.

التفاسير:

external-link copy
43 : 69

تَنزِيلٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 69

وَلَوۡ تَقَوَّلَ عَلَيۡنَا بَعۡضَ ٱلۡأَقَاوِيلِ

Эгер ал (Мухаммад) (Курандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул – Аллахтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо, info
التفاسير:

external-link copy
45 : 69

لَأَخَذۡنَا مِنۡهُ بِٱلۡيَمِينِ

Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 69

ثُمَّ لَقَطَعۡنَا مِنۡهُ ٱلۡوَتِينَ

Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз! info
التفاسير:

external-link copy
47 : 69

فَمَا مِنكُم مِّنۡ أَحَدٍ عَنۡهُ حَٰجِزِينَ

Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес! info
التفاسير:

external-link copy
48 : 69

وَإِنَّهُۥ لَتَذۡكِرَةٞ لِّلۡمُتَّقِينَ

Ал (Куран) такыба кишилер үчүн эскерме-сабак. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 69

وَإِنَّا لَنَعۡلَمُ أَنَّ مِنكُم مُّكَذِّبِينَ

Силердин араңарда (Куранды) «жалган» дегендер бар экенин Биз эң жакшы билебиз! info
التفاسير:

external-link copy
50 : 69

وَإِنَّهُۥ لَحَسۡرَةٌ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ

Ал каапырларга кайгы![1] info

[1] Курандын каапырларга кайгы болушунун себеби, акыретте алар «Эх! ушул Куранга ээрчигенибизде азапка жолукпайт болчубуз!» деп кайгы тартышат. (Садий).

التفاسير:

external-link copy
51 : 69

وَإِنَّهُۥ لَحَقُّ ٱلۡيَقِينِ

Ал – анык Чындык! info
التفاسير:

external-link copy
52 : 69

فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ

Демек, Улук Раббиңдин ысымын (эстеп) аруулагын![1] info

[1] Аллах таала бизге Өзүн – Өзү тааныткан. Демек, биз аны Өзү тааныткандай жогорку жана кемчилдиксиз сыпаттар менен гана таанып, сыпатташыбыз керек. Пенденин “Субханалла!” деп дуба кылып жүрүүсү “тасбих” деп аталат. “Субханаллахтын” мааниси “Мен Аллахты ар кандай Өзүнө ылайык эмес сыпаттардан аруулаймын жана Өзү үйрөткөн, Өзүнө ылайык болгон бийик, ыйык жана кемчилдиксиз сыпаттар менен сыпаттаймын” дегенди билдирет.

التفاسير: