அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு - சம்ஸுத் தீன் ஹகீமோவ்

Мумтахана

external-link copy
1 : 60

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَّخِذُواْ عَدُوِّي وَعَدُوَّكُمۡ أَوۡلِيَآءَ تُلۡقُونَ إِلَيۡهِم بِٱلۡمَوَدَّةِ وَقَدۡ كَفَرُواْ بِمَا جَآءَكُم مِّنَ ٱلۡحَقِّ يُخۡرِجُونَ ٱلرَّسُولَ وَإِيَّاكُمۡ أَن تُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ رَبِّكُمۡ إِن كُنتُمۡ خَرَجۡتُمۡ جِهَٰدٗا فِي سَبِيلِي وَٱبۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِيۚ تُسِرُّونَ إِلَيۡهِم بِٱلۡمَوَدَّةِ وَأَنَا۠ أَعۡلَمُ بِمَآ أَخۡفَيۡتُمۡ وَمَآ أَعۡلَنتُمۡۚ وَمَن يَفۡعَلۡهُ مِنكُمۡ فَقَدۡ ضَلَّ سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ

Оо, ыйман келтирген пенделер! Менин жана өзүңөрдүн душманыңарды дос тутпагыла! Силер аларга достук (катын) жиберип жатасыңар. Алар силерге келген Акыйкатка каапыр болушкан! Силерди жана пайгамбарды Аллахка – Раббиңерге ыйман келтиргениңер үчүн гана (Меккеден айдап) чыгарышууда! Эгер силер Менин ыраазычылыгымды гана үмүт кылып, Менин Жолумда гана жихад кылуу үчүн чыккан болсоңор (аларды дос тутпагыла!) Силер болсо, жашыруун достошуп жатасыңар! Мен силердин ичиңерге катканыңарды да, ашкере кылганыңарды да эң жакшы билемин! Силерден ким муну жасаса, ал Түз Жолдон адашыптыр![1] info

[1] Сүрөнүн түшүүсүнө төмөндөгү окуя себеп болгон: Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Меккени фатх кылуу (алуу) үчүн аскердик даярдык баштаганда Хатиб бин Абу Балтаьа деген киши Мекке мушриктерине окуяны баяндап кат жазып, бир аялдан берип жиберет. Бирок, Аллах таала вахий кылып бул иштин сырын пайгамбарыбызга билдирет жана пайгамбарыбыз чабарман аялды жолдон карматып, Хатибке: «Бул эмне кылганың?!» дегенде, ал Меккеде бала-чакасы бар экенин, алар коргоочусуз калганын, бул ишти каапырчылык же чыккынчылык ниетинде эмес, тек гана мушриктерге жагынып үй-бүлөсүн алардын жамандыгынан сактап калуу үчүн жасаганын айтып, жан соога сурайт. Ал эми, «Мумтахана» (сыналган аялдар) жөнүндө сүрөнүн онунчу аятында сөз болот.

التفاسير:

external-link copy
2 : 60

إِن يَثۡقَفُوكُمۡ يَكُونُواْ لَكُمۡ أَعۡدَآءٗ وَيَبۡسُطُوٓاْ إِلَيۡكُمۡ أَيۡدِيَهُمۡ وَأَلۡسِنَتَهُم بِٱلسُّوٓءِ وَوَدُّواْ لَوۡ تَكۡفُرُونَ

Алар[1] эгерде силерди(н зыяныңарга бир мүмкүнчүлүк) таап калса эле, ошол замат душман болуп, колдору менен тилдерин силерге жамандык менен агытышат жана каапыр болушуңарды самап турушат. info

[1] Мекке мушриктери.

التفاسير:

external-link copy
3 : 60

لَن تَنفَعَكُمۡ أَرۡحَامُكُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُكُمۡۚ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ يَفۡصِلُ بَيۡنَكُمۡۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ

Тууган-уругуңар менен бала-чакаңар кыяматта силерге пайда жеткире албайт,[1] (Аллах) араңарды бөлүп койот. Аллах эмне иш жасаганыңарды Көрүүчү. info

*[1] Силер ошолорду деп душманга дос болгон элеңер.

التفاسير:

external-link copy
4 : 60

قَدۡ كَانَتۡ لَكُمۡ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٞ فِيٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥٓ إِذۡ قَالُواْ لِقَوۡمِهِمۡ إِنَّا بُرَءَٰٓؤُاْ مِنكُمۡ وَمِمَّا تَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ كَفَرۡنَا بِكُمۡ وَبَدَا بَيۡنَنَا وَبَيۡنَكُمُ ٱلۡعَدَٰوَةُ وَٱلۡبَغۡضَآءُ أَبَدًا حَتَّىٰ تُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ وَحۡدَهُۥٓ إِلَّا قَوۡلَ إِبۡرَٰهِيمَ لِأَبِيهِ لَأَسۡتَغۡفِرَنَّ لَكَ وَمَآ أَمۡلِكُ لَكَ مِنَ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٖۖ رَّبَّنَا عَلَيۡكَ تَوَكَّلۡنَا وَإِلَيۡكَ أَنَبۡنَا وَإِلَيۡكَ ٱلۡمَصِيرُ

Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдард(ын жашоосунд)а өрнөк бар: Бир кезде алар (каапыр) элдерине «Биздин силерге жана силер сыйынган Аллахтан башка кудайларга тиешебиз жок. Биз силерге каапыр болдук! Эми, биз менен силердин араңарда, качан жеке-жалгыз Аллахка ыйман келтиргениңерге чейин түгөнгүс душманчылык жана жек көрүү жаралды!» деп айтышкан. Бирок, Ибрахимдин атасына карата: «Мен сизге (Аллахтан) кечирим сураймын. Сизге Аллах тарабынан (келе турган азаптан) эч нерсени кайтарууга кудуретим жетпейт» - деген сөзүн (өрнөк кылбагыла).[1] О, Раббибиз! Биз Сага тобокел кылдык, Өзүңө кайттык жана кайтып баруу – Өзүңө гана! info

[1] Мунун себеби, каапырларга Аллахтан кечирим суралбайт. Ибрахим алейхи салам бул сөзүн атасынын ширк ишениминен кабарсыз маалда айткан. Качан гана атасынын Аллахтын душманы экени ашкере болгондо «Эй, атаке! Мен сизден жана сиздин кудайларыңыздан кечтим!» деп араны ачык кылган.

التفاسير:

external-link copy
5 : 60

رَبَّنَا لَا تَجۡعَلۡنَا فِتۡنَةٗ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ وَٱغۡفِرۡ لَنَا رَبَّنَآۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ

Оо, Раббибиз! Бизди каапырларга фитна (көз каранды) кылбагай элең[1] жана күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! Оо, Раббибиз! Аныгында Сен Кудуреттүү, Даанышмансың! info

[1] Бизди каапырлардын колу менен азапка салбагай элең !

التفاسير: