அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு - சம்ஸுத் தீன் ஹகீமோவ்

Ат-Тур

external-link copy
1 : 52

وَٱلطُّورِ

Тур тоосуна ант![1] info

[1] «Тур» - бул Синай тоосунун бир аталышы. Муса алейхис салам ушул тоодо Аллах таала менен сүйлөшкөн.

التفاسير:

external-link copy
2 : 52

وَكِتَٰبٖ مَّسۡطُورٖ

Жана жазылган Китепке[1] ант. info

[1] Бул аяттагы «Китепти» кээ бир тафсирчилер «Лавхул-Махфуз» деп түшүндүрсө, кээ бирөөлөрү «Куран» дешкен.

التفاسير:

external-link copy
3 : 52

فِي رَقّٖ مَّنشُورٖ

Анык-ачык сахипанын (барактын) жүзүнө, info
التفاسير:

external-link copy
4 : 52

وَٱلۡبَيۡتِ ٱلۡمَعۡمُورِ

Жана Абад Үйгө[1] ант! info

[1] Курандагы ысымы «Байтул-Маамур» болгон бул Абад үй жетинчи асманда болуп, анын ичинде ар күн сайын жетимиш миң периште намаз окуйт. Кезек тийбей тизилип тургандардын саны ушунчалык көп болгондуктан бир жолу анда намаз окуган периште эгер дагы кезекке турчу болсо, Кыяматка чейин кезек келбейт.

التفاسير:

external-link copy
5 : 52

وَٱلسَّقۡفِ ٱلۡمَرۡفُوعِ

Жана бийик тамга (асманга) ант! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 52

وَٱلۡبَحۡرِ ٱلۡمَسۡجُورِ

Жаңы толуп-ташкан деңизге ант! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 52

إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ لَوَٰقِعٞ

(Оо, Мухаммад) Раббиңдин азабы, албетте болуучу! info
التفاسير:

external-link copy
8 : 52

مَّا لَهُۥ مِن دَافِعٖ

Аны (эч бир) кайтаруучу жок! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 52

يَوۡمَ تَمُورُ ٱلسَّمَآءُ مَوۡرٗا

Ал Күндө (Кыяматта) асман катуу титирейт. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 52

وَتَسِيرُ ٱلۡجِبَالُ سَيۡرٗا

Жана тоолор (мейкиндикте учуп) жүрөт. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 52

فَوَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Ал күнү жалганчыларга өлүм болсун! info
التفاسير:

external-link copy
12 : 52

ٱلَّذِينَ هُمۡ فِي خَوۡضٖ يَلۡعَبُونَ

Алар (өз жалгандарында) чумкуп ойногон эле. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 52

يَوۡمَ يُدَعُّونَ إِلَىٰ نَارِ جَهَنَّمَ دَعًّا

Ал күнү алар тозок отуна түртүп киргизилет (анан аларга айтылат:) info
التفاسير:

external-link copy
14 : 52

هَٰذِهِ ٱلنَّارُ ٱلَّتِي كُنتُم بِهَا تُكَذِّبُونَ

«Силер жалганга чыгарган тозок – ушул! info
التفاسير: