அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு - சம்ஸுத் தீன் ஹகீமோவ்

பக்க எண்:close

external-link copy
64 : 29

وَمَا هَٰذِهِ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَآ إِلَّا لَهۡوٞ وَلَعِبٞۚ وَإِنَّ ٱلدَّارَ ٱلۡأٓخِرَةَ لَهِيَ ٱلۡحَيَوَانُۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ

Бул дүйнө жашоосу оюн-зоок, (утурумдук) жыргалчылыктардан башка (нерсе) эмес. Чыныгы жашоо – бул акырет жашоосу, эгер билишсе. info
التفاسير:

external-link copy
65 : 29

فَإِذَا رَكِبُواْ فِي ٱلۡفُلۡكِ دَعَوُاْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ فَلَمَّا نَجَّىٰهُمۡ إِلَى ٱلۡبَرِّ إِذَا هُمۡ يُشۡرِكُونَ

Эгер алар кемеге минишсе (жана катуу добул болуп, кеме чайпала баштаса) Аллахтын жалгыз Өзүнө, түздөн-түз, ыклас менен дуба (ибадат) кылышат. Ал эми, Аллах аларды (апааттан) куткарып, жээкке чыгарып койсо, кайрадан ширк кыла башташат. info
التفاسير:

external-link copy
66 : 29

لِيَكۡفُرُواْ بِمَآ ءَاتَيۡنَٰهُمۡ وَلِيَتَمَتَّعُواْۚ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ

Биз (жакшылык кылып) берген нерселерге (ушинтип) шүгүрсүз боло беришсин жана (өткөөл, убактылуу жашоо жыргалдарынан) пайдаланып калышсын. Жакында (адашкандарын) билип алышат. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 29

أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّا جَعَلۡنَا حَرَمًا ءَامِنٗا وَيُتَخَطَّفُ ٱلنَّاسُ مِنۡ حَوۡلِهِمۡۚ أَفَبِٱلۡبَٰطِلِ يُؤۡمِنُونَ وَبِنِعۡمَةِ ٱللَّهِ يَكۡفُرُونَ

Алар (Мекке мушриктери) ойлонушпайбы: Биз (алар жашаган Меккени) ыйык (Анда таланчылык, адам өлтүрүү арам жана) тынч (шаар) кылдык. Алардын тегерегиндеги адамдар (ыйык шаарда жашабаганы себептүү) таланып-тонолууда. (Дагы эле) жалган(кудайлар)га ыйман келтирип, Аллахтын жакшылыктарына каапыр боло беришеби?! info
التفاسير:

external-link copy
68 : 29

وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوۡ كَذَّبَ بِٱلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَهُۥٓۚ أَلَيۡسَ فِي جَهَنَّمَ مَثۡوٗى لِّلۡكَٰفِرِينَ

(Жаратканга бизди ортомчу-кудайлар жакындаштырат деп) Аллахка калпты жалаа жапкан же болбосо, өзүнө келген акыйкатты (Куранды) жалганга чыгарган кишиден да көбүрөөк залым (каапыр) адам бар бекен?! Баса, каапырлардын жайы – тозок эмеспи? info
التفاسير:

external-link copy
69 : 29

وَٱلَّذِينَ جَٰهَدُواْ فِينَا لَنَهۡدِيَنَّهُمۡ سُبُلَنَاۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَمَعَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Биздин жолубузда (жаман напси, шайтан, Аллахтын душмандары) күрөшкөн кишилерди Өз жолубузга баштап койобуз. Аллах (ар дайым) жакшылык кылуучулар менен! info
التفاسير: