[1] Бухарий жана Муслим риваят кылган хадистерде баян кылынганы боюнча пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды Аллах таала бир түндүн абалкы бөлүгүндө «Бурак» деп аталган ат түспөлүндөгү периште менен Меккедеги Аль-Харам мечитинен Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине, сейил кылдырып, андан эң жогорку асмандын үстүнө алып чыккан. Пайгамбарыбыз ал жакта бейиш менен тозокту жана мурунку өткөн пайгамбарларды өз көзү менен көргөн. Ошол чыгышында ага жана үммөтүнө сообу элүү убакытка барабар болгон беш убакыт намаз парыз кылынган. Бул сейил Рухий-физиологиялык (дене менен бирге, ойгоо кезинде) болгон. Курани Каримде Меккеден Иерусалимге баруу «Исра», ал эми, Иерусалимден жогорку асмандарга көтөрүлүү «Мээраж» деп аталат. Аяттагы “айланасы берекелүү” мечит Иерусалимдеги Аль-Акса мечити. Мунун себеби анын айланасында көп пайгамбарлар жашаган жана жери да бак-дарактуу, дарыялар аккан берекелүү жер. Аль-Акса мечити улуулук даражасы жаатынан Меккедеги “Аль-Харам” жана Мединадагы “Набавий” мечитинен кийинки үчүнчү орунда турат. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын кабар бергени боюнча, (көп сооп болушу үчүн) намаз окууну ниет кылып, ушул үч мечиттен башка жерге сапар кылуу мүмкүн эмес.
[1] Тафсирчи уламалар яхудилерди кырып-жойгон бул элдин кай өлкөдөн келгени жөнүндө бир пикирде эмес болсо да, бул баскынчы элдердин каапыр коомдор экенинен шек санашпайт. Себеби, алар ошол келишинде “Аль-Акса” мечитин да талкалаганы тарыхтан маалым.