د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه.

external-link copy
142 : 7

۞ وَوَٰعَدۡنَا مُوسَىٰ ثَلَٰثِينَ لَيۡلَةٗ وَأَتۡمَمۡنَٰهَا بِعَشۡرٖ فَتَمَّ مِيقَٰتُ رَبِّهِۦٓ أَرۡبَعِينَ لَيۡلَةٗۚ وَقَالَ مُوسَىٰ لِأَخِيهِ هَٰرُونَ ٱخۡلُفۡنِي فِي قَوۡمِي وَأَصۡلِحۡ وَلَا تَتَّبِعۡ سَبِيلَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ

Аллах жашыруун сүйлөшүү үчүн Мусаны отуз түнгө убадалашып, анан дагы он түн кошуп, кырк түн кылды. Анан Раббиси менен сүйлөшүүгө жөнөп жатканда Муса бир тууганы Харунга кайрылып: "Эй, Харун, менин ордума коомду башкарып тур, жакшы саясат жүргүзүп, жумшактык менен аларды башкар, күнөөгө бут коюп, бузукулардын жолуна түшүп кетпе жана күнөөгө баштоочу болбо!" - деди. info
التفاسير:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• تؤكد الأحداث أن بني إسرائيل كانوا ينتقلون من ضلالة إلى أخرى على الرغم من وجود نبي الله موسى بينهم.
Исраил урпактары Муса пайгамбар алардын арасында жүргөн учурда да бир адашуудан экинчи адашууга өтө беришкенин ушул окуялардан билебиз. info

• من مظاهر خذلان الأمة أن تُحَسِّن القبيح، وتُقَبِّح الحسن بمجرد الرأي والأهواء.
Үммөттүн жардамсыз калуусуна алардын жакшыны жаман, жаманды жакшы деп каалоо напсилерин ээрчип кетүүсу себеп болот. info

• إصلاح الأمة وإغلاق أبواب الفساد هدف سام للأنبياء والدعاة.
Үммөттү оңдоо, бузукулук эшигин жабуу пайгамбарлар жана дааватчылардын максаты. info

• قضى الله تعالى ألا يراه أحد من خلقه في الدنيا، وسوف يكرم من يحب من عباده برؤيته في الآخرة.
Аллах Таала бул дүйнөдө Аны эч ким көрө албастыгын өкүм кылган,жакшы көргөн пенделерин Өзүн көрсөтүү менен сыйлайт. info