د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه.

د مخ نمبر:close

external-link copy
31 : 51

۞ قَالَ فَمَا خَطۡبُكُمۡ أَيُّهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ

Ибрахим алайхи салам периштелерге: силерге эмне болду? эмнени максат кылып жатасыңар - деди. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 51

قَالُوٓاْ إِنَّآ أُرۡسِلۡنَآ إِلَىٰ قَوۡمٖ مُّجۡرِمِينَ

Периштелер ага жооп кылып айтышты: бизди Аллах ыплас күнөөлөрдү аткарган күнөөкөр коомго жиберди. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 51

لِنُرۡسِلَ عَلَيۡهِمۡ حِجَارَةٗ مِّن طِينٖ

Алардын үстүнө катуу чопо-таштарды жаадырыш үчүн info
التفاسير:

external-link copy
34 : 51

مُّسَوَّمَةً عِندَ رَبِّكَ لِلۡمُسۡرِفِينَ

Оо, Ибрахим ал сенин Раббыңдын алдында Аллахтын чегинен ашып, каапырлык жана күнөө иштерге чуңкуп киргендерге белгиленип коюлган. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 51

فَأَخۡرَجۡنَا مَن كَانَ فِيهَا مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Лут коому (жашаган) айылдагы ыймандууларды күнөөкөрлөргө жеткен азап жетпеши үчүн чыгардык. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 51

فَمَا وَجَدۡنَا فِيهَا غَيۡرَ بَيۡتٖ مِّنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ

Алардын айлында бир үйдөн башка мусулмандарды таппадык. Алар Лут алайхи саламдын үй-бүлөсү эле. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 51

وَتَرَكۡنَا فِيهَآ ءَايَةٗ لِّلَّذِينَ يَخَافُونَ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ

Луттун коому (жашаган) айылга түшкөн жан чыдагыс азаптан коркуп, үлгү алып, андан кутулуу үчүн ал жолго барбай тургандарга далил боло турган белгилерди калтырдык. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 51

وَفِي مُوسَىٰٓ إِذۡ أَرۡسَلۡنَٰهُ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٖ

Мусаны Фараонго ачык далилдер менен жибергенибизде да жан чыдагыс азаптан корккондор үчүн белгилер бар. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 51

فَتَوَلَّىٰ بِرُكۡنِهِۦ وَقَالَ سَٰحِرٌ أَوۡ مَجۡنُونٞ

Фараон кубатына жана аскерлерине ишенип, акыйкаттан жүз бурду да Муса алайхи салам жөнүндө мындай деди: ал адамдарды сыйкырлаган сыйкырчы жана тушүнүксүз сөздөрдү сүйлөгөн жинди. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 51

فَأَخَذۡنَٰهُ وَجُنُودَهُۥ فَنَبَذۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡيَمِّ وَهُوَ مُلِيمٞ

Аны, аскерлерин баарын азаптап деңизге таштадык. Алар чөгүп өлүштү. Фараон (элчини) жалганга чыгарып, Кудайлыкты даава кылып айыпталуучу иш кылды. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 51

وَفِي عَادٍ إِذۡ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمُ ٱلرِّيحَ ٱلۡعَقِيمَ

Худ коому Аадка түшкөн жан чыдагыс азаптан корккондор үчүн үлгү (сабак) бар. Биз аларга жамгыр көтөрбөгөн, дарак чаңдаштырбаган берекесиз шамал жибергенбиз. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 51

مَا تَذَرُ مِن شَيۡءٍ أَتَتۡ عَلَيۡهِ إِلَّا جَعَلَتۡهُ كَٱلرَّمِيمِ

Эч бир жанды да малды да андан башкасын да калтырбай, баарын талкалап, чирип майдаланган (сөөк) сыяктуу кылып койду. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 51

وَفِي ثَمُودَ إِذۡ قِيلَ لَهُمۡ تَمَتَّعُواْ حَتَّىٰ حِينٖ

Салих алайхи саламдын коому Самудка (бул дүйнө) жашооңорду ажалыңар келгенче пайдаланып калгыла деп айтылганда түшкөн жан чыдагыс азаптан корккондор үчүн үлгү (сабак) бар. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 51

فَعَتَوۡاْ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهِمۡ فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّٰعِقَةُ وَهُمۡ يَنظُرُونَ

Раббыларынын ыйман келтирип, баш ийгиле деген буйругуна текеберденип каршы чыгышты. Ошондо аларды ач айкырык азабы кармады. Алар анын түшөөрүн күтүп турушкан эле. Анткени, (ал азап) аларга үч күн мурда убада кылынган эле. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 51

فَمَا ٱسۡتَطَٰعُواْ مِن قِيَامٖ وَمَا كَانُواْ مُنتَصِرِينَ

Өздөрүнө түшкөн азапты кетире алышпады. Андан коргоно турган күчтөрү деле жок эле. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 51

وَقَوۡمَ نُوحٖ مِّن قَبۡلُۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ

Чынында алардан (Аад, Самуд жана Фараондон) мурда Нух коомун да чөктүрүп жок кылганбыз. Алар Аллахка баш ийбей, жазага татыктуу болушкан. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 51

وَٱلسَّمَآءَ بَنَيۡنَٰهَا بِأَيۡيْدٖ وَإِنَّا لَمُوسِعُونَ

Биз асманды мыктылап, бекемдеп курдук жана анын айланасын кеңейте беребиз. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 51

وَٱلۡأَرۡضَ فَرَشۡنَٰهَا فَنِعۡمَ ٱلۡمَٰهِدُونَ

Жерди анын бетинде жашагандарга төшөк сымал тегиз кылып даярдадык. Биз кандай жакшы даярдоочубуз, себеби аны аларга тегиз кылып даярдадык. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 51

وَمِن كُلِّ شَيۡءٍ خَلَقۡنَا زَوۡجَيۡنِ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ

Аллахтын жалгыздыгын жана кудуретин эскерүүңөр үчүн эркек-ургаачы, асман-жер, кургактык-деңиз сыяктуу ар бир нерсени жубу менен жараттык. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 51

فَفِرُّوٓاْ إِلَى ٱللَّهِۖ إِنِّي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ مُّبِينٞ

Аллахка күнөөкөр болбой, Ага баш ийип, Анын жазасынан сообуна качкыла (шашылгыла). Оо, адамдар! Мен силерге Анын жазасынан ачык эскертүүчүмүн. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 51

وَلَا تَجۡعَلُواْ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَۖ إِنِّي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ مُّبِينٞ

Аллах менен бирге (өзүңөргө) андан башка сыйынган кудай кылып албагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн! info
التفاسير:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• الإيمان أعلى درجة من الإسلام.
Ыйман Исламдан жогору даражада турат. info

• إهلاك الله للأمم المكذبة درس للناس جميعًا.
Аллахтын (пайгамбарларды) жалганга чыгарган коомдорду жок кылуусу бардык адамзат үчүн сабак болот. info

• الخوف من الله يقتضي الفرار إليه سبحانه بالعمل الصالح، وليس الفرار منه.
Аллахтан коркуу дегени - салих (жакшы) амалдарды атакарып Анын сообуна шашылуу, Андан качуу эмес. info