د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه.

external-link copy
20 : 42

مَن كَانَ يُرِيدُ حَرۡثَ ٱلۡأٓخِرَةِ نَزِدۡ لَهُۥ فِي حَرۡثِهِۦۖ وَمَن كَانَ يُرِيدُ حَرۡثَ ٱلدُّنۡيَا نُؤۡتِهِۦ مِنۡهَا وَمَا لَهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِن نَّصِيبٍ

Кимде-ким акырет сообуна жетем деп ага ылайык иш-аракеттерди кылса, Биз анын сооп-сыйлыгын эселеп беребиз. Бир жакшылык иш он эседен жети жүз эсеге чейин эселеп-эселеп көбөйтүлөт. Ал эми ким дүйнөнү гана кааласа, Биз ага жазылган насибин беребиз. Бирок ал дүйнөнү артык көргөнү үчүн акыретте эч кандай энчиге ээ болбойт. info
التفاسير:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• خوف المؤمن من أهوال يوم القيامة يعين على الاستعداد لها.
Ыймандуунун кыяматтагы үрөй учурган нерселерден коркуусу анын ага даярдык көрүүсүнө түрткү берет. info

• لطف الله بعباده حيث يوسع الرزق على من يكون خيرًا له، ويضيّق على من يكون التضييق خيرًا له.
Аллахтын пенделерине болгон боорукерлиги. Анткени кимге ырыскынын көптүгү жакшы болсо, ага аны кенен кылат, кимге ырыскынын тардыгы жакшы болсо, ага аны тар кылат. info

• خطر إيثار الدنيا على الآخرة.
Дүйнөнү акыреттен артык көрүүнүн коркунучу. info