د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه.

external-link copy
50 : 34

قُلۡ إِن ضَلَلۡتُ فَإِنَّمَآ أَضِلُّ عَلَىٰ نَفۡسِيۖ وَإِنِ ٱهۡتَدَيۡتُ فَبِمَا يُوحِيٓ إِلَيَّ رَبِّيٓۚ إِنَّهُۥ سَمِيعٞ قَرِيبٞ

Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Эгерде мен силерге жеткирген нерседе акыйкаттан адашкан болсом, анда ал адашуумдун зыянын өзүм гана тартам, силерге анын эч бир нерсеси жетпейт. А эгер ага карай туура жолго түшсөм, анда Раббимдин мага вахий кылган себебинен болду. Чындыгында Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, Жакын, менин айткан сөздөрүмдү угуу Ал үчүн кыйын эмес». info
التفاسير:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• مشهد فزع الكفار يوم القيامة مشهد عظيم.
Кыяматта каапырлардын коркунучка түшкөн көрүнүшү чоң көрүнүш. info

• محل نفع الإيمان في الدنيا؛ لأنها هي دار العمل.
Ыймандын пайда бере турган жайы бул дүйнө. Анткени ал иш-аракет кыла турган жай. info

• عظم خلق الملائكة يدل على عظمة خالقهم سبحانه.
Периштелердин ушунчалык чоң болуп жаралуусу алардын Жаратуучусунун улуктугуна далил болот. info