د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه.

د مخ نمبر: 35:2 close

external-link copy
225 : 2

لَّا يُؤَاخِذُكُمُ ٱللَّهُ بِٱللَّغۡوِ فِيٓ أَيۡمَٰنِكُمۡ وَلَٰكِن يُؤَاخِذُكُم بِمَا كَسَبَتۡ قُلُوبُكُمۡۗ وَٱللَّهُ غَفُورٌ حَلِيمٞ

Араңардан кимдир бирөө эч нерсени максат кылбастан: «Жок, Аллахка касам. Ооба, Аллахка касам» – деп айтканы сыяктуу көнүмүш сөзгө айланып калган анттар себептүү Аллах силерди жоопко тартпайт жана ал үчүн (каффарат) жазасын өтөбөйсүңөр жана жазаланбайсыңар. Бирок Ал ошол анттардын артында көздөгөн максатыңарга жараша жоопко тартат. Аллах пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларды жазалоого шашылбаган Токтоо. info
التفاسير:

external-link copy
226 : 2

لِّلَّذِينَ يُؤۡلُونَ مِن نِّسَآئِهِمۡ تَرَبُّصُ أَرۡبَعَةِ أَشۡهُرٖۖ فَإِن فَآءُو فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Аялдары менен жыныстык мамиле кылбайм деп ант бергендер, ошол ант берген күндөн баштап төрт айдан ашпаган мөөнөт күтүшөт. Бул ант берүү (ийла) деп аталат. Эгер аялдары менен жыныстык мамиле кылбайбыз деп ант бергенден кийин төрт ай же андан аз убакыт ичинде кайра аялдары менен кошулуп алса, анда Аллах алардын бул кылганын кечирет жана ырайым кылат. Анткени бул ант кутулуу жазасын өтөөнү шариятка киргизди. info
التفاسير:

external-link copy
227 : 2

وَإِنۡ عَزَمُواْ ٱلطَّلَٰقَ فَإِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٞ

Эгер аялдары менен андан ары да жыныстык мамиле кылбастан жана ага кайтпастан, талак берүүнү ниет кылышса, анда Аллах алардын сөздөрүн, анын ичинде талак сөзүн да Угуучу, алардын абалдарын жана максаттарын Билүүчү. Жакында аларга анын сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
228 : 2

وَٱلۡمُطَلَّقَٰتُ يَتَرَبَّصۡنَ بِأَنفُسِهِنَّ ثَلَٰثَةَ قُرُوٓءٖۚ وَلَا يَحِلُّ لَهُنَّ أَن يَكۡتُمۡنَ مَا خَلَقَ ٱللَّهُ فِيٓ أَرۡحَامِهِنَّ إِن كُنَّ يُؤۡمِنَّ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۚ وَبُعُولَتُهُنَّ أَحَقُّ بِرَدِّهِنَّ فِي ذَٰلِكَ إِنۡ أَرَادُوٓاْ إِصۡلَٰحٗاۚ وَلَهُنَّ مِثۡلُ ٱلَّذِي عَلَيۡهِنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِۚ وَلِلرِّجَالِ عَلَيۡهِنَّ دَرَجَةٞۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Ажырашкан аялдар үч этек кир мөөнөтүндө күтүшөт, ал арада башкага турмушка чыгышпайт. Эгер Аллахка жана акырет күнүнө чындап ыйман келтиришкен болсо, анда Аллах алардын жатынында жараткан нерсени жашырбоосу керек. Ал эми аларга талак берген күйөөлөрү кайра жарашуунунун артынан ынтымакты жана талактын айынан жаралган нерселерди жок кылууну көздөсө, анда күтүү (идда) мөөнөтүндө алар менен кайра жарашууга толук укуктуу. Адамдардын арасында белгилүү болгондой аялдардын да күйөөлөрү сыяктуу укуктары жана милдеттери бар. Ал эми башкаруу жана талак маселеси жактан алганда эркектердин даражасы аялдардыкынан жогору. Аллах эч нерсе нерсеге жеңилбеген Кудуреттүү, шариятында жана башкаруусунда Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
229 : 2

ٱلطَّلَٰقُ مَرَّتَانِۖ فَإِمۡسَاكُۢ بِمَعۡرُوفٍ أَوۡ تَسۡرِيحُۢ بِإِحۡسَٰنٖۗ وَلَا يَحِلُّ لَكُمۡ أَن تَأۡخُذُواْ مِمَّآ ءَاتَيۡتُمُوهُنَّ شَيۡـًٔا إِلَّآ أَن يَخَافَآ أَلَّا يُقِيمَا حُدُودَ ٱللَّهِۖ فَإِنۡ خِفۡتُمۡ أَلَّا يُقِيمَا حُدُودَ ٱللَّهِ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡهِمَا فِيمَا ٱفۡتَدَتۡ بِهِۦۗ تِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِ فَلَا تَعۡتَدُوهَاۚ وَمَن يَتَعَدَّ حُدُودَ ٱللَّهِ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ

Күйөөсү кайра жарашууга ээлик кылган талак эки жолу гана болот, башкача айтканда бир жолу талак берет, кийин кайра жарашат, болбосо дагы талак берет, кийин кайра жарашат, мына ошол эки талактан кийин, же аны өз камкордугуна алып ынтымакта жашайт, же анын алдындагы милдеттерин аткарып, ага жакшылык кылуу менен үчүнчү талагын берет. Эй, күйөөлөр! Аялыңарга төлөп берген калыңдан эч бир нерсени алганга болбойт. Бирок аялы күйөөсүн сырткы келбети же мүнөзү себептүү жактырбаса жана мунун айынан жубайлар бири-бирине болгон милдеттерин аткара албайбыз деп ойлошсо, анда бул ишти алар менен туугандык байланышы бар адамдарга же башкаларга билдиришсин. Эгер жакындары да алар бири-бирине карата жубайлык милдеттерин аткара албайт деп коркушса, анда аял ажырашуу үчүн күйөөсүнө мал-мүлк төлөө аркылуу андан башын бошотуп алуусунда эч кандай күнөө жок. Бул шарият өкүмдөрү адал менен арамды ажыратуучу, андыктан алардын чегинен чыкпагыла. Ким адал менен арамдын ортосундагы Аллахтын чектеринен чыкса, мына ошолор өздөрүн кыйроого учураткан жана Аллахтын каары менен жазасына туш кылган залымдар. info
التفاسير:

external-link copy
230 : 2

فَإِن طَلَّقَهَا فَلَا تَحِلُّ لَهُۥ مِنۢ بَعۡدُ حَتَّىٰ تَنكِحَ زَوۡجًا غَيۡرَهُۥۗ فَإِن طَلَّقَهَا فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡهِمَآ أَن يَتَرَاجَعَآ إِن ظَنَّآ أَن يُقِيمَا حُدُودَ ٱللَّهِۗ وَتِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِ يُبَيِّنُهَا لِقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ

Эгерде күйөөсү ага үчүнчү жолу талак берсе, анда ал аял жалган никени (тахлил) көздөбөстөн, өз каалоосу менен туура жолдо башка эркекке турмушка чыкмайынча жана ошол никеде жыныстык мамиле кылмайынча, аны менен жаңыдан никелешүүгө болбойт. Эгер экинчи күйөөсү ага талак берсе же каза болсо, кийин ал биринчи күйөөсү менен алардан талап кылынган шарият өкүмдөрүн аткарабыз деген ойдо жаңыдан нике кыйдырып, калың төлөп мурунку абалга кайтышса, анда алар үчүн күнөө болбойт. Бул шарият өкүмдөрү Аллах тарабынан Анын өкүмдөрүн жана чектерин билген адамдарга баяндалган. Анткени ошолор гана андан пайда алышат. info
التفاسير:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• بيَّن الله تعالى أحكام النكاح والطلاق بيانًا شاملًا حتى يعرف الناس حدود الحلال والحرام فلا يتجاوزونها.
Аллах таала адамдар адал менен арамдын чектерин билип, алардын чегинен чыкпоо үчүн аларга нике менен талактын өкүмдөрүн баяндады. info

• عظَّم الله شأن النكاح وحرم التلاعب فيه بالألفاظ فجعلها ملزمة، وألغى التلاعب بكثرة الطلاق والرجعة فجعل لها حدًّا بطلقتين رجعيتين ثم تحرم عليه إلا أن تنكح زوجا غيره ثم يطلقها، أو يموت عنها.
Аллах никенин баркын көтөрдү жана ар кандай сөздөр менен аны тамаша тутуудан тыйып, аларды милдеттүү түрдө аткарыла турган кылып койду. Ошондой эле кайра-кайра талак берүүнү жана жарашууну оюн тутуудан токтотуп, аны жарашууга мүмкүн болгон эки талак сөзү менен чектеди, андан кийинкисинде ал башка күйөөгө тийип, аны менен ажырашмайынча же өлмөйүнчө аны менен никелешүүгө болбойт. info

• المعاشرة الزوجية تكون بالمعروف، فإن تعذر ذلك فلا بأس من الطلاق، ولا حرج على أحد الزوجين أن يطلبه.
Жубайлардын жашоосу жакшылык менен уланууга тийиш. Эгер бул такыр мүмкүн болбосо, анда ажырашууга уруксат жана жубайлардын бирөөсү ажырашууну талап кылса, ага эч кандай күнөө эмес. info