د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه.

external-link copy
61 : 16

وَلَوۡ يُؤَاخِذُ ٱللَّهُ ٱلنَّاسَ بِظُلۡمِهِم مَّا تَرَكَ عَلَيۡهَا مِن دَآبَّةٖ وَلَٰكِن يُؤَخِّرُهُمۡ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗىۖ فَإِذَا جَآءَ أَجَلُهُمۡ لَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ سَاعَةٗ وَلَا يَسۡتَقۡدِمُونَ

Эгерде Аллах таала адамдарды зулумдуктары, каапырлыктары себептүү жазалай турган болсо, анда жер бетинде кыбыр эткен адам да жандык да калмак эмес. Бирок Ал Өз илиминде аларды белгилүү убакытка чейин кечиктирет. Эгер Анын илиминде белгиленген ошол убакыт келсе, анда алар аны бир аз мөөнөткө алдыга да артка да жылдыра алышпайт. info
التفاسير:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• من جهالات المشركين: نسبة البنات إلى الله تعالى، ونسبة البنين لأنفسهم، وأَنفَتُهم من البنات، وتغيّر وجوههم حزنًا وغمَّا بالبنت، واستخفاء الواحد منهم وتغيبه عن مواجهة القوم من شدّة الحزن وسوء الخزي والعار والحياء الذي يلحقه بسبب البنت.
Мушриктердин наадандыктарынан – Аллахка кыздарды, ал эми өздөрүнө уул балдарды тийиштүү кылганы, кыздуу болууну жек көрүүлөрү, кыздуу болгону үчүн маанайы бузулуп жүздөрү кубаруусу жана кызы себептүү адамдардан уялып, кайгырып, айып көрүп, кордукка кабылгандай элге көрүнбөй жашынып жүрүүсү. info

• من سنن الله إمهال الكفار وعدم معاجلتهم بالعقوبة ليترك الفرصة لهم للإيمان والتوبة.
Каапырларга мөөнөт берүү жана аларга ыйман келтирүүгө, тообо кылууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн жазаны кечиктирүү – Аллахтын жолдорунан. info

• مهمة النبي صلى الله عليه وسلم الكبرى هي تبيان ما جاء في القرآن، وبيان ما اختلف فيه أهل الملل والأهواء من الدين والأحكام، فتقوم الحجة عليهم ببيانه.
Пайгамбардын эң чоң милдети – Курандагы келген нерселерди түшүндүрүү жана башка диндерди жана өз каалоолорун ээрчигендердин дин жана шарият өкүмдөрү тууралуу талашып тартышкандарын баяндоо. Аны баяндаган соң алар кыяматта доомат коё алышпайт. info