د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه.

د مخ نمبر:close

external-link copy
32 : 15

قَالَ يَٰٓإِبۡلِيسُ مَا لَكَ أَلَّا تَكُونَ مَعَ ٱلسَّٰجِدِينَ

Иблис Адамга сажда кылуудан баш тарткандан кийин Аллах андан: «Менин буйругума баш ийип сажда кылышкан периштелер менен бирге сажда кылуудан сени эмне тосту?» – деп сурады. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 15

قَالَ لَمۡ أَكُن لِّأَسۡجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقۡتَهُۥ مِن صَلۡصَٰلٖ مِّنۡ حَمَإٖ مَّسۡنُونٖ

Иблис текеберленип айтты: «Менин адамга сажда кылганым туура эмес. Сен аны кургаган ылайдан жараттың. Ал өзгөргөн кара түстөгү ылай». info
التفاسير:

external-link copy
34 : 15

قَالَ فَٱخۡرُجۡ مِنۡهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٞ

Аллах Иблиске айтты: «Бейиштен чык! Чындыгында сен куулгандардансың. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 15

وَإِنَّ عَلَيۡكَ ٱللَّعۡنَةَ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلدِّينِ

Сен кыяматка чейин Менин каргышыма калдың жана ырайымымдан куулдуң». info
التفاسير:

external-link copy
36 : 15

قَالَ رَبِّ فَأَنظِرۡنِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ

Иблис айтты: «Оо, Раббим! Анда мага жаратылгандар кайра тирилүүчү күнгө чейин мени өлтүрбөй мөөнөт бер». info
التفاسير:

external-link copy
37 : 15

قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلۡمُنظَرِينَ

Аллах ага айтты: «Албетте сен ажалы кечиктирилип мөөнөт берилгендерден болдуң. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 15

إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡوَقۡتِ ٱلۡمَعۡلُومِ

Сурнай тартылып бардык жаратылгандар өлгөн убакытка чейин». info
التفاسير:

external-link copy
39 : 15

قَالَ رَبِّ بِمَآ أَغۡوَيۡتَنِي لَأُزَيِّنَنَّ لَهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَأُغۡوِيَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ

Иблис айтты: «Оо, Раббим! Сен мени адаштырганың себептүү мен дагы аларга жер бетинде күнөөлөрдү кооз кылып көргөзөм жана алардын баарысын туура жолдон сөзсүз адаштырам. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 15

إِلَّا عِبَادَكَ مِنۡهُمُ ٱلۡمُخۡلَصِينَ

Бир гана Өзүңө сыйынуу үчүн тандап алган пенделериңден башкасын». info
التفاسير:

external-link copy
41 : 15

قَالَ هَٰذَا صِرَٰطٌ عَلَيَّ مُسۡتَقِيمٌ

Аллах айтты: «Бул – Мага жеткирүүчү түз жол. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 15

إِنَّ عِبَادِي لَيۡسَ لَكَ عَلَيۡهِمۡ سُلۡطَٰنٌ إِلَّا مَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلۡغَاوِينَ

Чындыгында Менин ыкластуу пенделеримди азгырууга кудуретиң жетпейт жана аларды башкара да албайсың. Бирок сени ээрчип адашкандарды гана башкара аласың». info
التفاسير:

external-link copy
43 : 15

وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوۡعِدُهُمۡ أَجۡمَعِينَ

Чындыгында тозок Иблис жана аны ээрчиген бардык адашкандарга убада кылынган жай. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 15

لَهَا سَبۡعَةُ أَبۡوَٰبٖ لِّكُلِّ بَابٖ مِّنۡهُمۡ جُزۡءٞ مَّقۡسُومٌ

Алар кире турган тозоктун жети эшиги бар. Анын ар бир эшигинен Иблисти ээрчигендерден кире турган белгилүү өлчөм бар. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 15

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ

Чындыгында Раббисинин буйруктарына моюн сунуп, тыйгандарынан алыстап Андан корккондор үчүн бейиш бактары жана булактар бар. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 15

ٱدۡخُلُوهَا بِسَلَٰمٍ ءَامِنِينَ

Алар кирип баратканда аларга айтылат: «Балээ-коркунучтардан кутулуп саламаттыкта бейишке киргиле!» info
التفاسير:

external-link copy
47 : 15

وَنَزَعۡنَا مَا فِي صُدُورِهِم مِّنۡ غِلٍّ إِخۡوَٰنًا عَلَىٰ سُرُرٖ مُّتَقَٰبِلِينَ

Биз алардын көкүрөктөрүнөн жек көрүүнү жана душмандыкты алып салдык. Алар бири-бирин жакшы көргөн бир туугандар. Алар бет маңдай бири-бирин карап сөрүлөрдө отурушат. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 15

لَا يَمَسُّهُمۡ فِيهَا نَصَبٞ وَمَا هُم مِّنۡهَا بِمُخۡرَجِينَ

Алар бейиште чарчашпайт жана ал жактан чыгышпайт. Алар бейиште түбөлүк калышат. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 15

۞ نَبِّئۡ عِبَادِيٓ أَنِّيٓ أَنَا ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ

Оо, пайгамбар! Пенделериме билдир: «Чындыгында алардын тообо кылгандарын Мен гана кечирем жана ырайым кылам». info
التفاسير:

external-link copy
50 : 15

وَأَنَّ عَذَابِي هُوَ ٱلۡعَذَابُ ٱلۡأَلِيمُ

Жана Менин азабым – жан ооруткан азап экенин аларга жеткир. Алар Менин кечиримиме жетип, азабымдан кутулуш үчүн Мага тообо кылышсын. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 15

وَنَبِّئۡهُمۡ عَن ضَيۡفِ إِبۡرَٰهِيمَ

Ошондой эле Ибрахимге конок болуп келишкен периштелердин кабарын аларга жеткир. Алар ага балалуу болорун сүйүнчүлөп жана Луттун коомун жок кылуу үчүн келишкен. info
التفاسير:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• في الآيات دليل على تزاور المتقين واجتماعهم وحسن أدبهم فيما بينهم، في كون كل منهم مقابلًا للآخر لا مستدبرًا له.
Бул аяттар такыба адамдар бири-бири менен көрүшүп, чогулушуп жана бири-бирине артын салбай бет маңдай болуп өз ара жакшы адепте болууларына далил болот. info

• ينبغي للعبد أن يكون قلبه دائمًا بين الخوف والرجاء، والرغبة والرهبة.
Пенденин жүрөгү дайым коркунуч менен үмүттүн, каалоо менен коркуунун ортосунда болуш керек. info

• سجد الملائكة لآدم كلهم أجمعون سجود تحية وتكريم إلا إبليس رفض وأبى.
Бардык периштелер саламдашуу жана урматтоо саждасы менен Адамга сажда кылышты. Иблис гана сажда кылуудан баш тартты. info

• لا سلطان لإبليس على الذين هداهم الله واجتباهم واصطفاهم في أن يلقيهم في ذنب يمنعهم عفو الله.
Аллах туура жолго салып, Өзү тандаган пенделеринин үстүнөн Иблис бийлик кыла албайт. Аларды Аллахтын кечириминен куру калтырган күнөөлөргө түртө албайт. info