د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه.

د مخ نمبر:close

external-link copy
14 : 13

لَهُۥ دَعۡوَةُ ٱلۡحَقِّۚ وَٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ لَا يَسۡتَجِيبُونَ لَهُم بِشَيۡءٍ إِلَّا كَبَٰسِطِ كَفَّيۡهِ إِلَى ٱلۡمَآءِ لِيَبۡلُغَ فَاهُ وَمَا هُوَ بِبَٰلِغِهِۦۚ وَمَا دُعَآءُ ٱلۡكَٰفِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَٰلٖ

Аллахтын жалгыздыгына чакыруу жалгыз Аллах үчүн гана болуу керек. Бул нерседе эч ким ага шерик эмес. Мушриктер дуба кылып сурап жаткан Аллахтан башка кудайчалар алар эмне гана дуба кылып сурабасын, алардын дубаларына жооп беришпейт. Алардын ага кылган дубалары суусаган адам сууга колун сунуп сууну оозуна жеткизип ичем деген сыяктуу. Суу болсо анын оозуна жетпейт, ал эми каапырлардын кудайчаларга кылган дубалары туурадан алыс жана алар жоготууда. Анткени куйдайчалар аларга пайда алып келгенге жана алардан зыянды тосууга ээлик кылбайт. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 13

وَلِلَّهِۤ يَسۡجُدُۤ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ طَوۡعٗا وَكَرۡهٗا وَظِلَٰلُهُم بِٱلۡغُدُوِّ وَٱلۡأٓصَالِ۩

Асмандардагы жана жердегилердин баары жалгыз Аллах үчүн сажда кылып моюн сунушат. Бул нерседе мусулман жана каапыр бирдей. Болгону мусулман Аллахка өз каалоосу менен моюн сунуп сажда кылат. Ал эми каапыр болсо Аллахка мажбур түрдө моюн сунат. Бирок анын табияты Аллахка өз каалоосу менен моюн сунууну айтып турат. Көлөкөсү бар бардык жаратылгандардын көлөкөлөрү эртең менен кечинде Аллахка баш ийишет. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 13

قُلۡ مَن رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ قُلِ ٱللَّهُۚ قُلۡ أَفَٱتَّخَذۡتُم مِّن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ لَا يَمۡلِكُونَ لِأَنفُسِهِمۡ نَفۡعٗا وَلَا ضَرّٗاۚ قُلۡ هَلۡ يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُ أَمۡ هَلۡ تَسۡتَوِي ٱلظُّلُمَٰتُ وَٱلنُّورُۗ أَمۡ جَعَلُواْ لِلَّهِ شُرَكَآءَ خَلَقُواْ كَخَلۡقِهِۦ فَتَشَٰبَهَ ٱلۡخَلۡقُ عَلَيۡهِمۡۚ قُلِ ٱللَّهُ خَٰلِقُ كُلِّ شَيۡءٖ وَهُوَ ٱلۡوَٰحِدُ ٱلۡقَهَّٰرُ

О, пайгамбар! Аллах менен бирге башка нерселерге да сыйынып жаткан каапырларга: “Асмандардын жана жердин Жаратуучусу жана ал экөөнү Башкаруучу ким?” деп айткын. О, пайгамбар! Дагы аларга: “Ал экөөнү Жаратуучу жана Башкаруучу – Аллах. Муну силер да моюнга аласыңар” деп айт. О, пайгамбар! Аларга дагы минтип айткын: “Аллахтан башка алсыз олуяларды өзүңөргө дос кылып алдыңарбы? Алар өздөрүнө пайда алып келе албайт, зыяндан сактана албайт. Анан кантип башкаларга жардам бере алмак эле?” О, пайгамбар! Аларга айткын: “Көкүрөгү көр каапыр менен туура жолдогу көрөгөч мусулман бирдейби? Же караңгы каапырлык менен нурдуу ыйман бирдейби?” Же Аллах Таалага жаратууда шерик болуштубу? Же алар Аллахтын жаратканындай жаратыштыбы? Алар Аллахтын жаратканын алардын шериктери жаратты деп аралаштырып алышты. О, пайгамбар! Аларга айткын: “Жалгыз Аллах бардык нерсени Жаратуучу. Жаратууда Ага эч ким шерик эмес. Кудай болуу жалгыз Ага гана таандык. Ал жалгыз Өзү гана ибадат кылууга татыктуу жана бардык нерсеге үстөмдүк кылуучу. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 13

أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَسَالَتۡ أَوۡدِيَةُۢ بِقَدَرِهَا فَٱحۡتَمَلَ ٱلسَّيۡلُ زَبَدٗا رَّابِيٗاۖ وَمِمَّا يُوقِدُونَ عَلَيۡهِ فِي ٱلنَّارِ ٱبۡتِغَآءَ حِلۡيَةٍ أَوۡ مَتَٰعٖ زَبَدٞ مِّثۡلُهُۥۚ كَذَٰلِكَ يَضۡرِبُ ٱللَّهُ ٱلۡحَقَّ وَٱلۡبَٰطِلَۚ فَأَمَّا ٱلزَّبَدُ فَيَذۡهَبُ جُفَآءٗۖ وَأَمَّا مَا يَنفَعُ ٱلنَّاسَ فَيَمۡكُثُ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ كَذَٰلِكَ يَضۡرِبُ ٱللَّهُ ٱلۡأَمۡثَالَ

Аллах, жалгандын жок болуусуна жана акыйкаттын сакталып калуусуна асмандан түшкөн жамгырдын суусун мисал кылды. Ал өлчөмүнө жараша аз же көп болуп өзөндөрдө агат. Анан ал сел таштанды, көбүктөрдү суунун үстүнө чыгарат. Ошондой эле Аллах ал экөөнө, кымбат баалуу металдарды отко эритип, анын ширенди-датын ажыратып, жасана турган жасалгаларды жасаганды мисал кылат. Аллах ушундай мисалдарды акыйкат менен жалганга мисал катары келтирет. Жалган – суунун үстүнө чыгып калган таштанды жана көбүктөргө жана металды эриткенде чыккан ширенди-даттарга окшош. Ал эми акыйкат – ичиле турган таза суу сыяктуу. Анын натыйжасында мөмөлөр, өсүмдүктөр, чөптөр өсөт. Жана жасалгандан кийинки (таза) темир сыяктуу. Аны адамдар пайдаланат. Аллах акыйкат жалгандан айырмаланып туруусу үчүн адамдарга ушул эки мисалды келтирген сыяктуу башка мисалдарды да келтирет. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 13

لِلَّذِينَ ٱسۡتَجَابُواْ لِرَبِّهِمُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ وَٱلَّذِينَ لَمۡ يَسۡتَجِيبُواْ لَهُۥ لَوۡ أَنَّ لَهُم مَّا فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا وَمِثۡلَهُۥ مَعَهُۥ لَٱفۡتَدَوۡاْ بِهِۦٓۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ سُوٓءُ ٱلۡحِسَابِ وَمَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمِهَادُ

Раббиси Аны жалгыздоого жана Ага моюн сунууга чакырганда Ага жооп берген ыймандуулар үчүн жакшы сыйлык бар, ал – бейиш. Ал эми Анын жалгыздыгына жана Ага моюн сунууга чакырганда жооп бербеген каапырлар эгерде аларда жер бетиндеги түрдүү мал-мүлктөр болсо жана ошого кошумча дагы ошончолук мал-мүлктөрү болсо, анда алар ошонун баарын жандарын азаптан куткаруу үчүн сарптап жиберишмек. Алар Аллахтын чакырыгына жооп беришпеди. Алар бардык кылган күнөөлөрү үчүн суракка алынышат. Алардын бара турган жайы тозок. Алардын бара турган жерлери жана жайлары тозок кандай жаман! info
التفاسير:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• بيان ضلال المشركين في دعوتهم واستغاثتهم بغير الله تعالى، وتشبيه حالهم بحال من يريد الشرب فيبسط يده للماء بلا تناول له، وليس بشارب مع هذه الحالة؛ لكونه لم يتخذ وسيلة صحيحة لذلك.
Мушриктердин Аллах тааладан башка нерседен коргоо сурап жана башка нерсеге дуба кылып адашкандарын баяндоо. Алардын абалын суу ичем деп колун сууга сунуп бирок суу суза албаган адамдын абалына окшош. Ал адам бул абалда суу иче албайт. Анткени ал нерсеге туура себепти колдонгон жок. info

• أن من وسائل الإيضاح في القرآن: ضرب الأمثال وهي تقرب المعقول من المحسوس، وتعطي صورة ذهنية تعين على فهم المراد.
Курандагы түшүндүрүү жолдордун бири – мисалдарды келтирүү. Ал акылга сыя турган нерсени көрүнүктүү нерсе менен мисал кылуу. Анткени ал зээнде бир элести пайда кылып, максат кылынган нерсени түшүнүүгө жардам берет. info

• إثبات سجود جميع الكائنات لله تعالى طوعًا، أو كرهًا بما تمليه الفطرة من الخضوع له سبحانه.
Жаратылган нерселердин бардыгы Аллах таалага моюн сунган абалда же аруу Аллахка моюн сунуу алардын таза табиятында болгондуктан, алар мажбур түрүндө сажда кылышат. info