د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه.

external-link copy
84 : 12

وَتَوَلَّىٰ عَنۡهُمۡ وَقَالَ يَٰٓأَسَفَىٰ عَلَىٰ يُوسُفَ وَٱبۡيَضَّتۡ عَيۡنَاهُ مِنَ ٱلۡحُزۡنِ فَهُوَ كَظِيمٞ

Алардан жүзүн буруп: «Аттиң ай, Юсуф балама болгон кайгым жан кыйнады го!» – деди. Баласы үчүн көп ыйлагандыгынан анын көзүнүн карасы бозоруп, кайгы-капага толуп кеткен эле. Бирок ал кайгысын адамдарга айтчу эмес. info
التفاسير:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• لا يجوز أخذ بريء بجريرة غيره، فلا يؤخذ مكان المجرم شخص آخر.
Күнөөсүз адамды башканын күнөөсү үчүн жазалоого уруксат берилбейт. Кылмышкердин ордуна башканы алууга да болбойт. info

• الصبر الجميل هو ما كانت فيه الشكوى لله تعالى وحده.
Жакшы сабырдуулук деген – Аллах тааланын Өзүнө гана болгон арызданууну камтыган сабырдуулук. info

• على المؤمن أن يكون على تمام يقين بأن الله تعالى يفرج كربه.
Ыймандуу адам Аллах таала аны кыйынчылыктан куткарат деген терең ишенимде болууга тийиш. info