[1] Бул аятка эки түрлүү тафсир айтылат: 1. Китеп ээлеринин бардыгы өздөрүнүн өлүмүнө бир аз калып, жан алкымына келгенде Исага “Албетте, Иса Аллахтын пендеси (кулу) жана пайгамбары болгон. Кудай да болгон эмес, Кудайдын баласы да болгон эмес” деп, туура ыйман келтиришет. Бирок, анда кеч болуп калат. Жан алкымга келгендеги ыйман эсепке алынбайт. 2. Кыяматка жакын калганда Иса - Аллахтын буйругу менен - жер бетине түшүп, Дажжалды өлтүрөт. Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын динин жер жүзүнө жайылтып, исламдык бийлик орнотот. Ал өз оозу менен өзүнүн Кудай эмес экенин, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын ак пайгамбар экенин) айткандан кийин табигый өлүм менен өлөт. Чындыкты Исанын өз оозунан уккан “Китеп ээлери Исага өлүмүнөн бир аз мурун ыйман келтиришет”. Жер бетинде “Иса Кудай эмес. Аллахтын кулу жана элчиси” деп ыйман келтирбеген бир да яхудий же христиан калбайт.