د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قيرغيزي ژباړه - شمس الدين حكيموف

د مخ نمبر:close

external-link copy
19 : 35

وَمَا يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُ

Сокур менен көздүү тең эмес. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 35

وَلَا ٱلظُّلُمَٰتُ وَلَا ٱلنُّورُ

Караңгы менен нур дагы (тең эмес). info
التفاسير:

external-link copy
21 : 35

وَلَا ٱلظِّلُّ وَلَا ٱلۡحَرُورُ

Аптап менен көлөкө дагы (тең эмес). info
التفاسير:

external-link copy
22 : 35

وَمَا يَسۡتَوِي ٱلۡأَحۡيَآءُ وَلَا ٱلۡأَمۡوَٰتُۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُسۡمِعُ مَن يَشَآءُۖ وَمَآ أَنتَ بِمُسۡمِعٖ مَّن فِي ٱلۡقُبُورِ

Тирүүлөр менен өлүктөр дагы тең эмес![1] Аллах (сенин эскертүүлөрүңдү) каалаган пендесине угузат. Сен мүрзөдө жаткандарга угуза албайсың! info

[1] Ыймандуулар менен каапырлар.

التفاسير:

external-link copy
23 : 35

إِنۡ أَنتَ إِلَّا نَذِيرٌ

Сен болгону бир эскертүүчүсүң. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 35

إِنَّآ أَرۡسَلۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ بَشِيرٗا وَنَذِيرٗاۚ وَإِن مِّنۡ أُمَّةٍ إِلَّا خَلَا فِيهَا نَذِيرٞ

Чынында Биз сени (бейиштен) сүйүнүчтүү кабар берүүчү, (тозоктон) эскертүүчү (пайгамбар) кылып Акыйкат менен жибердик. (Тарыхтагы) бардык эл-үммөттүн ичинде бир эскертүүчү (пайгамбар) өткөн. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 35

وَإِن يُكَذِّبُوكَ فَقَدۡ كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَبِٱلزُّبُرِ وَبِٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُنِيرِ

Эгер сени (мушриктер) «жалганчы» дешкен болсо, алардан мурунку пайгамбарларды да (өз доорунун мушриктери) «жалганчы» дешкен. (Чынында,) пайгамбарлары аларга (Аллах тааладан) анык далилдерди, (ыйык) баракчаларды жана Нурдуу Китеп алып келишкен эле. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 35

ثُمَّ أَخَذۡتُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۖ فَكَيۡفَ كَانَ نَكِيرِ

Андан кийин Мен каапыр адамдарды (өлтүрүүчү азап) менен кармадым! (Менин) четке кагуу(м) кандай экен?![1] info

[1] Мушриктер оболу Аллахтын аяттарын четке кагышты. Анан Аллах азап жибергенде «Оо, Аллах бизге бир аз мөөнөт бер! Өзүңө ибадат кылабыз!» деп жалдырашты. Аллах да алардын талаптарын четке кагып койду.

التفاسير:

external-link copy
27 : 35

أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَخۡرَجۡنَا بِهِۦ ثَمَرَٰتٖ مُّخۡتَلِفًا أَلۡوَٰنُهَاۚ وَمِنَ ٱلۡجِبَالِ جُدَدُۢ بِيضٞ وَحُمۡرٞ مُّخۡتَلِفٌ أَلۡوَٰنُهَا وَغَرَابِيبُ سُودٞ

Көрбөйсүңбү, Аллах асмандан суу түшүрдү. Анан Биз аны менен (түсү, даамы) ар түрдүү мөмөлөрдү чыгардык. Тоолордун да ак-ала, кызыл-ала жана чым каралар(ын чыгардык).[1] info

[1] Асмандан жааган жамгыр-кардын натыйжасында пайда болгон бир түрдүү сууну ичип, бир турдүү топурактан азыктанган дарактардын мөмөлөрү ар түрдүү болушу, тоо-таштардын түркүн-түстүү болушу, албетте, акыл жүргүзгөн адамга Аллахтын кудуретинен дарек.

التفاسير:

external-link copy
28 : 35

وَمِنَ ٱلنَّاسِ وَٱلدَّوَآبِّ وَٱلۡأَنۡعَٰمِ مُخۡتَلِفٌ أَلۡوَٰنُهُۥ كَذَٰلِكَۗ إِنَّمَا يَخۡشَى ٱللَّهَ مِنۡ عِبَادِهِ ٱلۡعُلَمَٰٓؤُاْۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ غَفُورٌ

Дагы, ошондой эле адамдардан, жаныбарлардан жана үй-чарба айбандарынан ар түрдүүлөрү бар. (Ушуларды таанып-билүү үчүн аракеттенип, илим издеш керек. Анткени:) Аллахтан аалым (илимдүү) адамдар (көбүрөөк) коркушат. Чынында Аллах - Кудереттүү, Кечиримдүү. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 35

إِنَّ ٱلَّذِينَ يَتۡلُونَ كِتَٰبَ ٱللَّهِ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَنفَقُواْ مِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ سِرّٗا وَعَلَانِيَةٗ يَرۡجُونَ تِجَٰرَةٗ لَّن تَبُورَ

Аллахтын Китебин тилават кылып, намазды толук окуп, Биз ырыскы кылып берген нерселерден көрүнөө жана көмүскө садака кылган адамдар эч зыян тартпай турган сооданы үмүт кылышат. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 35

لِيُوَفِّيَهُمۡ أُجُورَهُمۡ وَيَزِيدَهُم مِّن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ غَفُورٞ شَكُورٞ

(Аллах аларга) сооп-сыйлыктарын толуктап, Өз пазилетинен кошумча соопторду бериши үчүн. Ал Кечирүүчү, Шүгүр кылуучу! info
التفاسير: