د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قيرغيزي ژباړه - شمس الدين حكيموف

د مخ نمبر:close

external-link copy
33 : 30

وَإِذَا مَسَّ ٱلنَّاسَ ضُرّٞ دَعَوۡاْ رَبَّهُم مُّنِيبِينَ إِلَيۡهِ ثُمَّ إِذَآ أَذَاقَهُم مِّنۡهُ رَحۡمَةً إِذَا فَرِيقٞ مِّنۡهُم بِرَبِّهِمۡ يُشۡرِكُونَ

Качан адамдарды зыян торуганда гана Раббисине кайтып, Ага (жалбарып) дуба кылышат. Анан аларга (Аллах) Өз ырайымын таттырганда, алардын кай бирлери кайрадан Раббисине ширк келтире башташат. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 30

لِيَكۡفُرُواْ بِمَآ ءَاتَيۡنَٰهُمۡۚ فَتَمَتَّعُواْ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ

Алар (ширк келтиргендер) Биз берген жакшылыктарга каапыр боло беришсин. Мейли (оо, мушриктер, өткөөл дүйнөдө) пайдаланып калгыла. Анан билесиңер! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 30

أَمۡ أَنزَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ سُلۡطَٰنٗا فَهُوَ يَتَكَلَّمُ بِمَا كَانُواْ بِهِۦ يُشۡرِكُونَ

Же Биз аларга ширк амалдарын(ын чындыгын) сүйлөй турган далил түшүрдүк беле?! info
التفاسير:

external-link copy
36 : 30

وَإِذَآ أَذَقۡنَا ٱلنَّاسَ رَحۡمَةٗ فَرِحُواْ بِهَاۖ وَإِن تُصِبۡهُمۡ سَيِّئَةُۢ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡ إِذَا هُمۡ يَقۡنَطُونَ

Биз качан адамдарга ырайым көргөзсөк, аны менен шаттанышат. Ал эми, өз колдору жасаган иштер себептүү аларга бир жамандык жетсе, анда алар (Аллахтан) үмүт үзүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 30

أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقۡدِرُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ

Эмне, алар Аллах каалаган пендесине ырыскыны кенен, каалаганына тар кылганын көрбөй жатышабы? Албетте, мында ыймандуу коомдорго белгилер бар. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 30

فَـَٔاتِ ذَا ٱلۡقُرۡبَىٰ حَقَّهُۥ وَٱلۡمِسۡكِينَ وَٱبۡنَ ٱلسَّبِيلِۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ لِّلَّذِينَ يُرِيدُونَ وَجۡهَ ٱللَّهِۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Эми, (оо, ыймандуу пенде) тууган-туушканга, бей-бечараларга жана мусапырга (тиешелүү) акысын бергиниң. Аллахтын ыраазычылыгын каалаган пенделерге бул жакшы иш. Дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетишет. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 30

وَمَآ ءَاتَيۡتُم مِّن رِّبٗا لِّيَرۡبُوَاْ فِيٓ أَمۡوَٰلِ ٱلنَّاسِ فَلَا يَرۡبُواْ عِندَ ٱللَّهِۖ وَمَآ ءَاتَيۡتُم مِّن زَكَوٰةٖ تُرِيدُونَ وَجۡهَ ٱللَّهِ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُضۡعِفُونَ

Адамдардын мал-дүйнөсүнөн пайдалануу максатта үстөк кошуп бергениңер Аллахтын алдында көбөйбөйт. Ал эми, Аллахтын Жүзүн үмүт кылып берген зекетиңер болсо, дал ошолор (зекет бергендер) көп көбөйтүүлөргө ээ болуучулар. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 30

ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَكُمۡ ثُمَّ رَزَقَكُمۡ ثُمَّ يُمِيتُكُمۡ ثُمَّ يُحۡيِيكُمۡۖ هَلۡ مِن شُرَكَآئِكُم مَّن يَفۡعَلُ مِن ذَٰلِكُم مِّن شَيۡءٖۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ

Силерди жараткан, анан ырыскы берген, андан кийин өлтүргөн, андан соң (кыяматта кайра) тирилткен – Аллах! Ушулардан кайсы бирин силердин (Аллахка) шерик кошкон «кудайлар» жасай алат? Алардын ширктеринен Аллах Аруу жана Бийик! info
التفاسير:

external-link copy
41 : 30

ظَهَرَ ٱلۡفَسَادُ فِي ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِ بِمَا كَسَبَتۡ أَيۡدِي ٱلنَّاسِ لِيُذِيقَهُم بَعۡضَ ٱلَّذِي عَمِلُواْ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ

Адамдардын колдору жасаган (күнөө) иштер себептүү жерде жана деңизде (ар кандай) бузуучу апаат(тар) пайда болду. Алардын кай бирлеринин жасаган (кылмыштарынын азабын бул дүйнөдө) таттырыш үчүн. Балким алар (күнөөлөрүнөн) кайтышаар! info
التفاسير: