د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قيرغيزي ژباړه - شمس الدين حكيموف

external-link copy
155 : 3

إِنَّ ٱلَّذِينَ تَوَلَّوۡاْ مِنكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡتَقَى ٱلۡجَمۡعَانِ إِنَّمَا ٱسۡتَزَلَّهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ بِبَعۡضِ مَا كَسَبُواْۖ وَلَقَدۡ عَفَا ٱللَّهُ عَنۡهُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ حَلِيمٞ

(Оо, ыймандуулар, Ухудда) эки (согушкер) жамаат жолуккан күндө артына качкан адамдарыңарды, кээ бир күнөөлөрү себептүү, шайтан гана жолдон азгырган.[1] Аллах алардын күнөөсүн кечирди. Аллах Кечиримдүү, (пейили) Жумшак. info

[1] Демек, күнөөнүн жаралышына шайтан себепчи деп, шайтанга шылтоологон туура эмес экен. Шайтандын келишине да адамдын «кээ бир күнөөлөрү» жана ыйманынын алсыздыгы себеп болот экен. Анткени, Аллах таала башка бир аятта: { إن عبادي ليس لك عليهم سلطان }«(Эй, Иблис!) Менин (чыныгы) пенделеримдин үстүнөн сенин бийлигиң жок!» деген.

التفاسير: