ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫

ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ:close

external-link copy
19 : 55

مَرَجَ ٱلۡبَحۡرَيۡنِ يَلۡتَقِيَانِ

Аллах туздуу жана тузсуз эки деңизди аралаштырды, алар көзгө көрүнгөн абалда жолугушат. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 55

بَيۡنَهُمَا بَرۡزَخٞ لَّا يَبۡغِيَانِ

Алардын туздуусу туздуу бойдон, тузсузу тузсуз бойдон калуулары үчүн ал экөөнүн ортосунда бири-бирине өтүп кетүүгө тоскоол болгон тосмо бар. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
22 : 55

يَخۡرُجُ مِنۡهُمَا ٱللُّؤۡلُؤُ وَٱلۡمَرۡجَانُ

Ал эки деңизден тең чоң жана кичине берметтер чыгат. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
24 : 55

وَلَهُ ٱلۡجَوَارِ ٱلۡمُنشَـَٔاتُ فِي ٱلۡبَحۡرِ كَٱلۡأَعۡلَٰمِ

Деңизде сүзгөн тоодой кемелерди башкаруу да жалгыз Аллах таалага таандык. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
26 : 55

كُلُّ مَنۡ عَلَيۡهَا فَانٖ

Жер бетиндеги бүткүл макулуктар сөзсүз жок болот. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 55

وَيَبۡقَىٰ وَجۡهُ رَبِّكَ ذُو ٱلۡجَلَٰلِ وَٱلۡإِكۡرَامِ

Оо, пайгамбар! Улуулук, жакшылык жана пенделерине карата айкөлдүк Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк калат. Ал эч качан жок болбойт. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
29 : 55

يَسۡـَٔلُهُۥ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ كُلَّ يَوۡمٍ هُوَ فِي شَأۡنٖ

Асмандагы периштелердин жана жердеги жиндер менен адамдардын баарысы муктаждыктарын Андан сурашат. Ал күн сайын тирилтүү, өлтүрүү, ырыскы берүү жана башка ушул сыяктуу пенделеринин иштери менен алек. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
31 : 55

سَنَفۡرُغُ لَكُمۡ أَيُّهَ ٱلثَّقَلَانِ

Оо, адамдар жана жиндер! Биз силерди суракка алуу үчүн бошойбуз жана ар бирине татыктуу болгон сыйлыкты же жазаны беребиз. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
33 : 55

يَٰمَعۡشَرَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ إِنِ ٱسۡتَطَعۡتُمۡ أَن تَنفُذُواْ مِنۡ أَقۡطَارِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ فَٱنفُذُواْۚ لَا تَنفُذُونَ إِلَّا بِسُلۡطَٰنٖ

Аллах кыямат күнү жиндер менен адамзатты чогултканда айтат: «Эй, жиндер жана адамзат жамааты! Эгерде силер асмандар менен жердин бир тарабынан чыгуунун жолун тапсаңар, анда ошондой кылгыла. Бирок силер муну күчсүз жана далилсиз эч качан кыла албайсыңар. Силер муну кантип кылмак элеңер?». info
التفاسير:

external-link copy
34 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 55

يُرۡسَلُ عَلَيۡكُمَا شُوَاظٞ مِّن نَّارٖ وَنُحَاسٞ فَلَا تَنتَصِرَانِ

Эй, жиндер жана адамдар! Ал силерге түтүнсүз оттун жалынын жана жалынсыз түтүндү жиберет. Силер андан коргоно албай каласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
37 : 55

فَإِذَا ٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتۡ وَرۡدَةٗ كَٱلدِّهَانِ

Периштелер түшүүсү үчүн асман жарылганда, ал ачык түстөгү май сыяктуу кызыл болуп калат. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
39 : 55

فَيَوۡمَئِذٖ لَّا يُسۡـَٔلُ عَن ذَنۢبِهِۦٓ إِنسٞ وَلَا جَآنّٞ

Ошол улуу күнү адамдардан да, жиндерден да күнөөлөрү тууралуу суралбайт. Анткени Аллах алардын иш-аракеттерин билет. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
41 : 55

يُعۡرَفُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ بِسِيمَٰهُمۡ فَيُؤۡخَذُ بِٱلنَّوَٰصِي وَٱلۡأَقۡدَامِ

Кыяматта күнөөкөрлөр жүздөрү карайган жана көздөрү көк болгон белгилери менен таанылып турат. Алар маңдай көкүлүнөн таманына чейин бүктөлүп, тозокко ыргытылат. info
التفاسير:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• الجمع بين البحر المالح والعَذْب دون أن يختلطا من مظاهر قدرة الله تعالى.
Туздуу деңиз менен тузсуз деңиздин бири-бири менен аралашпастан биригүүсү – Аллахтын кудуреттүүлүгүнүн көрүнүштөрүнөн. info

• ثبوت الفناء لجميع الخلائق، وبيان أن البقاء لله وحده حضٌّ للعباد على التعلق بالباقي - سبحانه - دون من سواه.
Бүткүл макулуктардын жок болушун тастыктоо жана түбөлүктүүлүк Аллахка гана таандык экенин баяндоо аркылуу пенделерди түбөлүк калуучу Аллахтын Өзүнө гана байланууга үндөө. info

• إثبات صفة الوجه لله على ما يليق به سبحانه دون تشبيه أو تمثيل.
Аллах таала жүз сыпатына ээ экендигин эч нерсеге окшоштурбастан жана мисал келтирбестен, Ага гана ылайык келген деңгээлде тастыктоо. info

• تنويع عذاب الكافر.
Каапырга түрдүү азаптардын берилүүсү. info