ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫

ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ:close

external-link copy
77 : 37

وَجَعَلۡنَا ذُرِّيَّتَهُۥ هُمُ ٱلۡبَاقِينَ

Биз анын үй-бүлөсүн менен аны ээрчигендерди гана куткардык. Ал эми алардан башка коомундагы каапырларды сууга чөктүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
78 : 37

وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ

Жана келечек муундарда ал тууралуу айтылган мактоо сөздөрдү калтырдык. info
التفاسير:

external-link copy
79 : 37

سَلَٰمٌ عَلَىٰ نُوحٖ فِي ٱلۡعَٰلَمِينَ

Келечек муундарда Нух тууралуу жаман сөздөр айтылуусунан ага саламаттык жана амандык болсун! Тескерисинче, аны эскерип айтылган жакшы сөздөр гана калат. info
التفاسير:

external-link copy
80 : 37

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Биз Нухка бергендей сыйлыкты Аллахка гана сыйынып жакшылыктарды кылгандарга жана Ага моюн сунгандарга да беребиз. info
التفاسير:

external-link copy
81 : 37

إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Чындыгында Нух Аллахка моюн сунган ыймандуу пенделерибизден. info
التفاسير:

external-link copy
82 : 37

ثُمَّ أَغۡرَقۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ

Кийин Биз калгандарын аларга жиберген топон сууга чөктүрдүк. Алардан эч ким калган жок. info
التفاسير:

external-link copy
83 : 37

۞ وَإِنَّ مِن شِيعَتِهِۦ لَإِبۡرَٰهِيمَ

Чындыгында Ибрахим дагы жалгыз Аллахка чакырууда анын динине туура келген абалда ээрчиген адамдардан болчу. info
التفاسير:

external-link copy
84 : 37

إِذۡ جَآءَ رَبَّهُۥ بِقَلۡبٖ سَلِيمٍ

Эстечи, бир кезде ал Раббисине ширктен тазаланган жүрөк менен жана адамдарга Аллахты насаат кылган абалда келди. info
التفاسير:

external-link copy
85 : 37

إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوۡمِهِۦ مَاذَا تَعۡبُدُونَ

Ошондо ал атасы менен мушрик коомун жемелеп мындай деп айтты: «Аллахтан башка эмнелерге сыйынып жатасыңар? info
التفاسير:

external-link copy
86 : 37

أَئِفۡكًا ءَالِهَةٗ دُونَ ٱللَّهِ تُرِيدُونَ

Аллахтан башка жалган кудайларга сыйынып жатасыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
87 : 37

فَمَا ظَنُّكُم بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Эй, элим! Силер ааламдардын Раббисинен башкага сыйынган абалда Ага жолуккан кезде Ал тууралуу кандай ойлойсуңар?». info
التفاسير:

external-link copy
88 : 37

فَنَظَرَ نَظۡرَةٗ فِي ٱلنُّجُومِ

Ибрахим эли менен чогу барбастын айласын издеп жылдыздарга бир карады. info
التفاسير:

external-link copy
89 : 37

فَقَالَ إِنِّي سَقِيمٞ

Анан эли менен чогу майрамга баргысы келбей шылтоосун айтып: «Мен ооруп жатам» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
90 : 37

فَتَوَلَّوۡاْ عَنۡهُ مُدۡبِرِينَ

Алар аны таштап кетишти. info
التفاسير:

external-link copy
91 : 37

فَرَاغَ إِلَىٰٓ ءَالِهَتِهِمۡ فَقَالَ أَلَا تَأۡكُلُونَ

Анан алардын Аллахтан башка сыйынган кудайларына келип, алардын шылдыңдай мындай деди: «Мушриктер силер үчүн жасаган тамак-аштардан жебейсиңерби? info
التفاسير:

external-link copy
92 : 37

مَا لَكُمۡ لَا تَنطِقُونَ

Эмнеге сүйлөбөйсүңөр? Эмнеге сурагандарга жооп бербейсиңер? Аллахтан башка ушундай нерселерге сыйынган болмок беле?!». info
التفاسير:

external-link copy
93 : 37

فَرَاغَ عَلَيۡهِمۡ ضَرۡبَۢا بِٱلۡيَمِينِ

Ибрахим жакын келип аларды оң колу менен сындыра бир чапты. info
التفاسير:

external-link copy
94 : 37

فَأَقۡبَلُوٓاْ إِلَيۡهِ يَزِفُّونَ

Ошондо аларга сыйынган адамдар аны көздөй далбастап келишти. info
التفاسير:

external-link copy
95 : 37

قَالَ أَتَعۡبُدُونَ مَا تَنۡحِتُونَ

Ибрахим аларды туруктуулук менен кабыл алды. Аларды жемелеп мындай деди: «Өзүңөр чегип жасаган Аллахтан башка кудайларыңарга сыйынасыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
96 : 37

وَٱللَّهُ خَلَقَكُمۡ وَمَا تَعۡمَلُونَ

Аллах таала силерди жана иш-аракетиңерди жаратты. Бул айкелдериңер болсо силердин жасаган ишиңер. Аллах гана ширк кылынбастан сыйынууга татыктуу. info
التفاسير:

external-link copy
97 : 37

قَالُواْ ٱبۡنُواْ لَهُۥ بُنۡيَٰنٗا فَأَلۡقُوهُ فِي ٱلۡجَحِيمِ

Качан алар ага каршы далил келтире албай калышканда күч колдонууга өтүштү. Алар Ибрахимди эмне кылуу тууралуу ич ара кеңешип мындай дешти: «Ал үчүн имарат кургула да, анын ичин отунга толтургула жана аны күйгүзүп туруп, аны ошого ыргыткыла!». info
التفاسير:

external-link copy
98 : 37

فَأَرَادُواْ بِهِۦ كَيۡدٗا فَجَعَلۡنَٰهُمُ ٱلۡأَسۡفَلِينَ

Ибрахимдин эли аны жок кылып жаныбыз жай алат деп ага жамандыкты каалашты. Бирок Биз отту салкын жана бейпил кылуубуз менен аларды жоготууга учураттык. info
التفاسير:

external-link copy
99 : 37

وَقَالَ إِنِّي ذَاهِبٌ إِلَىٰ رَبِّي سَيَهۡدِينِ

Ибрахим айтты: «Мен талаптагыдай сыйыныш үчүн өз эл-жеримди таштап Раббиме кетем. Раббим мени эки дүйнөдөгү жакшылыктарга жолдойт». info
التفاسير:

external-link copy
100 : 37

رَبِّ هَبۡ لِي مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

«Оо, Раббим! Мага такыба перзент бере көр. Ал мага жат жерде элимдин ордуна эрмек жана жөлөк болсун». info
التفاسير:

external-link copy
101 : 37

فَبَشَّرۡنَٰهُ بِغُلَٰمٍ حَلِيمٖ

Биз анын дубасына жооп бердик жана ага бой жетип кичи пейил боло турган перзенттүү болору тууралуу сүйүнчү кабарды жеткирдик. info
التفاسير:

external-link copy
102 : 37

فَلَمَّا بَلَغَ مَعَهُ ٱلسَّعۡيَ قَالَ يَٰبُنَيَّ إِنِّيٓ أَرَىٰ فِي ٱلۡمَنَامِ أَنِّيٓ أَذۡبَحُكَ فَٱنظُرۡ مَاذَا تَرَىٰۚ قَالَ يَٰٓأَبَتِ ٱفۡعَلۡ مَا تُؤۡمَرُۖ سَتَجِدُنِيٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّٰبِرِينَ

Исмаил бой тартып, атасы менен тең катар басып калганда атасы Ибрахим түш көрдү. Пайгамбарлардын түшү аян. Ибрахим баласына көргөн түшүн жоруп: «Балам! Мен түшүмдө сени курмандыкка чалып жатыпмын. Бул тууралуу кандай ойлойсуң?» – дегенде, Исмаил атасына мындай деди: «Атаке! Аллахтын мени курмандыкка чал деген буйругун аткарыңыз. Мени Аллахтын өкүмүнө ыраазы, сабыр кылган абалда табасыз». info
التفاسير:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• من مظاهر الإنعام على نوح: نجاة نوح ومن آمن معه، وجعل ذريته أصول البشر والأعراق والأجناس، وإبقاء الذكر الجميل والثناء الحسن.
Аллахтын Нухка кылган жакшылыктарынан – Нухту жана аны менен ыйман келтиргендерди куткарганы, анын урпактарынан адамзатты, расаларды жана улуттарды таратканы жана анын артынан ал тууралуу алкыш-мактоо сөздөрдү калтыруусу. info

• أفعال الإنسان يخلقها الله ويفعلها العبد باختياره.
Инсандын иш-аракеттерин Аллах жаратат, ал эми пенде аны өз ыктыяры менен аткарат. info

• الذبيح بحسب دلالة هذه الآيات وترتيبها هو إسماعيل عليه السلام؛ لأنه هو المُبَشَّر به أولًا، وأما إسحاق عليه السلام فبُشِّر به بعد إسماعيل عليه السلام.
Бул аяттардын негизинде жана тартип боюнча алганда курмандыкка Исмаил чалынган. Анткени ал тууралуу биринчи сүйүнчү айтылган. Ал эми Исхак пайгамбар тууралуу Исмаилден кийин сүйүнчүлөнгөн. info

• قول إسماعيل: ﴿سَتَجِدُنِي إِن شَآءَ اْللهُ مِنَ اْلصَّابِرِينَ﴾ سبب لتوفيق الله له بالصبر؛ لأنه جعل الأمر لله.
Исмаилдин «Аллах кааласа сиз мени сабырдуулардан экенимди билесиз» деп айтканы – Аллахтын ага сабыр кылууга ийгилик бергени. Анткени ал бул ишти Аллах үчүн кылды. info