ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫

ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ:close

external-link copy
32 : 34

قَالَ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُواْ لِلَّذِينَ ٱسۡتُضۡعِفُوٓاْ أَنَحۡنُ صَدَدۡنَٰكُمۡ عَنِ ٱلۡهُدَىٰ بَعۡدَ إِذۡ جَآءَكُمۖ بَلۡ كُنتُم مُّجۡرِمِينَ

Акыйкатка текеберлик кылып өздөрүнө ээрчиткендер аларды ээрчиген алсыздарга айтышты: «Мухаммад силерге алып келген туура жолду ээрчүүдөн силерди биз тоскон белек?! Жок! Силер өзүңөр зулум кылган, бузулган жана бузукулук кылган адамдар болдуңар». info
التفاسير:

external-link copy
33 : 34

وَقَالَ ٱلَّذِينَ ٱسۡتُضۡعِفُواْ لِلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُواْ بَلۡ مَكۡرُ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ إِذۡ تَأۡمُرُونَنَآ أَن نَّكۡفُرَ بِٱللَّهِ وَنَجۡعَلَ لَهُۥٓ أَندَادٗاۚ وَأَسَرُّواْ ٱلنَّدَامَةَ لَمَّا رَأَوُاْ ٱلۡعَذَابَۚ وَجَعَلۡنَا ٱلۡأَغۡلَٰلَ فِيٓ أَعۡنَاقِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۖ هَلۡ يُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Ал эми аларды ээрчиген алсыздары, чындыкка (муюбай) текеберлик кылган башчыларына минтип айтат: «Жок! Силер күнү-түнү айла-амал кылып бизди туура жолдон тостуңар, бизди Аллахка каапыр болууга, Андан башка нерселерге ибадат кылууга буйрудуңар». Качан алар азапты көргөндө жана азапталарын билгенде бул дүйнөдөгү каапырлыгына ичтеринен өкүнүштү. Биз каапырлардын моюнуна кишен салып койдук. Мындай жазага алардын бул дүйнөдө Аллахтан башкага сыйынып, күнөөгө берилигени гана себеп. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 34

وَمَآ أَرۡسَلۡنَا فِي قَرۡيَةٖ مِّن نَّذِيرٍ إِلَّا قَالَ مُتۡرَفُوهَآ إِنَّا بِمَآ أُرۡسِلۡتُم بِهِۦ كَٰفِرُونَ

Биз кайсы бир шаарга аларды коркутуш үчүн пайгамбар жибербейли, ал жерде жыргалчылыкта жашаган мансаптуу, атактуу жана бай адамдар: «Эй, пайгамбарлар! Чындыгында биз силерге жиберилген нерсеге каапырлык кылдык» – деп айтышты. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 34

وَقَالُواْ نَحۡنُ أَكۡثَرُ أَمۡوَٰلٗا وَأَوۡلَٰدٗا وَمَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِينَ

Мактанып бой көтөргөн атактуу адамдар айтышты: «Биздин байлыгыбыз жана балдарыбыз көп. Ал эми силер бизди азапталат деген оюңар жалган. Биз дүйнөдө да, акыретте да азапталбайбыз». info
التفاسير:

external-link copy
36 : 34

قُلۡ إِنَّ رَبِّي يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقۡدِرُ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ

Оо, пайгамбар! Ал берилген жакшылыктарга азгырылгандарга айт: «Менин Раббим Өзү каалаган адамга, ал шүгүр кылабы же танып кетеби деп сынаш үчүн ырыскысын кенен кылат. Ошондой эле Ал Өзү каалаган адамга, ал сабыр кылабы же нааразы болобу деп сынаш үчүн ырыскысын тар кылат». А бирок адамдардын көпчүлүгү Аллах Даанышман Зат экендигин биле беришпейт. Ал эмнени тагдыр кылса, анда терең даанышмандыык бар. Ким аны билсе, билиптир, билбегени билбептир. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 34

وَمَآ أَمۡوَٰلُكُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُكُم بِٱلَّتِي تُقَرِّبُكُمۡ عِندَنَا زُلۡفَىٰٓ إِلَّا مَنۡ ءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا فَأُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ جَزَآءُ ٱلضِّعۡفِ بِمَا عَمِلُواْ وَهُمۡ فِي ٱلۡغُرُفَٰتِ ءَامِنُونَ

Силер мактанып жаткан байлыгыңар жана балдарыңар силерди Аллахтын ыраазылыгына жеткирбейт. Бирок Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар эселеген сыйлыкка жетишет. Аллах жолунда сарпталган байлыгы жана ага дуба кылган бала-чакасы аны Ага жакындатат. Мына ошолор ыймандуулар, жакшылыктарды кылгандар, аларга кылган жакшылыктары үчүн эселеген сооптор бар. Алар азап, өлүм жана жакшылыктын токтоп калуусу сыяктуу бардык коркунучтардан саламатта болуу менен бейиштин бийик жайларында болушат. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 34

وَٱلَّذِينَ يَسۡعَوۡنَ فِيٓ ءَايَٰتِنَا مُعَٰجِزِينَ أُوْلَٰٓئِكَ فِي ٱلۡعَذَابِ مُحۡضَرُونَ

Ал эми өздөрүнүн максаттарын ишке ашырыш үчүн адамдарды Биздин аяттарыбыздан бурууга болгон аракеттерин жумшаган каапырлар бул дүйнөдө кыйроого учурашат, акыретте азапталышат. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 34

قُلۡ إِنَّ رَبِّي يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦ وَيَقۡدِرُ لَهُۥۚ وَمَآ أَنفَقۡتُم مِّن شَيۡءٖ فَهُوَ يُخۡلِفُهُۥۖ وَهُوَ خَيۡرُ ٱلرَّٰزِقِينَ

Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында Раббим Өзү каалаган пендесине ырыскыны кенен кылат, алардан кимисине кааласа аны тар кылат. Силер Аллах жолуна эмнени сарптасаңар, Аллах анын ордуна бул дүйнөдө силерге андан да жакшысын берет жана акыретте көптөгөн соопторду берет. Аллах таала эң жакшы ырыскы берүүчү. Ким ырыскы издесе, анда Ага кайтсын». info
التفاسير:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• تبرؤ الأتباع والمتبوعين بعضهم من بعض، لا يُعْفِي كلًّا من مسؤوليته.
Ээрчиткендер менен ээрчигендердин бири-биринен баш тартуусу алардын эч кимисин жоопкерчиликтен куткарбайт. info

• الترف مُبْعِد عن الإذعان للحق والانقياد له.
Кесирлик менен болгон бийлик, байлык акыйкатка моюн сунуудан жана ага ээрчүүдөн алыстатат. info

• المؤمن ينفعه ماله وولده، والكافر لا ينتفع بهما.
Ыймандууга анын байлыгы жана бала-чакасы пайда берет, каапырга ал экөөсүнүн эч бири пайда бербейт. info

• الإنفاق في سبيل الله يؤدي إلى إخلاف المال في الدنيا، والجزاء الحسن في الآخرة.
Аллах жолунда мал-мүлк сарптоо бул дүйнөдө байлыкты арттырат жана акыретте жакшы сыйлыкка жеткирет. info