ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫

ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ:close

external-link copy
84 : 26

وَٱجۡعَل لِّي لِسَانَ صِدۡقٖ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ

Мени кийинки муундар алкыш-мактоо менен эскере тургандай кыл. info
التفاسير:

external-link copy
85 : 26

وَٱجۡعَلۡنِي مِن وَرَثَةِ جَنَّةِ ٱلنَّعِيمِ

Жана мени ыймандуу пенделерин ырахаттанган бейиштеги орундардын мурасчыларынан кыл жана анда жашат. info
التفاسير:

external-link copy
86 : 26

وَٱغۡفِرۡ لِأَبِيٓ إِنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلضَّآلِّينَ

Атамды кечире көр! Чындыгында ал ширк кылганы себептүү акыйкат жолдон адашкандардан болду. Ибрахимге атасы тозок ээлеринен экендигинин кабары билингенге чейин ал ага дуба кылды. Качан ага бул нерсе анык болгондо ал андан баш тартты жана ага дуба кылбай калды. info
التفاسير:

external-link copy
87 : 26

وَلَا تُخۡزِنِي يَوۡمَ يُبۡعَثُونَ

Адамдарды сурак үчүн кайра тирилткен күнү мени азап менен шерменде кылба. info
التفاسير:

external-link copy
88 : 26

يَوۡمَ لَا يَنفَعُ مَالٞ وَلَا بَنُونَ

Ал күндө адамга дүйнөдө чогулткан байлыгы да, аны колдогон бала-чакасы да пайда бербейт. info
التفاسير:

external-link copy
89 : 26

إِلَّا مَنۡ أَتَى ٱللَّهَ بِقَلۡبٖ سَلِيمٖ

Бирок Аллахка эч кандай ширк, эки жүздүүлүк, эл көрсүндүк жана өзүнө-өзү суктануу сыяктуу нерселер болбогон таза жүрөк менен келген адамга гана пайда берет. Ал Аллах жолунда сарптаган байлыгы менен ага дуба кылган бала-чакасынын пайдасын көрөт. info
التفاسير:

external-link copy
90 : 26

وَأُزۡلِفَتِ ٱلۡجَنَّةُ لِلۡمُتَّقِينَ

Бейиш Раббисинин буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштаган такыба адамдарга жакын келтирилди. info
التفاسير:

external-link copy
91 : 26

وَبُرِّزَتِ ٱلۡجَحِيمُ لِلۡغَاوِينَ

Ал эми тозок сурак майданында акыйкат динден адашкандарга көргөзүлдү. info
التفاسير:

external-link copy
92 : 26

وَقِيلَ لَهُمۡ أَيۡنَ مَا كُنتُمۡ تَعۡبُدُونَ

Аларга айыптоо максатта айтылды: «Силер сыйынып жүргөн айкел-буттарыңар кайда калды? info
التفاسير:

external-link copy
93 : 26

مِن دُونِ ٱللَّهِ هَلۡ يَنصُرُونَكُمۡ أَوۡ يَنتَصِرُونَ

Аллахты таштап аларга сыйынган элеңер? Алар силерди Аллахтын азабынан куткарып жардам бере алат бекен же өздөрүнө болсо да жардам бере алат бекен? info
التفاسير:

external-link copy
94 : 26

فَكُبۡكِبُواْ فِيهَا هُمۡ وَٱلۡغَاوُۥنَ

Анан алар жана аларды адаштыргандар тозокко биринин үстүнө бири ыргытылат. info
التفاسير:

external-link copy
95 : 26

وَجُنُودُ إِبۡلِيسَ أَجۡمَعُونَ

Ошондой эле жин-шайтандардан болгон Иблистин жардамчыларынын бири да калбай бүт баарысы ыргытылат. info
التفاسير:

external-link copy
96 : 26

قَالُواْ وَهُمۡ فِيهَا يَخۡتَصِمُونَ

Аллахтан башкага сыйынып, аларды Ага шерик кылган жана Аны таштап өздөрү сыйынгандар менен талашып-тартышкан мушриктер айтышты: info
التفاسير:

external-link copy
97 : 26

تَٱللَّهِ إِن كُنَّا لَفِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٍ

«Аллахка ант болсун! Көрсө биз акыйкаттан анык адашууда болгон экенбиз. info
التفاسير:

external-link copy
98 : 26

إِذۡ نُسَوِّيكُم بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Биз силерди бүт жаратылгандардын Раббисине теңеп, Ага сыйынгандай силерге сыйыныппыз. info
التفاسير:

external-link copy
99 : 26

وَمَآ أَضَلَّنَآ إِلَّا ٱلۡمُجۡرِمُونَ

Бизди акыйкат жолдон күнөөкөрлөр гана адаштырды. Алар бизди Аллахтан башкага сыйынууга үгүттөшкөн. info
التفاسير:

external-link copy
100 : 26

فَمَا لَنَا مِن شَٰفِعِينَ

Эми Аллахтын алдында бизди азаптан куткарууга ортомчу боло турган эч бир шапаатчы жок. info
التفاسير:

external-link copy
101 : 26

وَلَا صَدِيقٍ حَمِيمٖ

Жана бизди коргой турган жана бизге шапаат кыла турган сүйүктүү дос да жок. info
التفاسير:

external-link copy
102 : 26

فَلَوۡ أَنَّ لَنَا كَرَّةٗ فَنَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Эгерде бизге дүйнө жашоосуна кайтууга мүмкүнчүлүк берилгенде биз Аллахка ыйман келтиргендерден болмокпуз». info
التفاسير:

external-link copy
103 : 26

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

Чындыгында Ибрахимдин окуясы жана жалганчылардын акыбети тууралуу бул айтылгандарда адамдар үчүн үлгү-насааттар бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок. info
التفاسير:

external-link copy
104 : 26

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, алардын тообо кылгандарына Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
105 : 26

كَذَّبَتۡ قَوۡمُ نُوحٍ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Нухтун коому да аны жалганга чыгаруу менен бүткүл пайгамбарларды да жалганга чыгарышты. info
التفاسير:

external-link copy
106 : 26

إِذۡ قَالَ لَهُمۡ أَخُوهُمۡ نُوحٌ أَلَا تَتَّقُونَ

Бир кезде аларга тектеш тууганы Салих минтип айтты: «Аллахтан коркуп, Андан башка сыйынган нерсеңерди таштап, Ага такыба болбойсуңарбы?!". info
التفاسير:

external-link copy
107 : 26

إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ

Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Аллах мага вахий кылганга эч нерсени кошпогон жана кемитпеген аманаткөймүн. info
التفاسير:

external-link copy
108 : 26

فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула! info
التفاسير:

external-link copy
109 : 26

وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм. Мага сыйлыкты башкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет. info
التفاسير:

external-link copy
110 : 26

فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула! info
التفاسير:

external-link copy
111 : 26

۞ قَالُوٓاْ أَنُؤۡمِنُ لَكَ وَٱتَّبَعَكَ ٱلۡأَرۡذَلُونَ

Ага эли айтты: «Эй, Нух! Биз сага ыйман келтирип жана сен алып келген нерсени ээрчип, аны аткарат бекенбиз, а сени ээрчигендер болсо төмөнкү катмардагы адамдар, алардын арасында башчылар да, кадырлуулар да жок?!». info
التفاسير:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• أهمية سلامة القلب من الأمراض كالحسد والرياء والعُجب.
Көрө албастык, эл көрсүн үчүн жана өзүнө-өзү суктануу сыяктуу оорулардан жүрөктүн таза болуусунун зарылдыгы. info

• تعليق المسؤولية عن الضلال على المضلين لا تنفع الضالين.
Адашкан адамдар өздөрүнүн адашуусунун жоопкерчилигин адаштыргандардын мойнуна илүүсү аларга эч пайда бербейт. info

• التكذيب برسول الله تكذيب بجميع الرسل.
Аллахтын элчисин жалганга чыгаруу – жалпы элчилерди жалганга чыгарууга барабар. info

• حُسن التخلص في قصة إبراهيم من الاستطراد في ذكر القيامة ثم الرجوع إلى خاتمة القصة.
Ибрахимдин окуясын жакшы абалда баяндоо; окуя башталып ортологондо кыяматтын абалдары айтылып, кайра окуяга кайтып анын аягына чыгуусу. info