ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫

external-link copy
90 : 21

فَٱسۡتَجَبۡنَا لَهُۥ وَوَهَبۡنَا لَهُۥ يَحۡيَىٰ وَأَصۡلَحۡنَا لَهُۥ زَوۡجَهُۥٓۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ يُسَٰرِعُونَ فِي ٱلۡخَيۡرَٰتِ وَيَدۡعُونَنَا رَغَبٗا وَرَهَبٗاۖ وَكَانُواْ لَنَا خَٰشِعِينَ

Биз анын дубасын кабыл кылып, ага Яхьяны бала кылып бердик жана аялын айыктырдык. Ал төрөбөс аял эле, бирок ошондон кийин төрөй турган болуп калды. Чындыгында Закария, аялы жана баласы жакшылыктарды кылууга шашылгандардан эле. Алар Биздин алдыбыздагы соопторду каалашып жана жазадан коркушуп Бизге дуба кылышат эле. Алар бизге жалынып жалбарышкан моюн сунуучулардан эле. info
التفاسير:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• الصلاح سبب للرحمة.
Түз жүрүү – ырайымдуулукка жетүүнүн себеби. info

• الالتجاء إلى الله وسيلة لكشف الكروب.
Аллахка жалбаруу – кыйынчылыктан кутулуунун жолу. info

• فضل طلب الولد الصالح ليبقى بعد الإنسان إذا مات.
Өзү дүйнөдөн өткөндөн кийин артынан дуба кыла турган (ыймандуу) перзент суроонун артыкчылыгы (айтылган). info

• الإقرار بالذنب، والشعور بالاضطرار لله وشكوى الحال له، وطاعة الله في الرخاء من أسباب إجابة الدعاء وكشف الضر.
Күнөөнү моюнга алуу, Аллахка болгон муктаждыкты сезүү, абалын Аллахка гана айтып даттануу жана кеңиричилик, жыргалчылык учурда Ага баш ийүү – кыйынчылыктан кутулуунун жана дубанын кабыл болуу себептеринен. info