[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам өз коомуна Акырет, кыямат, парыз, күнөө, сооп жөнүндө айтып, Исламга үгүт кылып чакырганда, көпчүлүк аны “эч ким сүйбөгөн нерселерди сүйлөгөн жинди-го” дешкен. Бул аят ошолорго жооп болуп, аларга Мухаммад өздөрүнүн чөйрөсүндө жашаган шериктери экенин, болгондо да алардын эң акылдууларынан, кеңеш сурап барылуучу көсөмдөрүнөн экенин, эми алардын каалоолоруна жакпаган сөздөрдү айтса эле, жиндиге чыгарып коюулары ойлонулбаган наадандык экенин эскертүүдө.