पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - पवित्र कुर्आनको संक्षिप्त व्याख्याको किर्गिज भाषामा अनुवाद ।

رقم الصفحة:close

external-link copy
109 : 5

۞ يَوۡمَ يَجۡمَعُ ٱللَّهُ ٱلرُّسُلَ فَيَقُولُ مَاذَآ أُجِبۡتُمۡۖ قَالُواْ لَا عِلۡمَ لَنَآۖ إِنَّكَ أَنتَ عَلَّٰمُ ٱلۡغُيُوبِ

Оо, адамдар, эсиңерде болсун, кыямат күнү Аллах Таала бардык элчилерди жыйып, аларга: Мен силерди элчи кылып жиберген үммөттөрүңөр силердин чакырыгыңарга кандай жооп кайтарды? деп сураганда, Аллахка жооп кайтара албай: Биз муну билбейбиз, муну Сен жакшы билесиң, оо, Жаратуучубуз, кайып илимин билген бир гана Сенсиң дешти. info
التفاسير:

external-link copy
110 : 5

إِذۡ قَالَ ٱللَّهُ يَٰعِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ ٱذۡكُرۡ نِعۡمَتِي عَلَيۡكَ وَعَلَىٰ وَٰلِدَتِكَ إِذۡ أَيَّدتُّكَ بِرُوحِ ٱلۡقُدُسِ تُكَلِّمُ ٱلنَّاسَ فِي ٱلۡمَهۡدِ وَكَهۡلٗاۖ وَإِذۡ عَلَّمۡتُكَ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَٱلتَّوۡرَىٰةَ وَٱلۡإِنجِيلَۖ وَإِذۡ تَخۡلُقُ مِنَ ٱلطِّينِ كَهَيۡـَٔةِ ٱلطَّيۡرِ بِإِذۡنِي فَتَنفُخُ فِيهَا فَتَكُونُ طَيۡرَۢا بِإِذۡنِيۖ وَتُبۡرِئُ ٱلۡأَكۡمَهَ وَٱلۡأَبۡرَصَ بِإِذۡنِيۖ وَإِذۡ تُخۡرِجُ ٱلۡمَوۡتَىٰ بِإِذۡنِيۖ وَإِذۡ كَفَفۡتُ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ عَنكَ إِذۡ جِئۡتَهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡهُمۡ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٞ

Эстегин, Аллах Таала Иса пайгамбарга кайрылып: Эй, Марямдын уулу Иса, мен сени атасыз жараткан жакшылыгымды эстегин, энеңди заманындагы аялдардын арасынан тандап чыгарган жакшылыгымды эстегин, сени Жебирейил периштенин жардамы менен кубаттандырганымда бешиктеги убагыңда адамдарды даават кылганыңды, чоң киши болгонуңда аларга менин динимди жеткиргениңди, сага жазууну, Мусага түшүрүлгөн Тооротту, өзүңө түшүрүлгөн Инжилди үйрөткөнүмдү жана шарияттын жашыруун жактарын, пайдаларын, сырларын үйрөткөн жакшылыгымды эстегин. Сен ылайдан куштун келбетин жасап, анан үйлөгөнүңдө ал тирүү кушка айланган, көзү сокур туулган адамдын көрүү касиетин кайтаргансың, ала оорусун айыктырганыңда анын териси таптаза болгон, тирилтүүсүн Аллахка дуба кылып өлүктөрдү тирилткенсиң, ушунун баары Менин уруксатым менен болгон. Сен аларга ачык-айкын мужиза-кереметтерди көрсөткөнүңдө сени өлтүрмөкчү болгон Исраил урпактарынан сактаган жакшылыгымды эстегин. Алардын баары каапыр болуп сага ишенбей, Исанын көрсөткөндөрү анык сыйкыр дешкен болчу. info
التفاسير:

external-link copy
111 : 5

وَإِذۡ أَوۡحَيۡتُ إِلَى ٱلۡحَوَارِيِّـۧنَ أَنۡ ءَامِنُواْ بِي وَبِرَسُولِي قَالُوٓاْ ءَامَنَّا وَٱشۡهَدۡ بِأَنَّنَا مُسۡلِمُونَ

Мага жана Сага ишенүүсүн шакирттериңдин жүрөгүнө киргизип, жардамчы болуусун жеңил кылган жакшылыгымды эстегин, алар буга баш ийип, макул болушту жана: Оо, Жаратуучубуз, биз Сага гана таянган мусулман экенибизге Өзүң күбө бол! - дешти. info
التفاسير:

external-link copy
112 : 5

إِذۡ قَالَ ٱلۡحَوَارِيُّونَ يَٰعِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ هَلۡ يَسۡتَطِيعُ رَبُّكَ أَن يُنَزِّلَ عَلَيۡنَا مَآئِدَةٗ مِّنَ ٱلسَّمَآءِۖ قَالَ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ

Шакирттер: сен Ага дуба кылсаң Жаратуучуң асмандан дасторкон түшүрө алабы? - деп сурашканын эстегин. Ошондо Иса пайгамбар аларды такыба болууга жана мындай суроо бербөөгө буйруп: (анткени мында аларга бузукулук болуусу мүмкүн) Эгер чындап ыймандуу болсоңор, ырыскы талап кылганда Жаратуучуңарга тобокел кылгыла - деди. info
التفاسير:

external-link copy
113 : 5

قَالُواْ نُرِيدُ أَن نَّأۡكُلَ مِنۡهَا وَتَطۡمَئِنَّ قُلُوبُنَا وَنَعۡلَمَ أَن قَدۡ صَدَقۡتَنَا وَنَكُونَ عَلَيۡهَا مِنَ ٱلشَّٰهِدِينَ

Шакирттер Исага: ушундай дасторкондон даам татып, Аллахтын кудуретине жана сен Анын элчиси экениңе көңүлүбүз тоюусун каалайбыз. Сен Аллахтан алып келген нерсе тууралуу бизге чындыкты айтканыңа чын жүрөктөн ишенебиз, адамдардын дасторконго келбей калгандарына мына биз күбө болобуз - дешти info
التفاسير:
यस पृष्ठको अायतहरूका लाभहरूमध्येबाट:
• إثبات جمع الله للخلق يوم القيامة جليلهم وحقيرهم.
Кыямат күнү Аллах Таала бардык пенделерин, кадырлуусун да кадыры жогун да чогултат info

• إثبات بشرية المسيح عليه السلام وإثبات آياته الحسية من إحياء الموتى وإبراء الأكمه والأبرص التي أجراها الله على يديه.
Иса пайгамбардын инсан экендиги, ошону менен катар өлүктү тирилтүү, сокурду, ала оорулууну айыктыруу сыяктуу Аллах Таала берген мөжиза-белгилери бар экени чындык. info

• بيان أن آيات الأنبياء تهدف لتثبيت الأتباع وإفحام المخالفين، وأنها ليست من تلقاء أنفسهم، بل تأتي بإذن الله تعالى.
Пайгамбарлардын (таң калыштуу) аят-белгилери ишенгендердин ишенимин бекемдөө жана каршы болгондорду аргасыз калтыруу үчүн берилген, мындай иштерди өздөрү кыла албайт, Аллах Тааланын уруксаты менен кылышат info