पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - पवित्र कुर्आनको संक्षिप्त व्याख्याको किर्गिज भाषामा अनुवाद ।

رقم الصفحة:close

external-link copy
25 : 37

مَا لَكُمۡ لَا تَنَاصَرُونَ

Аларга жеме иретинде айтылат: «Силерге эмне болду, дүйнөдө бири-бириңерди колдогондой колдобой жатасыңар, кудайларыңар силерди колдойт деп ойлочуңар эле го?». info
التفاسير:

external-link copy
26 : 37

بَلۡ هُمُ ٱلۡيَوۡمَ مُسۡتَسۡلِمُونَ

Жок! Алар бүгүн кордолуп Аллахтын буйругуна баш ийишет. Алар алсыздыктары жана айла-амалдары түгөнгөндүгү себептүү бири-бирин колдой алышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 37

وَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ

Алар бири-бирин жемелешип, талашып-тартышат. Ал кезде жеме да, талашуу да пайда бербейт. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 37

قَالُوٓاْ إِنَّكُمۡ كُنتُمۡ تَأۡتُونَنَا عَنِ ٱلۡيَمِينِ

Ээрчигендер башчыларына айтышат: «Эй, биздин башчылар! Силер дин жана акыйкат тараптан келип, бизге каапырлыкты, ширкти жана күнөөлөрдү кооз кылып көргөзгөнсүңөр жана Аллах тараптан пайгамбарлар алып келген акыйкаттан бизди алыстаткансыңар». info
التفاسير:

external-link copy
29 : 37

قَالُواْ بَل لَّمۡ تَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ

Башчылар ээрчигендерге айтышат: «Бул иш силер ойлогондой эмес. Силер өзүңөр каапыр болгонсуңар, ыймандуу болгон эмессиңер. Өзүңөр четке каккансыңар». info
التفاسير:

external-link copy
30 : 37

وَمَا كَانَ لَنَا عَلَيۡكُم مِّن سُلۡطَٰنِۭۖ بَلۡ كُنتُمۡ قَوۡمٗا طَٰغِينَ

Эй, ээрчигендер! Биз силерди мажбурлап же үстөмдүк кылып каапырлыкка, ширкке жана күнөөгө түртө тургандай бизге бийлик берилген эмес. Силер өзүңөр каапырлыкта жана ширкте чектен ашкан коом болдуңар. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 37

فَحَقَّ عَلَيۡنَا قَوۡلُ رَبِّنَآۖ إِنَّا لَذَآئِقُونَ

Эми бизге да, силерге да Аллахтын «Мен тозокту сени жана сени ээрчигендердин баарысы менен толтурам (85-бет)» деген убадасы анык болду. Андыктан биз Раббибиз убада кылган нерсени сөзсүз тартабыз. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 37

فَأَغۡوَيۡنَٰكُمۡ إِنَّا كُنَّا غَٰوِينَ

Биз силерди адашууга жана каапырлыкка үндөдүк. Чындыгында биз акыйкат жолдон адашкандар элек. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 37

فَإِنَّهُمۡ يَوۡمَئِذٖ فِي ٱلۡعَذَابِ مُشۡتَرِكُونَ

Чындыгында ээрчигендер да, ээрчиткендер да кыямат күнү биргеликте азапта болушат. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 37

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَفۡعَلُ بِٱلۡمُجۡرِمِينَ

Чындыгында Биз аларга азапты тарттырганыбыз сыяктуу алардан башка күнөөлөрдү да ошондой кылабыз. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 37

إِنَّهُمۡ كَانُوٓاْ إِذَا قِيلَ لَهُمۡ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ يَسۡتَكۡبِرُونَ

Эгерде ал мушриктерге дүйнөдө: «Аллахтан башка кудай жок» деп анын талабына ылайык иш-аракет кылгыла жана ага каршы келгенди таштагыла» – деп айтылса, алар акыйкатка текеберлик кылып, бой көтөрүп ага жооп берүүдөн жана моюн сунуудан баш тартышты. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 37

وَيَقُولُونَ أَئِنَّا لَتَارِكُوٓاْ ءَالِهَتِنَا لِشَاعِرٖ مَّجۡنُونِۭ

Алар каапырлыктарына далил кылып: «Биз кайдагы бир жинди акындын сөзү үчүн эле кудайларыбызга сыйынганды таштамак белек?» – дешти. Алар бул бул айткан сөзү менен пайгамбарды максат кылышты. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 37

بَلۡ جَآءَ بِٱلۡحَقِّ وَصَدَّقَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Алардын жалаасы аша чаап кетти. Аллахтын элчиси жинди да, акын да эмес. Ал Аллахтын жалгыздыгынына жана Анын элчисин ээрчүүгө чакырган Куранды алып келди жана ошондой эле пайгамбарлардын Аллах тараптан алып келишкен Аллахты жалгыздоо жана акырет анык экендиги тууралуу нерселерде чынчыл экендиктерин тастыктады жана аларга каршы чыккан жок. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 37

إِنَّكُمۡ لَذَآئِقُواْ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡأَلِيمِ

Эй, мушриктер! Силер каапырлыгыңар жана пайгамбарларды жалганга чыгарганыңар себептүү кыямат күнү кыйноочу азапты татасыңар. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 37

وَمَا تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ

Эй, мушриктер! Силер дүйнөдө Аллахка каапырлык жана күнөөлөрдү кылганыңарга жараша жазаңарды аласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 37

إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ

Бирок Аллах аларды сыйынууда ыкластуу кылган жана алар дагы Ага ыкластуулук менен сыйынышкан Анын ыймандуу пенделери – мына ошолор азаптан кутулуучулар. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 37

أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ رِزۡقٞ مَّعۡلُومٞ

Ошол ыкластуу пенделерге өз жакшылыгы, кооздугу жана түбөлүктүүлү менен маалым болгон Аллахтын ырыскысы бар. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 37

فَوَٰكِهُ وَهُم مُّكۡرَمُونَ

Алар каалаган жана жеген даамдуу мөмө-жемиштер аларга ырыскы. Буга кошумча алар даражасы көтөрүлүү жана Улуу Аллахтын Жүзүн көрүү менен да сыйланат. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 37

فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ

Алар ушулардын баарысына эч качан бүтпөгөн туруктуу, түбөлүктүү жана жыргал бейиштерде жетишет. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 37

عَلَىٰ سُرُرٖ مُّتَقَٰبِلِينَ

Алар сөрүлөргө сүйөнүшүп бет маңдай бири-бирин карап олтурушат. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 37

يُطَافُ عَلَيۡهِم بِكَأۡسٖ مِّن مَّعِينِۭ

Аларга аккан суудай таза болгон шарап куюлган кеселер айлантылат. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 37

بَيۡضَآءَ لَذَّةٖ لِّلشَّٰرِبِينَ

Өңү аппак, аны ичкен адам болуп көрбөгөндөй ырахат алат. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 37

لَا فِيهَا غَوۡلٞ وَلَا هُمۡ عَنۡهَا يُنزَفُونَ

Ал адамдын акылын кетирип мас кылган дүйнөдөгү шараптай эмес. Аны ичкен адамдын башы оорубайт, денесине жана акылына закаласы тийбейт. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 37

وَعِندَهُمۡ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ عِينٞ

Жана бейиште алардын бакыраң көздүү, абийирдүү аялдары болот, алар күйөөсүнөн башка эч кимге көз салбайт. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 37

كَأَنَّهُنَّ بَيۡضٞ مَّكۡنُونٞ

Алардын түсүнүн апапакайлыгы эч бир кол тийбей сакталган чымчык жумурткасынын сарысы менен болгон аралашма сымал. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 37

فَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ

Бейиштегилер бири-биринен дүйнөдөгү өткөн чагы жана кандай окуялар болгондугу тууралуу сурашат. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 37

قَالَ قَآئِلٞ مِّنۡهُمۡ إِنِّي كَانَ لِي قَرِينٞ

Ал ыймандуулардан бирөөсү айтат: «Менин бир таанышым бар эле, ал кайра тирилүүнү жокко чыгарчу. info
التفاسير:
यस पृष्ठको अायतहरूका लाभहरूमध्येबाट:
• سبب عذاب الكافرين: العمل المنكر؛ وهو الشرك والمعاصي.
Каапырлардын азапталышынын себеби – жамандык иш, тагыраак айтканда ширк жана күнөөлөр. info

• من نعيم أهل الجنة أنهم نعموا باجتماع بعضهم مع بعض، ومقابلة بعضهم مع بعض، وهذا من كمال السرور.
Бейиштегилердин жыргалчылыктарынан, алар бири-бири менен чогулушуп, жолугушуп кубанычка батышат. Ал эми бул болсо кубанычтын туу чокусу. info