पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - किर्गिज अनुवाद : शम्सु द्दीन हकिमोव ।

Таквир

external-link copy
1 : 81

إِذَا ٱلشَّمۡسُ كُوِّرَتۡ

Күн оролуп (нуру жоголуп), info
التفاسير:

external-link copy
2 : 81

وَإِذَا ٱلنُّجُومُ ٱنكَدَرَتۡ

жылдыздар (кыйрап) төгүлүп, info
التفاسير:

external-link copy
3 : 81

وَإِذَا ٱلۡجِبَالُ سُيِّرَتۡ

Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп, info
التفاسير:

external-link copy
4 : 81

وَإِذَا ٱلۡعِشَارُ عُطِّلَتۡ

курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,[1] info

[1] Кыямат кыйроосу башталганда адамдардын көзүнө өз жанынан бөлөк эч нерсенин кызыгы калбайт: Арабдардын назарында эң баалуу деп эсептелип, аздектелген жана «Ишаар» (курсагында он айлык баласы бар) деп аталган төөлөр менен дагы эч кимдин иши болбой, кароосуз калат.

التفاسير:

external-link copy
5 : 81

وَإِذَا ٱلۡوُحُوشُ حُشِرَتۡ

жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп,[1] info

[1] Жаралгандан бери бири-бирине кас болуп келген коён-карышкыр, кабылан-кийик сыяктуу жапайы айбандар ошол күндүн коркунучунан катуу үркүп, бир жерге чогулуп калышат.

التفاسير:

external-link copy
6 : 81

وَإِذَا ٱلۡبِحَارُ سُجِّرَتۡ

деңиздер жанып – от болуп, info
التفاسير:

external-link copy
7 : 81

وَإِذَا ٱلنُّفُوسُ زُوِّجَتۡ

жандар бири-бирине коштолуп…[1] info

[1] Ал эми «жандардын кошулуусун» кээ бир тафсирчилер жандын денелерге кошулуп кайра тирилүүсү деп түшүндүрүшөт.

التفاسير:

external-link copy
8 : 81

وَإِذَا ٱلۡمَوۡءُۥدَةُ سُئِلَتۡ

Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда - info
التفاسير:

external-link copy
9 : 81

بِأَيِّ ذَنۢبٖ قُتِلَتۡ

Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп)...[1] info

[1] Исламга чейинки доордо арабдар эгер кыз перзент көрсө аны тирүү бойдон көмүп салышчу. Ислам келип, бул жапайы жорукту токтоткон.

التفاسير:

external-link copy
10 : 81

وَإِذَا ٱلصُّحُفُ نُشِرَتۡ

Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып, info
التفاسير:

external-link copy
11 : 81

وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ كُشِطَتۡ

асман сыйрылып алынганда... info
التفاسير:

external-link copy
12 : 81

وَإِذَا ٱلۡجَحِيمُ سُعِّرَتۡ

Тозок (катуу) кызытылып, info
التفاسير:

external-link copy
13 : 81

وَإِذَا ٱلۡجَنَّةُ أُزۡلِفَتۡ

Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде… info
التفاسير:

external-link copy
14 : 81

عَلِمَتۡ نَفۡسٞ مَّآ أَحۡضَرَتۡ

(Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 81

فَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلۡخُنَّسِ

Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип, info
التفاسير:

external-link copy
16 : 81

ٱلۡجَوَارِ ٱلۡكُنَّسِ

(аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип, info
التفاسير:

external-link copy
17 : 81

وَٱلَّيۡلِ إِذَا عَسۡعَسَ

(караңгысы менен) келген түнгө ант ичип, info
التفاسير:

external-link copy
18 : 81

وَٱلصُّبۡحِ إِذَا تَنَفَّسَ

агарган таңга ант ичип (айтамын): info
التفاسير:

external-link copy
19 : 81

إِنَّهُۥ لَقَوۡلُ رَسُولٖ كَرِيمٖ

Чынында, ал (Куран) Улуу Элчинин Сөзү![1] info

[1] Бул аяттагы улуу элчи Жебирейил периште. Ал вахий кабарларын Аллахтан кабыл алып, Мухаммадга жеткирген.

التفاسير:

external-link copy
20 : 81

ذِي قُوَّةٍ عِندَ ذِي ٱلۡعَرۡشِ مَكِينٖ

Арш Ээсинин[1] алдында (Жебирейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч-кубаттуу. info

[1] Аллахтын

التفاسير:

external-link copy
21 : 81

مُّطَاعٖ ثَمَّ أَمِينٖ

Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 81

وَمَا صَاحِبُكُم بِمَجۡنُونٖ

(Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 81

وَلَقَدۡ رَءَاهُ بِٱلۡأُفُقِ ٱلۡمُبِينِ

Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 81

وَمَا هُوَ عَلَى ٱلۡغَيۡبِ بِضَنِينٖ

Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес.[1] info

[1] Аллах ага кандай гана кайып кабарын билдирсе, бардыгын адамдарга жеткирген. Ошондой эле, кайыптагы Аллахтан келген Дин-Шарияттын бирин калтырбай элдерге жеткирген.

التفاسير:

external-link copy
25 : 81

وَمَا هُوَ بِقَوۡلِ شَيۡطَٰنٖ رَّجِيمٖ

Жана ал[1] каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес![2] info

[1] Куран.
[2] Мушриктер «Мухаммадка эч ким сүйлөй албаган сөздөрдү жин-шайтандар үйрөтөт» дешчү.

التفاسير:

external-link copy
26 : 81

فَأَيۡنَ تَذۡهَبُونَ

Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
27 : 81

إِنۡ هُوَ إِلَّا ذِكۡرٞ لِّلۡعَٰلَمِينَ

Ал (Куран) албетте, ааламдар үчүн эскертүү! info
التفاسير:

external-link copy
28 : 81

لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَسۡتَقِيمَ

Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү!) info
التفاسير:

external-link copy
29 : 81

وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Жана силер (оо, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар! info
التفاسير: