വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്)

പേജ് നമ്പർ:close

external-link copy
31 : 78

إِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ مَفَازًا

Чындыгында Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор үчүн көздөгөндөрүнө жеткирген жеңиш орду бар, ал – бейиш. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 78

حَدَآئِقَ وَأَعۡنَٰبٗا

Бакчалар жана жүзүмзарлар бар. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 78

وَكَوَاعِبَ أَتۡرَابٗا

Бирдей курактагы көкүрөгү тирсийген селкилер бар. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 78

وَكَأۡسٗا دِهَاقٗا

Мелтилдеген шарап кеселер бар. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 78

لَّا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوٗا وَلَا كِذَّٰبٗا

Алар бейиште жалган жана калп сөздөрдү угушпайт жана бири-бирине жалган да айтышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 78

جَزَآءٗ مِّن رَّبِّكَ عَطَآءً حِسَابٗا

Мына ушулардын баарысы Аллахтын аларга берген жетиштүү белеги жана сыйлыгы. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 78

رَّبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا ٱلرَّحۡمَٰنِۖ لَا يَمۡلِكُونَ مِنۡهُ خِطَابٗا

Ал – асмандар менен жердин жана алардын ортосунда нерселердин Раббиси, дүйнөнүн жана акыреттин Ырайымдуусу. Ал уруксат бермейинче, жердегилердин же асмандагылардын эч кимиси Андан сурай албайт. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 78

يَوۡمَ يَقُومُ ٱلرُّوحُ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ صَفّٗاۖ لَّا يَتَكَلَّمُونَ إِلَّا مَنۡ أَذِنَ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَقَالَ صَوَابٗا

Жебреил жана периштелер сап-сап болуп турган күнү Ырайымдуу шапаат кылууга уруксат бергендер гана башка бирөөгө шапаат кылуу тууралуу сүйлөй алат жана Аллахка гана сыйынууга чакырган сөз сыяктуу тууралыкты айтат. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 78

ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمُ ٱلۡحَقُّۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ مَـَٔابًا

Силерге баяндалган бул нерсе – анын болорунда эч кандай шек-күмөнү болбогон күн. Ким ал күндө Аллахтын азабынан кутулууну кааласа, анда ага карай жолду тутунуп, Раббисин ыраазы кылган жакшылык иштерди кылсын. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 78

إِنَّآ أَنذَرۡنَٰكُمۡ عَذَابٗا قَرِيبٗا يَوۡمَ يَنظُرُ ٱلۡمَرۡءُ مَا قَدَّمَتۡ يَدَاهُ وَيَقُولُ ٱلۡكَافِرُ يَٰلَيۡتَنِي كُنتُ تُرَٰبَۢا

Оо, адамдар! Биз силерге жакында болуучу азапты эскерттик. Ал күндө адам баласы дүйнөдө кылган иштерин көрөт жана каапыр адам азаптан кутулууну тилеп мындай дейт: «Аттиң-ай! Кыямат күнү жаныбарларга «топуракка айлангыла!» деп айтылганда мен дагы аларга окшоп топуракка айланып кетсем кана!». info
التفاسير:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• التقوى سبب دخول الجنة.
Такыбалык – бейишке кирүүгө себеп болот. info

• تذكر أهوال القيامة دافع للعمل الصالح.
Кыямат коркунучтарын эстөө – жакшылык иштерге түрткү берет. info

• قبض روح الكافر بشدّة وعنف، وقبض روح المؤمن برفق ولين.
Каапырдын жаны катаалдык жана оройлук менен алынат. Ал эми ыймандуунун жаны жеңилдик жана жумшактык менен алынат. info