വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്)

Мужадила

സൂറത്തിൻ്റെ ഉദ്ദേശ്യങ്ങളിൽ പെട്ടതാണ്:
إظهار علم الله الشامل وإحاطته البالغة، تربيةً لمراقبته، وتحذيرًا من مخالفته.
Аллах көрүп турат деп тарбиялоо жана Ага каршы чыгуудан эскертүү максатта Аллахтын илиминин чексиздигин жана ал бүткүл нерсени камтып турарын баяндоо. info

external-link copy
1 : 58

قَدۡ سَمِعَ ٱللَّهُ قَوۡلَ ٱلَّتِي تُجَٰدِلُكَ فِي زَوۡجِهَا وَتَشۡتَكِيٓ إِلَى ٱللَّهِ وَٱللَّهُ يَسۡمَعُ تَحَاوُرَكُمَآۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٌ

Оо, пайгамбар! Аллах Хаулат бинт Саалаба деген аялдын сөзүн укту. Аны күйөөсү Аус ибн ас-Самит «зихар» кылганда, ал күйөөсү тууралуу сени менен сүйлөшкөнү келди жана анын кылганын Аллахка айтып даттанды. Аллах экөөңөрдүн талаш сөзүңөрдү укту. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Чындыгында Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Көрүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 58

ٱلَّذِينَ يُظَٰهِرُونَ مِنكُم مِّن نِّسَآئِهِم مَّا هُنَّ أُمَّهَٰتِهِمۡۖ إِنۡ أُمَّهَٰتُهُمۡ إِلَّا ٱلَّٰٓـِٔي وَلَدۡنَهُمۡۚ وَإِنَّهُمۡ لَيَقُولُونَ مُنكَرٗا مِّنَ ٱلۡقَوۡلِ وَزُورٗاۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَعَفُوٌّ غَفُورٞ

Аялдарын зихар кылгандар, тагыраак айтканда, силерден кимдир бирөө аялына: «Сен мага апамдын белиндейсиң» деп айткандар – бул айткан сөздөрүндө жалганчылар. Алардын аялдары энеси эмес. Аларды төрөгөндөр гана алардын энелери. Алар бул сөздү айтышканда, коркунучтуу жана жалган сөздү айтышкан болот. Чындыгында Аллах – Кечүүчү, Кечиримдүү. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 58

وَٱلَّذِينَ يُظَٰهِرُونَ مِن نِّسَآئِهِمۡ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا قَالُواْ فَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مِّن قَبۡلِ أَن يَتَمَآسَّاۚ ذَٰلِكُمۡ تُوعَظُونَ بِهِۦۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ

Бул коркунучтүү сөздү айтып алып, кийин зихар кылган аялдары менен жыныстык мамиле кылууну каалагандар, алар менен жыныстык катнаш кылуудан мурун бир кулду азат кылуу менен күнөөсүн жууш керек. Бул айтылган өкүм, силерди зихар кылуудан тосуу үчүн буйрук кылынды. Аллах силердин кылганыңардан Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 58

فَمَن لَّمۡ يَجِدۡ فَصِيَامُ شَهۡرَيۡنِ مُتَتَابِعَيۡنِ مِن قَبۡلِ أَن يَتَمَآسَّاۖ فَمَن لَّمۡ يَسۡتَطِعۡ فَإِطۡعَامُ سِتِّينَ مِسۡكِينٗاۚ ذَٰلِكَ لِتُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦۚ وَتِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِۗ وَلِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Ким азат кылганга кул таппаса, анда ал зихар кылган аялы менен жыныстык мамиле кылуудан мурун эки ай үлгүлтүксүз орозо кармашы керек. Ал эми ким эки ай үзгүлтүксүз орозо кармай албаса, анда ал алтымыш кембагалды тамактандыруусу керек. Биз бул өкүмдү Аллах буйруду деп ишенип, Анын буйругуна баш ийүүңөр үчүн өкүм кылдык. Биз силерге шарият кылган бул өкүмдөр – Аллахтын пенделери үчүн койгон чектери. Андыктан, аны бузбагыла. Ал эми Аллахтын өкүмдөрүнө жана койгон чектерине каапыр болгондорго кыйноочу азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 58

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُحَآدُّونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ كُبِتُواْ كَمَا كُبِتَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ وَقَدۡ أَنزَلۡنَآ ءَايَٰتِۭ بَيِّنَٰتٖۚ وَلِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٞ مُّهِينٞ

Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылгандар, мурунку душман коомдор кор болгон сыяктуу кордукка туш болушту. Биз ачык-айкын аят-белгилерибизди түшүргөнбүз. Аллахка, анын элчисине жана аят-белгилерине каапырлык кылгандарга кордоочу азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 58

يَوۡمَ يَبۡعَثُهُمُ ٱللَّهُ جَمِيعٗا فَيُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوٓاْۚ أَحۡصَىٰهُ ٱللَّهُ وَنَسُوهُۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ

Ал күнү Аллах алардын бирин да калтырбастан, бүт баарысын кайра тирилтип, аларга дүйнөдө кылган жамандык иштери тууралуу кабар берет. Аллах аларды эсептеп койгон, алардын иш-аракеттеринин эч бирин өткөрүп жиберген эмес. Бирок алар муну унутуп коюшкан, кийин алар анын кичинеси да, чоңу да калтырылбастан эсептелген амал баракчаларында жазылганын көрүшөт. Аллах бардык нерседен кабардар. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• لُطْف الله بالمستضعفين من عباده من حيث إجابة دعائهم ونصرتهم.
Аллахтын алсыз пенделерине болгон мээримдүүлүгү. Анткени ал алардын дубаларына жооп берет жана аларды колдойт. info

• من رحمة الله بعباده تنوع كفارة الظهار حسب الاستطاعة ليخرج العبد من الحرج.
Пенде кыйынчылык абалдан чыгыш үчүн анын кудуретине жараша зихардын күнөөсүнөн арылуу жолдорунун түрдүү болушу – Аллахтын пенделерине болгон ырайымдуулугунан. info

• في ختم آيات الظهار بذكر الكافرين؛ إشارة إلى أنه من أعمالهم، ثم ناسب أن يورد بعض أحوال الكافرين.
Зихар тууралуу аяттардын акырында каапырлар тууралуу айтылуусу (зихар) алардын иш-аракеттеринен экенине ишаара. Андан соң ошого ылайык каапырлардын айрым абалдары тууралуу айтылды. info