വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - തഫ്സീറുൽ മുഖ്തസർ കിർഗിസ് പരിഭാഷ

Нажм

സൂറത്തിൻ്റെ ഉദ്ദേശ്യങ്ങളിൽ പെട്ടതാണ്:
إثبات صدق الوحي وأنه من عند الله.
Аян-кабар Аллахтан келет деген ишенимдин бекемдиги info

external-link copy
1 : 53

وَٱلنَّجۡمِ إِذَا هَوَىٰ

Аллах кулаган жылдыз менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 53

مَا ضَلَّ صَاحِبُكُمۡ وَمَا غَوَىٰ

Аллахтын элчиси Мухаммад акыйкат жолдон тайган эмес жана адашкан да эмес, ал туура жолдо. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 53

وَمَا يَنطِقُ عَنِ ٱلۡهَوَىٰٓ

Жана ал бул Куранды өз каалоосуна ээрчип сүйлөбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 53

إِنۡ هُوَ إِلَّا وَحۡيٞ يُوحَىٰ

Бул Куран – Аллах ага Жебреил периште аркылуу түшүргөн вахий гана. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 53

عَلَّمَهُۥ شَدِيدُ ٱلۡقُوَىٰ

Аны ага абдан кубаттуу Жебреил периште үйрөткөн. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 53

ذُو مِرَّةٖ فَٱسۡتَوَىٰ

Жебреил сулуу келбет ээси, ал пайгамбарга Аллах аны жараткан келбетте пайда болуп тике турду. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 53

وَهُوَ بِٱلۡأُفُقِ ٱلۡأَعۡلَىٰ

Жана Жебреил асмандын бийик мейкиндигинде. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 53

ثُمَّ دَنَا فَتَدَلَّىٰ

Андан соң Жебреил пайгамбарга жакындады, кийин дагы жакындады. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 53

فَكَانَ قَابَ قَوۡسَيۡنِ أَوۡ أَدۡنَىٰ

Анын ага жакындыгы эки жаанын өлчөмүндөй же андан да жакын болду. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 53

فَأَوۡحَىٰٓ إِلَىٰ عَبۡدِهِۦ مَآ أَوۡحَىٰ

Анан Жебреил Аллахтын кулу Мухаммадга вахий кылды. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 53

مَا كَذَبَ ٱلۡفُؤَادُ مَا رَأَىٰٓ

Мухаммаддын жүрөгү көзү менен көргөн нерсени жалганга чыгарган жок. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 53

أَفَتُمَٰرُونَهُۥ عَلَىٰ مَا يَرَىٰ

Эй, мушриктер! Ал асманга көтөрүлгөн түнү Аллах ага көргөзгөн нерселер тууралуу талашып тартышасыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
13 : 53

وَلَقَدۡ رَءَاهُ نَزۡلَةً أُخۡرَىٰ

Мухаммад асманга көтөрүлгөн түнү Жебрейилди дагы бир жолу өз келбетинде көрдү. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 53

عِندَ سِدۡرَةِ ٱلۡمُنتَهَىٰ

Жетинчи асмандагы эбегейсиз чоң дарак Сидра аль-Мунтаханын алдында. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 53

عِندَهَا جَنَّةُ ٱلۡمَأۡوَىٰٓ

Анын алдында Маъва бейиши бар. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 53

إِذۡ يَغۡشَى ٱلسِّدۡرَةَ مَا يَغۡشَىٰ

Капыстан Аллахтын буйругу менен Сидраны бир улуу нерсе ороп алды. Анын акыйкатын Аллах гана билет. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 53

مَا زَاغَ ٱلۡبَصَرُ وَمَا طَغَىٰ

Мухаммаддын көздөрү оңгө да, солго да бурулган жок жана ал белгиленген чектен да ашкан жок. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 53

لَقَدۡ رَأَىٰ مِنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِ ٱلۡكُبۡرَىٰٓ

Мухаммад асманга көтөрүлгөн түнү Раббисинин кудуреттүлүгүн билдирген улуу аят-белгилерди көрдү, бейиш менен тозокту көрдү жана алардан башкасын да көрдү. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 53

أَفَرَءَيۡتُمُ ٱللَّٰتَ وَٱلۡعُزَّىٰ

Эй, мушриктер! Силер Аллахтан башка сыйынган Лат менен Узза айкелдерин көрбөдүңөрбү? info
التفاسير:

external-link copy
20 : 53

وَمَنَوٰةَ ٱلثَّالِثَةَ ٱلۡأُخۡرَىٰٓ

Жана силердин айкелдериңердин үчүнчүсү Манатты дагы. Айткылачы мага, алар силерге пайда же зыян келтире алдыбы? info
التفاسير:

external-link copy
21 : 53

أَلَكُمُ ٱلذَّكَرُ وَلَهُ ٱلۡأُنثَىٰ

Эй, мушриктер! Силерге өзүңөр жакшы көргөн уул балдар, ал эми жаман көргөн кыз балдар Аллахка таандыкпы? info
التفاسير:

external-link copy
22 : 53

تِلۡكَ إِذٗا قِسۡمَةٞ ضِيزَىٰٓ

Өз каалооңорго карап мындай бөлгөнүңөр адилетсиз бөлүү. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 53

إِنۡ هِيَ إِلَّآ أَسۡمَآءٞ سَمَّيۡتُمُوهَآ أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلۡطَٰنٍۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَمَا تَهۡوَى ٱلۡأَنفُسُۖ وَلَقَدۡ جَآءَهُم مِّن رَّبِّهِمُ ٱلۡهُدَىٰٓ

Бул айкелдер жөн гана маанисиз аталыштар. Алар кудайлык сыпаттарга ээ эмес. Аларды өзүңөр жана ата-бабаларыңар эле атап алгансыңар. Аллах буга эч кандай далил түшүргөн эмес. Мушриктер өз ишенимдеринде божомолго гана ээрчишет жана шайтан алардын жүрөктөрүндө кооз кылып көргөзгөн нерселерди каалашат. Аларга пайгамбардын тилинде Раббиси тараптан акыйкат келди. Бирок алар ал жолго түшүшкөн жок. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 53

أَمۡ لِلۡإِنسَٰنِ مَا تَمَنَّىٰ

Же инсан үчүн Аллахтын алдында ал каалагандай айкелдердин шапааты бар бекен? info
التفاسير:

external-link copy
25 : 53

فَلِلَّهِ ٱلۡأٓخِرَةُ وَٱلۡأُولَىٰ

Жок! Анын каалаганы болбойт. Акырет жана дүйнө жалгыз Аллахка таандык. Алардан Өзү каалаган нерсесин берет, каалабаган нерсесин бербейт. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 53

۞ وَكَم مِّن مَّلَكٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ لَا تُغۡنِي شَفَٰعَتُهُمۡ شَيۡـًٔا إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ أَن يَأۡذَنَ ٱللَّهُ لِمَن يَشَآءُ وَيَرۡضَىٰٓ

Асмандарда канчалаган периштелер бар, алардын шапааты эч пайда келтирбейт. Эгерде алар кимдир бирөөгө шапаат кылууну каалашса, анда Аллах Өзү каалагандарга шапаат кылууга уруксат берип жана шапаат кылынгандарга ыраазы болгондон кийин гана шапаат кыла алышат. Аллах шерик кылынгандарга эч качан шапаат кылууга уруксат бербейт жана Аллахтан башка ага сыйынгандардан эч качан ыраазы болбойт. info
التفاسير:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• كمال أدب النبي صلى الله عليه وسلم حيث لم يَزغْ بصره وهو في السماء السابعة.
Пайгамбардын адеп-ахлагынын толуктугу. Анткени ал жетинчи асманда болгондо көзү менен эки тарапты караган жок. info

• سفاهة عقل المشركين حيث عبدوا شيئًا لا يضر ولا ينفع، ونسبوا لله ما يكرهون واصطفوا لهم ما يحبون.
Мушриктердин кем акылдыгы. Анткени алар пайда да, зыян да келтирбеген нерселерге сыйынышты жана жаман көргөндөрүн Аллахка таандык кылып, жакшы көргөндөрүн өздөрүнө тандашты. info

• الشفاعة لا تقع إلا بشرطين: الإذن للشافع، والرضا عن المشفوع له.
Шапаат эки шарт аткарылганда гана ишке ашат: шапаатчыга уруксат берүү жана шапаат кылынганга ыраазы болуу. info