വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്)

പേജ് നമ്പർ:close

external-link copy
19 : 44

وَأَن لَّا تَعۡلُواْ عَلَى ٱللَّهِۖ إِنِّيٓ ءَاتِيكُم بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٖ

Жана силер Аллахка сыйынуудан баш тартып жана пенделерине бой көтөрүп текеберлик кылбагыла. Чындыгында мен силерге ачык-айкын далилди алып келем. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 44

وَإِنِّي عُذۡتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُمۡ أَن تَرۡجُمُونِ

Силер мени ташбараңга алып өлтүрүп коюуңардан менин жана силердин Раббиңерден коргоо сураймын. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 44

وَإِن لَّمۡ تُؤۡمِنُواْ لِي فَٱعۡتَزِلُونِ

Эгер силер мен алып келген нерсеге ишенбесеңер, анда мени тынч койгула жана мага зыян берип жакын жолобогула». info
التفاسير:

external-link copy
22 : 44

فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنَّ هَٰٓؤُلَآءِ قَوۡمٞ مُّجۡرِمُونَ

Анан Муса Раббисине: «Фараон жана анын жан жөкөрлөрү – тезинен жаза алууга татыктуу күнөөкөр коом» – деп дуба кылды. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 44

فَأَسۡرِ بِعِبَادِي لَيۡلًا إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ

Ошондо Аллах Мусага өз элиң менен түн жамынып жолго чык деп буйруду жана Фараон менен анын коому силердин артыңардан түшөт деп кабар берди. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 44

وَٱتۡرُكِ ٱلۡبَحۡرَ رَهۡوًاۖ إِنَّهُمۡ جُندٞ مُّغۡرَقُونَ

Ага Исраилдин урпактары менен бирге деңизден өткөндө аны өз калыбында тынч таштап кетүүнү буйруду. Чындыгында Фараон жана анын аскери деңизге чөктүрүлүп жок болушат. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 44

كَمۡ تَرَكُواْ مِن جَنَّٰتٖ وَعُيُونٖ

Фараон менен анын коому артында канчалаган бактарды жана аккан булактарды калтырып кетишти. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 44

وَزُرُوعٖ وَمَقَامٖ كَرِيمٖ

Канчалаган эгинзарларды жана кооз отурум жайларды калтырып кетишти. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 44

وَنَعۡمَةٖ كَانُواْ فِيهَا فَٰكِهِينَ

Канчалаган жыргалчылыкка толгон жашоону таштап кетишти. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 44

كَذَٰلِكَۖ وَأَوۡرَثۡنَٰهَا قَوۡمًا ءَاخَرِينَ

Силерге сыпаттап айтылган мына ушул нерселер алардын башына түштү. Биз алардын бакчаларын, булактарын, эгинзарларын жана орундуктарын башка коом болгон Исраилдин урпактарына мурас кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 44

فَمَا بَكَتۡ عَلَيۡهِمُ ٱلسَّمَآءُ وَٱلۡأَرۡضُ وَمَا كَانُواْ مُنظَرِينَ

Фараон менен коому сууга чөккөндө алар үчүн асман да, жер да ыйлаган жок жана аларга тообо кылууга мөөнөт да берилген жок. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 44

وَلَقَدۡ نَجَّيۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ مِنَ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡمُهِينِ

Биз Исраилдин урпактарын кордоочу азаптан куткардык. Анткени Фараон менен коому алардын бала-чакаларын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтырышчу. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 44

مِن فِرۡعَوۡنَۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَالِيٗا مِّنَ ٱلۡمُسۡرِفِينَ

Биз аларды Фараондун азабынан сактадык. Чындыгында ал Аллахтын буйруктары менен дининин чегинен чыгып текеберлик кылгандардан болчу. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 44

وَلَقَدِ ٱخۡتَرۡنَٰهُمۡ عَلَىٰ عِلۡمٍ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ

Биз Өзүбүз билип Исраил урпактарын ал замандагы ааламдардан пайгамбарларынын көптүгү себептүү тандап алганбыз. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 44

وَءَاتَيۡنَٰهُم مِّنَ ٱلۡأٓيَٰتِ مَا فِيهِ بَلَٰٓؤٞاْ مُّبِينٌ

Биз аларга Мусаны колдоо максатта берген манна шириндиги, бөдөнө жана башка ушулар сыяктуу ачык жакшылыктарды камтыган далилдерди бердик. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 44

إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَيَقُولُونَ

Чындыгында ал жалганчы мушриктер кайра тирилүүнү четке кагып мындай деп айтышат: info
التفاسير:

external-link copy
35 : 44

إِنۡ هِيَ إِلَّا مَوۡتَتُنَا ٱلۡأُولَىٰ وَمَا نَحۡنُ بِمُنشَرِينَ

«Биз үчүн бир гана өлүм бар, андан кийин эч кандай жашоо жок. Бул өлүмдөн кийин биз кайра тирилбейбиз. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 44

فَأۡتُواْ بِـَٔابَآئِنَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Эй, Мухаммад! Сен жана сени ээрчигендер Аллах өлүктөрдү сурак жана жаза-сыйлык үчүн кайра тирилтет деген сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда өлгөн ата-бабаларыбызды тирилтип алып келгилечи?!». info
التفاسير:

external-link copy
37 : 44

أَهُمۡ خَيۡرٌ أَمۡ قَوۡمُ تُبَّعٖ وَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ أَهۡلَكۡنَٰهُمۡۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ مُجۡرِمِينَ

Оо, пайгамбар! Күч-кубаттуулук жактан сени жалганга чыгарган мушриктер артыкпы же алардан мурунку Аад жана Самуд сыяктуу Тубба коому артыкпы? Биз алардын баарысын жок кылдык. Чындыгында алар күнөөкөрлөр эле. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 44

وَمَا خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا لَٰعِبِينَ

Биз асмандар менен жерди жана алардын ортосундагы нерселерди ойноп жараткан жокпуз. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 44

مَا خَلَقۡنَٰهُمَآ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ

Биз асмандар менен жерди улуу даанышмандык үчүн жараттык. Бирок көпчүлүк мушриктер муну билишпейт. info
التفاسير:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• وجوب لجوء المؤمن إلى ربه أن يحفظه من كيد عدوّه.
Ыймандуу адам үчүн душмандын айла-амалынан коргоодо болуш үчүн Раббисине качуу милдет. info

• مشروعية الدعاء على الكفار عندما لا يستجيبون للدعوة، وعندما يحاربون أهلها.
Каапырлар чакырыкка жооп беришпесе жана аны кылган адамдарга каршы согушса, анда аларга каршы дуба кылуу шариятта уруксат. info

• الكون لا يحزن لموت الكافر لهوانه على الله.
Каапыр адам Аллахтын алдында төмөн болгону үчүн ал өлгөндө аалам ал үчүн кайгырбайт. info

• خلق السماوات والأرض لحكمة بالغة يجهلها الملحدون.
Асмандар менен жер улуу даанышмандык үчүн жаратылганын атеисттер билишпейт. info