വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - കിർഗീസ് വിവർത്തനം - ഷംസുദ്ദീൻ ഹകീമോവ്

പേജ് നമ്പർ:close

external-link copy
15 : 52

أَفَسِحۡرٌ هَٰذَآ أَمۡ أَنتُمۡ لَا تُبۡصِرُونَ

Эмне, бул сыйкыр бекен! Же силер көрбөй жатасыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
16 : 52

ٱصۡلَوۡهَا فَٱصۡبِرُوٓاْ أَوۡ لَا تَصۡبِرُواْ سَوَآءٌ عَلَيۡكُمۡۖ إِنَّمَا تُجۡزَوۡنَ مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ

Ага киргиле! Чыдайсыңарбы, чыдабайсыңарбы, силерге баары бир! Силер, аныгында жасаган ишиңердин гана жазасын аласыңар!». info
التفاسير:

external-link copy
17 : 52

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَنَعِيمٖ

Ал эми, (Раббисинен) корккон кишилер бейиштердин жана нээматтардын ичинде. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 52

فَٰكِهِينَ بِمَآ ءَاتَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡ وَوَقَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡ عَذَابَ ٱلۡجَحِيمِ

Раббилери берген нээматтардан жыргаган абалда. Жана аларды Раббилери тозок азабынан сактайт. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 52

كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ

(Аларга) «(Сооптуу) иш кылганыңар үчүн (каалаган нерсеңерден) жегиле жана ичкиле, аш болсун!» (деп айтылат). info
التفاسير:

external-link copy
20 : 52

مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ سُرُرٖ مَّصۡفُوفَةٖۖ وَزَوَّجۡنَٰهُم بِحُورٍ عِينٖ

(Алар бейиштеги дарыялардын жээгинде) катар тизилген сөрүлөрдүн[1] үстүндө жамбаштап жатышат. Биз аларды бакыраң көз «үр» кыздарга үйлөнтүп койобуз. info

[1] Тапчандардын.

التفاسير:

external-link copy
21 : 52

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَٱتَّبَعَتۡهُمۡ ذُرِّيَّتُهُم بِإِيمَٰنٍ أَلۡحَقۡنَا بِهِمۡ ذُرِّيَّتَهُمۡ وَمَآ أَلَتۡنَٰهُم مِّنۡ عَمَلِهِم مِّن شَيۡءٖۚ كُلُّ ٱمۡرِيِٕۭ بِمَا كَسَبَ رَهِينٞ

Ал эми, ыйман келтирип, урпактары дагы (аларды) ыйман менен ээрчиген адамдарга (бейиште) урпактарын кошобуз. Бирок, алардын (бабалардын) амалдарынан эч нерсе кемитилбейт. Ар бир адам өз ишинин туткуну.[1] info

[1] Демек, бейиштеги бабаларды кубантуу үчүн Аллах таала ыйман менен өткөн урпактарды аларга кошот экен, эгер сооп даражалары бабалардай болбосо да. Бирок, мунун мааниси бабалардын сообунан урпактарга алып берилет экен дегенге жатпайт. Тескерисинче "(бабалардын) амалдарынан эч нерсе кемитилбейт". Б.а. сооп алып берилбейт. Анткени, "Ар бир адам өз ишинин туткуну".

التفاسير:

external-link copy
22 : 52

وَأَمۡدَدۡنَٰهُم بِفَٰكِهَةٖ وَلَحۡمٖ مِّمَّا يَشۡتَهُونَ

Жана Биз аларды (ар түрдүү) мөмөлөр ошондой эле, каалагандай куш эттери менен ырахаттандырабыз. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 52

يَتَنَٰزَعُونَ فِيهَا كَأۡسٗا لَّا لَغۡوٞ فِيهَا وَلَا تَأۡثِيمٞ

Алар анда (бейиште шарап толтурулган) чөйчөктөрдү бири-бирине сунушат. Ал шарапта(н) алжыгандык да болбойт, күнөө иштер да болбойт. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 52

۞ وَيَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ غِلۡمَانٞ لَّهُمۡ كَأَنَّهُمۡ لُؤۡلُؤٞ مَّكۡنُونٞ

Аларды(н кызматында седептин ичине) катылган бермет сыяктуу жаш (сулуу) жигиттер айланчыктап турушат. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 52

وَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ

Жана (бейиштегилер) бири-бирине бет маңдай (отуруп) суроо-жооп менен кайрылышты: info
التفاسير:

external-link copy
26 : 52

قَالُوٓاْ إِنَّا كُنَّا قَبۡلُ فِيٓ أَهۡلِنَا مُشۡفِقِينَ

(Жана мындай) дешти: «Биз илгери (дүйнөдөгү жашообузда) өз элибиздин арасында (Аллах тааладан) коркуучулар элек. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 52

فَمَنَّ ٱللَّهُ عَلَيۡنَا وَوَقَىٰنَا عَذَابَ ٱلسَّمُومِ

Анан бизге Аллах (Ислам менен) жакшылык кылды. Жана бизди тозок азабынан сактап калды. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 52

إِنَّا كُنَّا مِن قَبۡلُ نَدۡعُوهُۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡبَرُّ ٱلرَّحِيمُ

Биз мурда ага (ыклас) дуба кылчу элек. Чынында ал жакшылык кылуучу, Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 52

فَذَكِّرۡ فَمَآ أَنتَ بِنِعۡمَتِ رَبِّكَ بِكَاهِنٖ وَلَا مَجۡنُونٍ

(Оо, Мухаммад! Үммөтүңө) эскерткин! Сен Раббиңдин нээматы себептүү бакшы (көзү ачык) да эмессиң, жинди да эмессиң. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 52

أَمۡ يَقُولُونَ شَاعِرٞ نَّتَرَبَّصُ بِهِۦ رَيۡبَ ٱلۡمَنُونِ

Же болбосо, алар (мушриктер: «Бул) акын. Анын өлүмүн күтө туралы» - дешеби? info
التفاسير:

external-link copy
31 : 52

قُلۡ تَرَبَّصُواْ فَإِنِّي مَعَكُم مِّنَ ٱلۡمُتَرَبِّصِينَ

Айткын: «Күтө бергиле. Мен да силерге кошулуп (Аллах силерге азап берүүсүн) күтөмүн». info
التفاسير: