[1] Бул жерде айтылган «Раина» сөзүн жакшыраак түшүнүү үчүн “Бакара” сүрөсүнүн 104-аятынын тафсирине караңыз.
[1] Яхудилер менен христиандар: “Биз Аллахтын перзенттерибиз”, “Бейишке яхуди же христиан болгондор гана кирет” деп өздөрүн эч бир далилсиз актап-макташа беришчү. Бул алардын Аллахка чоң жалгандарды ойлоп тапканы эле.
[1] Жибт жана тагут - Аллахтан башка, жасалма кудайлардын аталыштары.
[2] Бул сөздөрдү айткандар, пайгамбарыбызга жана момун-мусулмандарга ичи тарлык кылган эң адепсиз, табияты бузук, акыл-эси өтө төмөн яхудийлер жамааты. Алар ушунчалык “эсин жеп” койгондуктан Аллахтан башка таш - кудай, жыгач - кудайларга, шайтандарга.., деги эле сыйынбагандын бардыгына сыйынышат. Аятта айтылган “жибт” менен “тагут” ошол, Аллахтан башка кудайлардын жалпы аты. Ошондой эле, сыйкырчылык менен палчылык (көзү ачыктык) дагы “жибт”, “тагутка” кошулат. Алардын, пайда-зыян келтире албаган, дубаларды укпаган таш кудайларга сыйынган каапырларды момун-мусулмандардан туура жолдо деп айткандары ичи тарлыктан, көралбастыктан, кем акылдыктан башка нерсе эмес!