[1] Пайгамбарыбыз Мединага хижрат кылып барганда, Аллахтын буйругу менен, он алты же он жети ай Байтул Макдис (Иерусалим) тарапка карап намаз окуду. Бул мусулмандар үчүн оор иш эле. Ошентсе да, ыйманы бекем мусулмандар Аллахтын амирине кийгилишпей жана каяша кылбай, Байтул Макдиске карап намаз окуй беришти. Бирок, кээ бир ыйманы бош жана улутчул арабдар динден кайтып кетишти. Мына ушундай Даанышмандык менен Аллах таала Өз пайгамбарына "(моюн сунуп) ээрчиген адамдарды артына бурулуп, (динден кайтып) кеткен адамдардан" ажыратып, билгизип койду.
[2] Бул аятта Ахлу Сунна вал Жамаа аалымдарынын "мусулмандын дене мүчөлөрү менен аткарган амалдары дагы ыймандын курамына кирет" деген пикирлерине далил бар. Анткенит, кыбла өзгөргөндө кээ бир мусулмандар "биздин абалкы кыблага карап окуган намаздарыбыз эмне болот?" деп кейий башташты. Ошондо, Аллах намазды ыйман деген сөз менен белгилеп, "Аллах силердин ыйманыңарды текке кетирбейт" деген аятты түшүрдү.