ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ

ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ:close

external-link copy
163 : 4

۞ إِنَّآ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ كَمَآ أَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ نُوحٖ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ مِنۢ بَعۡدِهِۦۚ وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَٱلۡأَسۡبَاطِ وَعِيسَىٰ وَأَيُّوبَ وَيُونُسَ وَهَٰرُونَ وَسُلَيۡمَٰنَۚ وَءَاتَيۡنَا دَاوُۥدَ زَبُورٗا

Оо, элчи, биз сага сенден мурдагы пайгамбарларга аян-кабар берген сыяктуу аян-кабар бердик. Сен биринчи элчи эмессиң. Биз Нухка да аян-кабар бергенбиз жана андан кийин келген пайгамбарларга да аян-кабар түшүргөнбүз. Ибрахимге аян-кабар бердик, анын балдары Исмаил менен Исхакка бердик, Исхактын уулу Якубга бердик жана алардын урпактарына бердик (алар Якуб пайгамбардын он эки уулунан тараган Исраил урпактарынан чыккан пайгамбарлар). Исага, Аюбга, Юнуска, Харунга жана Сулайманга аян-кабар бердик. Ошондой эле Даудга Забур китебин түшүрдүк info
التفاسير:

external-link copy
164 : 4

وَرُسُلٗا قَدۡ قَصَصۡنَٰهُمۡ عَلَيۡكَ مِن قَبۡلُ وَرُسُلٗا لَّمۡ نَقۡصُصۡهُمۡ عَلَيۡكَۚ وَكَلَّمَ ٱللَّهُ مُوسَىٰ تَكۡلِيمٗا

Биз сага Куранда аңгемелеп айтып берген элчилер бар, сага айтпаган элчилер да бар. Аларды айтпай коюунун өзүнчө даанышман сыры бар. Ал эми Муса пайгамбар менен Аллах Таала ортомчусуз Өзүнө гана ылайык чыныгы сүйлөшүү менен сүйлөштү, Мусаны урматтаганы үчүн info
التفاسير:

external-link copy
165 : 4

رُّسُلٗا مُّبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى ٱللَّهِ حُجَّةُۢ بَعۡدَ ٱلرُّسُلِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمٗا

Пайгамбар, элчилерден кийин адамдар Аллах Таалага түрдүү шылтоо айтып, далил кылбоосу үчүн, Аллахка ишенгендерге чоң сооп-сый болорун сүйүнчүлөөчү, ал эми Ага каапыр болгондорго катуу азап болорун айтып коркутуучу кылып бул элчилерди жибердик. Аллах Таала падышалыгында Ызаттуу, ишке ашырууда Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
166 : 4

لَّٰكِنِ ٱللَّهُ يَشۡهَدُ بِمَآ أَنزَلَ إِلَيۡكَۖ أَنزَلَهُۥ بِعِلۡمِهِۦۖ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَشۡهَدُونَۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدًا

Оо, элчи, сага яхудилер каапыр болгону менен, Аллах Таала сага түшүрүлгөн Курандын туура, чындык экенин бекемдеп, тасыктап жатат. Аллах Таала Куранды эмнени жакшы көрүп, эмнеге ыраазы болорун, эмнени жек көрүп, эмнеге нааразы болорун пенделерине билдирүүнү каалап, Өз илими менен түшүрдү. (Эй, Мухаммад) Аллахтын күбөлүгү менен бирге периштелер да сага түшкөн Куранга күбөлүк берип жатат. Аллах Таала жетиштүү Күбө, Анын күбөлүгү башкалардын күбөлүгүсүз эле жетиштүү info
التفاسير:

external-link copy
167 : 4

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ قَدۡ ضَلُّواْ ضَلَٰلَۢا بَعِيدًا

Сенин пайгамбарлыгыңа ишенбегендер жана адамдарды исламдан тыйгандар чындыктан аябай алыс кетишти info
التفاسير:

external-link copy
168 : 4

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَظَلَمُواْ لَمۡ يَكُنِ ٱللَّهُ لِيَغۡفِرَ لَهُمۡ وَلَا لِيَهۡدِيَهُمۡ طَرِيقًا

Аллахка жана Анын элчилерине ишенбегендерди,каапыр тейинде калып өз жандарына залым кылгандарды, ала каапырлыгын улантканы себептүү Аллах Таала кечирбейт жана азаптан кутула турган туура жолго багыттабайт info
التفاسير:

external-link copy
169 : 4

إِلَّا طَرِيقَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٗا

Бирок аларды тозокко алыпбарчу жолго багыттайт, анда түбөлүк калышат. Мындай кылуу Аллах Таалага жеңил, Ал эч нерсени аткара албай калбайт info
التفاسير:

external-link copy
170 : 4

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَكُمُ ٱلرَّسُولُ بِٱلۡحَقِّ مِن رَّبِّكُمۡ فَـَٔامِنُواْ خَيۡرٗا لَّكُمۡۚ وَإِن تَكۡفُرُواْ فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا

Оо, адамдар, Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) чынында силерге Аллах Тааладан акыйкат динди, туура жолду алып келди. Ал алып келген динге ишенгиле, бул дүйнөдө да, акыретте да өзүңөргө жакшы. Эгер Аллахка ишенбей каапырлык кылсаңар, Аллах силердин ишенимиңерге муктаж эмес, каапырлыгыңар Ага эч зыянын тийгизбейт. Асмандардагы, жердеги жана булардын ортосундагы бардык мүлк падышалык Аллахка таандык. Аллах Таала туура жолго ким ылайыктуу экенин билет жана ага ал жолго түшүүнү жеңил кылат, ал эми ким ылайык болбосо, аны ал жолдон тыйып коёт, Аллах сөзүндө, ишинде, шариятында жана тагдыр кылууда Өтө Даанышман info
التفاسير:
ಈ ಪುಟದಲ್ಲಿರುವ ಶ್ಲೋಕಗಳ ಉಪಯೋಗಗಳು:
• إثبات النبوة والرسالة في شأن نوح وإبراهيم وغيرِهما مِن ذرياتهما ممن ذكرهم الله وممن لم يذكر أخبارهم لحكمة يعلمها سبحانه.
Нух, Ибрахим жана булардын урпактарынан Аллах Таала атын атаган же Өзүнө гана маалым сыры менен аттарын атабаган башкаларга пайгамбарлык жана элчилик берилгени чындык info

• إثبات صفة الكلام لله تعالى على وجه يليق بذاته وجلاله، فقد كلّم الله تعالى نبيه موسى عليه السلام.
Аллах Таалада Өзүнүн Улуулугуна жана Затына ылайык сүйлөө касиети бар, чынында Ал пайгамбары Мусага (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) сүйлөгөн info

• تسلية النبي محمد عليه الصلاة والسلام ببيان أن الله تعالى يشهد على صدق دعواه في كونه نبيًّا، وكذلك تشهد الملائكة.
Пайгамбарлыгы чындык экенине Аллах Тааланын жана периштелердин күбөлүк бергенин баяндап Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) даражасын көтөрдү info