ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ

ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ:close

external-link copy
28 : 36

۞ وَمَآ أَنزَلۡنَا عَلَىٰ قَوۡمِهِۦ مِنۢ بَعۡدِهِۦ مِن جُندٖ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا كُنَّا مُنزِلِينَ

Аны жалганга чыгарган жана өлтүргөн элине асмандан периштелерден болгон аскер түшүрүп, аларды жок кылууга Биз муктаж эмеспиз. Кайсы бир коомду жок кылганда аларага перителерди түшүргөн эмеспиз, аларды жок кылуу Бизге өтө жеңил. Биз, алардын кыйроосу азап периштелерин түшүрүү менен эмес, асмандан келген катуу кыйкырык аркылуу болсун деп чечтик. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 36

إِن كَانَتۡ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ فَإِذَا هُمۡ خَٰمِدُونَ

Анын элинин окуясы Биз аларга жиберген бир кыйкырык гана болду. Ошондо алар сулайып өлүштү, алардын эч бири калбады. Алардын мисалы жарк этип күйүп, жалп этип өчкөн оттой болду, алардын артында эч нерсе калбады. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 36

يَٰحَسۡرَةً عَلَى ٱلۡعِبَادِۚ مَا يَأۡتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ

Кыямат күнү азапты көргөндө өкүнүчкө баткан, өкүттө калган кайран гана жалганчы пенделер! Анткени дүйнөдө пайгамбар аларга Аллах тараптан кандай нерсени алып келбесин, аны сөзсүз шылдыңга алып маскаралашкан. Мына ошондуктан кыямат күнү алардын акыбети Аллах тарапка кош көңүл карагандарына өкүнүү болду. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 36

أَلَمۡ يَرَوۡاْ كَمۡ أَهۡلَكۡنَا قَبۡلَهُم مِّنَ ٱلۡقُرُونِ أَنَّهُمۡ إِلَيۡهِمۡ لَا يَرۡجِعُونَ

Пайгамбарларды шылдыңдашкан жалганчылар сабак алыш үчүн алардан мурунку коомдорду көрүшпөйбү?! Алар өлүштү, эми дүйнөгө эч качан кайтып келишпейт. Алар кылган иш-аракеттерин көздөй кетишти. Жакында Аллах аларга сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 36

وَإِن كُلّٞ لَّمَّا جَمِيعٞ لَّدَيۡنَا مُحۡضَرُونَ

Кыяматта бардык коомдор кайра тирилгенден кийин алардын бири да калбастан кылган иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын алыш үчүн Биздин алдыбызга келишет. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 36

وَءَايَةٞ لَّهُمُ ٱلۡأَرۡضُ ٱلۡمَيۡتَةُ أَحۡيَيۡنَٰهَا وَأَخۡرَجۡنَا مِنۡهَا حَبّٗا فَمِنۡهُ يَأۡكُلُونَ

Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандарга анын чындык экендигинин аят-белгиси – бул кургап калган жер. Биз ага асмандан жамгыр жаадырып, түркүн-түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрдүк жана адамдар жеш үчүн ар кандай дан азыктарын чыгардык. Жамгыр жаадырып, өсүмдүктөрдү чыгарып бул жерди тирилткен Зат өлүктөрдү да кайра тирилтүүгө кудуреттүү. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 36

وَجَعَلۡنَا فِيهَا جَنَّٰتٖ مِّن نَّخِيلٖ وَأَعۡنَٰبٖ وَفَجَّرۡنَا فِيهَا مِنَ ٱلۡعُيُونِ

Биз жамгыр жаадырган бул жерди курма жана жүзүм бакчаларына айланттык жана аларды сугарууга булактарды чыгардык. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 36

لِيَأۡكُلُواْ مِن ثَمَرِهِۦ وَمَا عَمِلَتۡهُ أَيۡدِيهِمۡۚ أَفَلَا يَشۡكُرُونَ

Аллах адамдарга берген ал бакчалардын мөмө-жемиштеринен алар жешсин деп. Бул нерселер алардын аракети менен болгон жок. Эми алар бул жакшылыктарга шүгүр кылуу үчүн жалгыз Аллахка ибадаттарды кылышпайбы, Анын пайгамбарларына ыйман келтиришпейби?! info
التفاسير:

external-link copy
36 : 36

سُبۡحَٰنَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلۡأَزۡوَٰجَ كُلَّهَا مِمَّا تُنۢبِتُ ٱلۡأَرۡضُ وَمِنۡ أَنفُسِهِمۡ وَمِمَّا لَا يَعۡلَمُونَ

Түрлүү-түрлүү өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды өстүргөн, адамдардын өздөрүнөн эркектер менен аялдарды жараткан жана ошондой эле кургактык менен деңизде адамдар билбеген Аллахтын башка макулуктарын жараткан Аллах аруу жана ыйык. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 36

وَءَايَةٞ لَّهُمُ ٱلَّيۡلُ نَسۡلَخُ مِنۡهُ ٱلنَّهَارَ فَإِذَا هُم مُّظۡلِمُونَ

Адамдарга Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – Биз күндүз менен кошо жарыкты кетиребиз, күндүздү түндөн ажыратып түндү келтиребиз жана күндүз бүткөндөн кийин караңгылыкты алып келебиз. Ошондо адамдар карыңгылыкка киришет. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 36

وَٱلشَّمۡسُ تَجۡرِي لِمُسۡتَقَرّٖ لَّهَاۚ ذَٰلِكَ تَقۡدِيرُ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡعَلِيمِ

Дагы алар үчүн Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – бул Күн. Ал Аллах Өзү билген чектен ашып кетпестен, өз ордунда сүзүп жүрөт. Бул Кудуреттүүнүн белгилеп койгон тагдыры. Аны эч ким жеңе албайт. Ал Билүүчү, Ага макулуктардын эч бир нерсеси жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 36

وَٱلۡقَمَرَ قَدَّرۡنَٰهُ مَنَازِلَ حَتَّىٰ عَادَ كَٱلۡعُرۡجُونِ ٱلۡقَدِيمِ

Дагы алар үчүн Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – бул Ай. Биз ар бир түнгө анын өз ордун белгилеп койгонбуз. Ал кичине болуп башталып, улам чоңоё берет, кийин кайра кичирейип баштайт. Ал ичкелигинде, ийилчектигинде, саргычтыгында жана эскилигинде кудум ийилип жок болуп бара жаткан курманын шагы сымал. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 36

لَا ٱلشَّمۡسُ يَنۢبَغِي لَهَآ أَن تُدۡرِكَ ٱلۡقَمَرَ وَلَا ٱلَّيۡلُ سَابِقُ ٱلنَّهَارِۚ وَكُلّٞ فِي فَلَكٖ يَسۡبَحُونَ

Күн, Ай жана түн менен күндүздүн белгилери Аллахтын тагдыры менен белгиленген. Алар белгиленген чектен ашып кетишпейт. Күн Айдын жолун өзгөртүп же анын нурун кетирип, Ага кошулуп кетпейт. Ошондой эле түн дагы күндүздөн ашып кетпейт, анын убактысы бүтө электе эле кирип келбейт. Планеталар, орбиталар ж.б. сыяктуу Аллахтын тагдыры жана коргоосу менен моюн сундурулган бул макулуктардын ар биринин жеке өзүнө тийиштүү жолдору бар. info
التفاسير:
ಈ ಪುಟದಲ್ಲಿರುವ ಶ್ಲೋಕಗಳ ಉಪಯೋಗಗಳು:
• ما أهون الخلق على الله إذا عصوه، وما أكرمهم عليه إن أطاعوه.
Адардардын эң кору Аллахка баш ийбестик кылгандар, алардын эң урматтуулары Ага моюн сунгандар. info

• من الأدلة على البعث إحياء الأرض الهامدة بالنبات الأخضر، وإخراج الحَبِّ منه.
Кургак жерге жашыл өсүмдүктөрдү өстүрүп, андан дандарды чыгаруу менен аны жандандыруу кайра тирилүүлүүнүн далилдеринен. info

• من أدلة التوحيد: خلق المخلوقات في السماء والأرض وتسييرها بقدر.
Аллахтын жалгыздыгынын далилдеринен – асман менен Жерде макулуктарды жаратып, аларды белгиленген чекте жүргүзүү. info