ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ

ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ:close

external-link copy
42 : 30

قُلۡ سِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلُۚ كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّشۡرِكِينَ

Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Жер жүзүн кезип, силерден мурунку жалганчы коомдордун акыбети кандай болгонун карап ага ой жүгүрткүлө. Алардын арты жамандык менен бүткөн. Алардын көпчүлүгү Аллах менен катар башка нерселерге сыйынып ширк кылышкан. Ошондуктан алар Аллахка ширк кылышканы себептүү кыйрап жок болушкан. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 30

فَأَقِمۡ وَجۡهَكَ لِلدِّينِ ٱلۡقَيِّمِ مِن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَ يَوۡمٞ لَّا مَرَدَّ لَهُۥ مِنَ ٱللَّهِۖ يَوۡمَئِذٖ يَصَّدَّعُونَ

Оо, пайгамбар! Анын келүүсүн эч ким токтото албаган кыямат күнү келгенге чейин эч кандай бурмалануусу жок туура Ислам динине жүзүңдү бур! Ал күнү адамдар бөлүнүп калышат, бир тобу бейиште жыргалчылыкта болушат, экинчи тобу тозокто азапталышат. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 30

مَن كَفَرَ فَعَلَيۡهِ كُفۡرُهُۥۖ وَمَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا فَلِأَنفُسِهِمۡ يَمۡهَدُونَ

Кимде-ким Аллахка каапырлык кылса, анда анын каапырлыгынын зыяны өзүнө кайтат, ал тозокто түбөлүк калат. Ал эми ким Аллахтын Жүзүн каалап жакшылык иштерди кылса, анда алар өздөрү үчүн бейишке кирүүнү жана андагы жыргалчылыктарды даярдаптыр, алар ал жакта түбөлүк калышат. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 30

لِيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ مِن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Ал, Аллахка ыйман келтирип, Раббисин ыраазы кыла турган жакшы иштерди кылгандарды сыйлоо үчүн ушинтет. Чынында, Аллах Ага жана Анын элчилерине каапыр болгондорду сүйбөйт. Тескерисинче, аларды аябай катуу жек көрөт жана кыямат күнү катуу азаптайт. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 30

وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَن يُرۡسِلَ ٱلرِّيَاحَ مُبَشِّرَٰتٖ وَلِيُذِيقَكُم مِّن رَّحۡمَتِهِۦ وَلِتَجۡرِيَ ٱلۡفُلۡكُ بِأَمۡرِهِۦ وَلِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ

Эй, адамдар! Жамгырдан кийинки пайда болгон түшүмдүүлүк жана бакубатчылык аркылуу силерге Өз ырайымын сездириш үчүн жана Өз каалоосу менен деңизде кемелерди жүргүзүш үчүн жана ошондой эле деңизде соода-сатык кылып Анын жакшылыктарын сурашыңар үчүн пенделерге жамгырдын жаашын сүйүнчүлөгөн шамалдарды жиберүүсү – Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген улуу аят-белгилерден. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 30

وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ رُسُلًا إِلَىٰ قَوۡمِهِمۡ فَجَآءُوهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَٱنتَقَمۡنَا مِنَ ٱلَّذِينَ أَجۡرَمُواْۖ وَكَانَ حَقًّا عَلَيۡنَا نَصۡرُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун да элчилерди өз коомдоруна жиберип, аларга чынчылдыктарын билдирген далилдерди алып келишкен. Ошондо алар элчилери алып келген нерселерди жалганга чыгарышты. Анан Биз күнөөлөрдү кылгандардан өч алдык жана аларды Өз азабыбыз менен кыйратып жок кылдык. Ал эми элчилерди жана аларга ыйман келтиргендерди кыйроодон сактак калдык. Ыймандууларды куткаруу жана аларга жардам берүүнү – Биз Өзүбүгө милдет кылганбыз. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 30

ٱللَّهُ ٱلَّذِي يُرۡسِلُ ٱلرِّيَٰحَ فَتُثِيرُ سَحَابٗا فَيَبۡسُطُهُۥ فِي ٱلسَّمَآءِ كَيۡفَ يَشَآءُ وَيَجۡعَلُهُۥ كِسَفٗا فَتَرَى ٱلۡوَدۡقَ يَخۡرُجُ مِنۡ خِلَٰلِهِۦۖ فَإِذَآ أَصَابَ بِهِۦ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦٓ إِذَا هُمۡ يَسۡتَبۡشِرُونَ

Аллах Таала шамал соктурат. Шамал булуттарды козгоп айдайт. Анан аларды асманда Өзү каалагандай, же аз, же көп кылып жаят жана бөлөк-бөлөк кылып таркатат. Анан сен, эй, карап турган адам, булут арасынан чыккан жамгырды көрөсүң. Ал Өзү каалаган пенделеринин үстүнө жамгыр жаадырганда, алар Аллахтын ырайымы менен жааган жамгырга сүйүнүшөт. Анткени, жамгырдан кийин жер бетине алардын өзүнө жана үй жаныбарларына керек болгон азык-тоюттар өнүп чыгат. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 30

وَإِن كَانُواْ مِن قَبۡلِ أَن يُنَزَّلَ عَلَيۡهِم مِّن قَبۡلِهِۦ لَمُبۡلِسِينَ

Аллах аларга жамгыр жаадырганга чейин алар андан үмүтсүз болуп калышкан эле. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 30

فَٱنظُرۡ إِلَىٰٓ ءَاثَٰرِ رَحۡمَتِ ٱللَّهِ كَيۡفَ يُحۡيِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَآۚ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Оо, пайгамбар! Аллах Өз пенделерине ырайым кылып түшүргөн жамгырдын белгилерин кара, Аллах жер бети кургап калгандан кийин түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп аны кантип тирилткенин кара! Чындыгында ал кургак жерди тирилткен Аллах өлүктөрдү кайра тирилте алат. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Аны эч ким алсыз кыла албайт. info
التفاسير:
ಈ ಪುಟದಲ್ಲಿರುವ ಶ್ಲೋಕಗಳ ಉಪಯೋಗಗಳು:
• إرسال الرياح، وإنزال المطر، وجريان السفن في البحر: نِعَم تستدعي أن نشكر الله عليها.
Шамалдарды жиберүү, жамгыр жаадыруу жана деңизде кемелерди жүргүзүү – Аллахка шүгүр кылуубузду талап кылган жакшылыктардан. info

• إهلاك المجرمين ونصر المؤمنين سُنَّة إلهية.
Күнөөкөрлөрдү кыйратып жок кылуу жана ыймандууларга жардам берүү – Аллахтын жолу. info

• إنبات الأرض بعد جفافها دليل على البعث.
Жер кургап калгандан кийин андан өсүмдүктөрдү өстүрүп чыгаруу кайра тирилүүгө далил болот. info