ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ

ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ:close

external-link copy
101 : 3

وَكَيۡفَ تَكۡفُرُونَ وَأَنتُمۡ تُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡ ءَايَٰتُ ٱللَّهِ وَفِيكُمۡ رَسُولُهُۥۗ وَمَن يَعۡتَصِم بِٱللَّهِ فَقَدۡ هُدِيَ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ

Аллахка ыйман келтиргенден кийин кайра кантип каапыр болосуңар, ыйманыңарды сактап турууга чоң себептер турбайбы! Аллахтын аяттары окулуп жатат, Анын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) силерге ачык баяндап жатат. Ким Аллахтын динин жана пайгамбардын сүннөтүн бекем карманса, Аллах Таала аны адашуусу жок туура, түз жолгобагыттап коёт info
التفاسير:

external-link copy
102 : 3

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ حَقَّ تُقَاتِهِۦ وَلَا تَمُوتُنَّ إِلَّا وَأَنتُم مُّسۡلِمُونَ

Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарга ээрчиген ыймандуулар, Жаратуучуңардан чындап корккула, бул Анын буйруктарын аткаруу, күнөөлөрдөн тыйылуу, нээматтарына шүгүр кылуу аркылуу болот. Ажалыңар жетип өтүп кеткичеңер диниңерде бекем болгула info
التفاسير:

external-link copy
103 : 3

وَٱعۡتَصِمُواْ بِحَبۡلِ ٱللَّهِ جَمِيعٗا وَلَا تَفَرَّقُواْۚ وَٱذۡكُرُواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ إِذۡ كُنتُمۡ أَعۡدَآءٗ فَأَلَّفَ بَيۡنَ قُلُوبِكُمۡ فَأَصۡبَحۡتُم بِنِعۡمَتِهِۦٓ إِخۡوَٰنٗا وَكُنتُمۡ عَلَىٰ شَفَا حُفۡرَةٖ مِّنَ ٱلنَّارِ فَأَنقَذَكُم مِّنۡهَاۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمۡ ءَايَٰتِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَهۡتَدُونَ

Оо, ыймандуулар, китеп жана сүннөттү бекем кармагыла, бөлүнүп-жарылууга алап барчу иштерден сак болгула. Исламдан мурда болбогон себеп менен согушуп, душман элеңер, Аллах Таала жүрөгүңөрдү исламга бириктирип, бири-бириңе ырайымдуу, жардам берүүчү диндеш бир тууган болдуңар. Аллахтын мына ушул нээматын эстегиле. Буга чейин каапырлыгыңар менен тозокко бет алган элеңер, андан Аллах Таала Ислам менен куткарып калды жана ыйманга баштады. Аллах Таала силер түз жолдо бекем болууңар, туура жолдо жүрүүңөр жана дүйнө, акыретте абалыңар жакшы болуусу үчүн мына ушинтип аяттарын баяндады info
التفاسير:

external-link copy
104 : 3

وَلۡتَكُن مِّنكُمۡ أُمَّةٞ يَدۡعُونَ إِلَى ٱلۡخَيۡرِ وَيَأۡمُرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَيَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Оо, ыймандуулар, силерден Аллахка жаккан бадык жакшылыкка үндөгөн, шарият талап кылган жана акылга сыя турган жакшы иштерге чакырган, шариятта тыюу салынган жана акылга да туура келбеген жаман иштерден кайтарган жамаат болсун. Мына ушулар дүйнө жана акыретте жеңишке жеткен адамдар info
التفاسير:

external-link copy
105 : 3

وَلَا تَكُونُواْ كَٱلَّذِينَ تَفَرَّقُواْ وَٱخۡتَلَفُواْ مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلۡبَيِّنَٰتُۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٞ

Оо, ыймандуулар, бөлүнүп-жарылып бир канча тайпа, топторго айланган китеп берилгендерге окшобогула. Алар Аллах Тааладан ачык-айкын аят, далилдер келгенден кийин дининде каршылаш болуп кетишти. Буларга Аллах Тааланын катуу азабы болот info
التفاسير:

external-link copy
106 : 3

يَوۡمَ تَبۡيَضُّ وُجُوهٞ وَتَسۡوَدُّ وُجُوهٞۚ فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ٱسۡوَدَّتۡ وُجُوهُهُمۡ أَكَفَرۡتُم بَعۡدَ إِيمَٰنِكُمۡ فَذُوقُواْ ٱلۡعَذَابَ بِمَا كُنتُمۡ تَكۡفُرُونَ

Аларга бул катуу азап кыямат күну болот. Бул күну ыймандуулардын жүзү кубаныч жана бакыттан улам агарып нурданып турат. Каапырлардын жүзү болсо кайгы жана кыйынчылыктан улам карарып кетет. Ал улук күндө жүзү карарып калгандарга: Ишенип, тастыктаганыңардан кийин Аллахтын Жалгыздыгына каапыр болуп, Ага эч шерик кылбагыла деген келишимин буздуңарбы?! Эми ушул каапырлыгыңар себептүү силерге даярдалып коюлган азаптын даамын тата бергиле info
التفاسير:

external-link copy
107 : 3

وَأَمَّا ٱلَّذِينَ ٱبۡيَضَّتۡ وُجُوهُهُمۡ فَفِي رَحۡمَةِ ٱللَّهِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ

А берки жүзү агарган адамдардын орду нээматтуу бейиште, анда түбөлүк калышат, анын нээмат жакшылыгы азайбайт жана түгөнбөйт info
التفاسير:

external-link copy
108 : 3

تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱللَّهِ نَتۡلُوهَا عَلَيۡكَ بِٱلۡحَقِّۗ وَمَا ٱللَّهُ يُرِيدُ ظُلۡمٗا لِّلۡعَٰلَمِينَ

Аллахтын бул жакшылыкты жана жамандыкты убада кылган аяттарын сага, оо, пайгамбар, чыныгы кабар, адилеттүү өкүм менен окуп беребиз. Аллах Таала ааламда эч кимге залымдык кылбайт, ар кимди кылган ишине жараша гана азаптайт info
التفاسير:
ಈ ಪುಟದಲ್ಲಿರುವ ಶ್ಲೋಕಗಳ ಉಪಯೋಗಗಳು:
• متابعة أهل الكتاب في أهوائهم تقود إلى الضلال والبعد عن دين الله تعالى.
Китеп берилгендердин өз каалоолоруна ээрчүүсү аларды адашууга алып барып, Аллахтын дининен алыстатат info

• الاعتصام بالكتاب والسُّنَّة والاستمساك بهديهما أعظم وسيلة للثبات على الحق، والعصمة من الضلال والافتراق.
Китеп жана сүннөттү бекем кармоо жана ал экөөнүн жолунда бекем болуу чындык динде бек туруунун, адашуу жана бөлүнүүдөн сактануунун негизги себеби info

• الافتراق والاختلاف الواقع في هذه الأمة في قضايا الاعتقاد فيه مشابهة لمن سبق من أهل الكتاب.
Бул үммөттөгү ишенимде бөлүнүү жана карама-каршы болуу көйгөйлөрү, мурдагы өткөн китеп берилгендердин абалына окшош info

• وجوب الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر؛ لأن به فلاح الأمة وسبب تميزها.
жакшылыкка үндөө, жамандыктан тыюу ар бир адамга милдет, анткени үммөттүн ийгилиги жана өзгөчөлүгү ушунда info