ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ

ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ:close

external-link copy
275 : 2

ٱلَّذِينَ يَأۡكُلُونَ ٱلرِّبَوٰاْ لَا يَقُومُونَ إِلَّا كَمَا يَقُومُ ٱلَّذِي يَتَخَبَّطُهُ ٱلشَّيۡطَٰنُ مِنَ ٱلۡمَسِّۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَالُوٓاْ إِنَّمَا ٱلۡبَيۡعُ مِثۡلُ ٱلرِّبَوٰاْۗ وَأَحَلَّ ٱللَّهُ ٱلۡبَيۡعَ وَحَرَّمَ ٱلرِّبَوٰاْۚ فَمَن جَآءَهُۥ مَوۡعِظَةٞ مِّن رَّبِّهِۦ فَٱنتَهَىٰ فَلَهُۥ مَا سَلَفَ وَأَمۡرُهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِۖ وَمَنۡ عَادَ فَأُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Сүткорлук менен алектенгендер жана аны алгандар кыямат күнү кабырларынан жин-шайтан тийген адам сыяктуу тирилишет. Алар кабырынан бир туруп, бир жыгылып талмасы кармаган адамдай турушат. Мунун себеби алар сүткорлукту адал деп эсептешти жана сүткорлук менен Аллах адал кылган соодадан түшкөн пайдаларды айырмалашкан жок. Алар: «Адалдык жагынан соода деле сүткорлук сыяктуу. Экөөсү бирдей мал-мүлктүн көбөйүшүнө жана өсүшүнө алып келет» – дешти. Аллах аларга жооп берди, алардын салыштыруусун четке какты жана жалгандарын ачыкка чыгарды. Ошондой эле соодада жалпы жана жеке пайдалар болгону үчүн аны адал кылганын, ал эми сүткорлук зулумдукту жана адамдардын мал-мүлкүн кайтарбастан жалган жолдо жешти камтыгандыгы үчүн аны арам кылганын баяндады. Кимге Раббиси тараптан сүткорлуктан тыюу жана эскертүү келсе жана ал аны таштап, Аллахка тообо кылып кайтса, анда анын мурда сүткорлуктан алган нерселери үчүн эч кандай күнөө жок жана андан кийин кандай болорун Аллах Өзү чечет. Ал эми кимге Аллахтын тыюусу жетип, далил келтирилгенден кийин да сүткорлук кылганын токтотпосо, ал тозокко кирүүгө жана анда түбөлүк калууга татыктуу болду. Мындагы тозокто түбөлүк калат дегенден сүткорлукту адал деп жеген адам же ал жакта узакка калуу максат кылынган. Анткени тозокто түбөлүк калуу каапырларга гана тиешелүү, ал эми жалгыз кудайлуулук (таухид) ишенимин кармангандар тозокто түбөлүк калышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
276 : 2

يَمۡحَقُ ٱللَّهُ ٱلرِّبَوٰاْ وَيُرۡبِي ٱلصَّدَقَٰتِۗ وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ كُلَّ كَفَّارٍ أَثِيمٍ

Аллах сүткорлуктан түшкөн мал-мүлктү жок кылат жана аны кетирет, же аны көз көрүнөө жоготууга учуратат, же билгизбей берекесин алып коёт. Ал эми садакаларды көбөйтөт жана алардын сообун эселеп өстүрөт. Жакшылык он эседен жети жүз эсеге чейин же андан да көп эсеге көбөйтүлөт жана садака бергендердин мал-мүлкүнө береке берет. Аллах баш ийбес каапырларды, арамды адал кылгандарды, жамандык жана күнөө иштерди таштабаган адамдарды жакшы көрбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
277 : 2

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَوُاْ ٱلزَّكَوٰةَ لَهُمۡ أَجۡرُهُمۡ عِندَ رَبِّهِمۡ وَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ

Аллахка ыйман келтиргендер, Анын элчисине ээрчигендер, жакшылык иштерди кылгандар, намазды Аллах шариятта көргөзгөндөй толук аткаргандар, татыктуу адамдарга мал-мүлкүнөн зекет бергендер үчүн Раббисинин алдында сооп-сыйлыктар бар. Алар үчүн келечекте боло турган иштеринде эч кандай коркунуч болбойт жана алар дүйнөгө жана анын жыргалчылыктарына байланыштуу өткөрүп жиберген нерселери үчүн өкүнүшпөйт. info
التفاسير:

external-link copy
278 : 2

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَذَرُواْ مَا بَقِيَ مِنَ ٱلرِّبَوٰٓاْ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ

Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корккула. Эгерде силер Аллахка жана Анын сүткорлуктан тыюусуна чындап ыйман келтирсеңер, анда адамдардагы сүткорлуктан калган мал-мүлкүңөрдү талап кылбагыла. info
التفاسير:

external-link copy
279 : 2

فَإِن لَّمۡ تَفۡعَلُواْ فَأۡذَنُواْ بِحَرۡبٖ مِّنَ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦۖ وَإِن تُبۡتُمۡ فَلَكُمۡ رُءُوسُ أَمۡوَٰلِكُمۡ لَا تَظۡلِمُونَ وَلَا تُظۡلَمُونَ

А эгер силерге айтылган буйрукту аткарбасаңар, анда Аллах жана Анын элчиси тараптан согуш болорун анык туюп билгиле. Эгер Аллахка тообо кылып, сүткорлукту таштасаңар, анда үстүнө пайда кошулбаган карыз мал-мүлкүңөр өзүңөргө тиешелүү болот. Мал-мүлкүңөрдүн үстүнө үстөк пайыз кошуп алуу менен эч кимге зулум кылбайсыңар жана андан кемитилип силерге да зулум кылынбайт. info
التفاسير:

external-link copy
280 : 2

وَإِن كَانَ ذُو عُسۡرَةٖ فَنَظِرَةٌ إِلَىٰ مَيۡسَرَةٖۚ وَأَن تَصَدَّقُواْ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ

Эгер силер карызды талап кылган адам кудуретсиз болуп, карызын төлөй албай жатса, анда ал акча тапканга чейин жана карызын кутулууга мүмкүнчүлүк болгонго чейин сурабай коё тургула. Карызды сурабастан ага садака кылып койгонуңар же анын бир бөлүгүн кечип жибергениңер, өзүңөр үчүн жакшы, эгер бул кылган ишиңердин Аллах тааланын алдындагы артыкчылыгын билген болсоңор. info
التفاسير:

external-link copy
281 : 2

وَٱتَّقُواْ يَوۡمٗا تُرۡجَعُونَ فِيهِ إِلَى ٱللَّهِۖ ثُمَّ تُوَفَّىٰ كُلُّ نَفۡسٖ مَّا كَسَبَتۡ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ

Баарыңар Аллахка кайтарыла турган жана Анын алдына тура турган күндүн азабынан корккула. Андан кийин ар бир адамга жакшылык же жамандык иштеринин сыйлыгы же жазасы берилет. Аларга жасаган жакшылыктарынын сообу азайтылып же жамандыктарынын жазасы көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт. info
التفاسير:
ಈ ಪುಟದಲ್ಲಿರುವ ಶ್ಲೋಕಗಳ ಉಪಯೋಗಗಳು:
• من أعظم الكبائر أكل الربا، ولهذا توعد الله تعالى آكله بالحرب وبالمحق في الدنيا والتخبط في الآخرة.
Сүткорлук – чоң күнөөлөрдүн бири. Ошондуктан Аллах таала аны жеген адамга бул дүйнөдө согушту жана кемип жок болууну, ал эми акыретте жин ургандай абалда болорун убада кылды. info

• الالتزام بأحكام الشرع في المعاملات المالية ينزل البركة والنماء فيها.
Мал-мүлккө тиешелүү мамилелерде шарият өкүмдөрүн кармануу киреше жана береке алып келет. info

• فضل الصبر على المعسر، والتخفيف عنه بالتصدق عليه ببعض الدَّين أو كله.
Карыздан кыйналган адам үчүн сабырдуулуктун жана анын карызынын бир бөлүгүн же аны толук кечип садака кылуу менен жеңилдик берүүнүн артыкчылыгы. info